Вход в личный кабинет

Тендер - Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын коргондорун сырдоо үчүн краска сатып алуу. №268491718

Описание тендера: Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын коргондорун сырдоо үчүн краска сатып алуу.
Сумма контракта: 88 370,00 KGS Получить финансовую помощь
Начало показа: 15.03.2024
Окончание: 25.03.2024 09:00:00
Тендер №: 268491718
Тип: Запрос котировок Тендерная аналитика
Отрасль: Химия
Регион: Киргизия
Источник: ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
Обеспечение контракта: 2%

Зарегистрируйтесь и получите полную информацию о Заказчике, аналитику по снижению им цены и основным поставщикам.

Лот 1

Предмет контракта: Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын коргондорун сырдоо үчүн краска сатып алуу.
Цена контракта: 52 900,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Щетка (25мм,толщина 12мм,длина 43мм,материал руковотки деревянный). - - 30 Штука
2 Краска тип изделия: эмалевая краска. Цвет белая. Фасовка: 3 литровый аналог атрак. - - 15 Условная банка
3 Колер 10 штук красный, 10 штук желтый, 10 штук синий объем 100 мл. - - 30 Штука
4 Краска тип изделия: эмалевая краска. Цвет красный. Фасовка: 3 литровый аналог атрак. - - 10 Условная банка
5 Краска тип изделия: эмалевая краска. Цвет зеленый. Фасовка: 3 литровый аналог атрак. - - 10 Условная банка
6 Краска тип изделия: эмалевая краска. Цвет синий. Фасовка: 3 литровый аналог атрак. - - 10 Условная банка
7 Уайт спирит, объем: 1 литр каждой банке. - - 25 Условная банка
8 Валик (высота ворса12мм, длинна раб. части 250мм, диаметр 48мм, толщина шубки 12мм ,пластик). - - 20 Штука
Лот 2

Предмет контракта: Айыл өкмөтүнө керектелүүчү чарбалык товарларды сатып алуу.
Цена контракта: 35 470,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Перчатки строительные. Тех характеристика и фото прилагается. - - 200 Пара (2 шт.)
2 Полиэтиленовый мешки. фото прилагается. - - 100 Штука
3 Траверс для столб, фото прилагается. - - 4 Штука
4 Кабель для электр энергии. Размер: 3х10 - - 30 Метр
5 Кабель для электр энергии. Размер: 2х4 - - 50 Метр
6 Люстра Длина 720 мм Ширина 720 мм Высота 314 мм Источник света сменная лампа Диаметр потолочной чаши 120 мм Количество ламп 6 шт. Степень пылевлагозащиты IP20 Цоколь E27 Материал арматуры металл Цвет арматуры хром Материал плафона, абажу фото прилагается. - - 1 Штука
7 Светодиодные лампы Е27, 15Ват. - - 20 Штука
8 Веник пластиковая фото прилагается. - - 2 Штука
9 Ведро оцинкованное, объем 12 литров. - - 20 Штука
10 Стальной проволоки диаметр 3 мм. - - 30 Метр
11 1) Штыковая лопата 3 штук. комплект. 2) Совковая лопата 3 штук комплект. Деревянный держатель 120 см. - - 6 Штука
12 Кетмень большой, комплект. Деревянный держатель 120 см. - - 6 Штука
Задать вопрос по тендеру: 
Документация
Rekvizit Dostuk ao.docx 21 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Щетка.docx 113 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Перчатки.docx 83 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Мешок.docx 41 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Люстра.docx 72 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Веник пластиковый.docx 1,0 МБ 15.03.24 06:23 Действующая
Лопата.docx 82 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Кетмен.docx 45 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Извещение.html 10 КБ 15.03.24 06:23 Действующая
Инструкция товары работ и услуг..docx 120 КБ 20.03.24 09:26 Действующая

Оглавление

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть18 Извещение Информация об организации Наименование организацииДостукский айыл Окмоту Достукского айылного аймака Фактический адресул.Рыскулов Рабочий телефон▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть Осталось до закупки * Все объявления данной организации * Лоты - Посмотреть таблицу с даннымиЗагрузка .....
Квалификационные требования - Посмотреть таблицу с даннымиСпециальные требования Предзакупочное совещаниеНе предусмотрено - Посмотреть таблицу с даннымиКритерии оценки предложений - Посмотреть таблицу с даннымиОсобые условия контракта Гарантийное обеспечение исполнения контракта2.0% Упаковка 1Товарлар сапаттуу жана жаны, атайын баштыкчалар менен оролуп келүүсү талап кылынат. Страхование товараНе предусмотрено Сопутствующие услугиНе предусмотрено Банковское сопровождение контрактаНе предусмотрено Технический контроль и испытания - Посмотреть таблицу с даннымиЗапасные частиНе предусмотрено Гарантия Гарантийный период: 6 ай.
Обеспечить исправление дефектов по гарантии: Кардардын билдирүүсүн алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде

Неустойка за невыполнение гарантийных обязательств - Посмотреть таблицу с даннымиДокументы, которые должны быть предоставлены поставщиком при поставке товара - Посмотреть таблицу с даннымиУрегулирование споровСпоры, возникающие из настоящего контракта или в связи с ним, подлежат разрешению в Суд общей юрисдикции Кыргызской Республики Протокол Проект контракта Платеж - Посмотреть таблицу с даннымиНеустойкиЗа несвоевременную поставку - Посмотреть таблицу с даннымиЗа несвоевременную оплату - Посмотреть таблицу с даннымиFP NEРазъяснений на странице Rows Per Page Rekvizit_Dostuk_ao

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

НООКЕН РАЙОНУ НООКЕНСКИЙ РАЙОН

ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ АЙЫЛЬНЫЙ ОКМОТ ДОСТУК

Шамалды-Сай айылы, Рыскулов көчөсү село Шамалды-Сай,ул.Рыскулова

телефон (03▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьфакс▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьтелефон (03▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьфакс▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть

эл.дарек ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть эл.почта ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть код ОКПО▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьИНН▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть10029 код ОКПО▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьИНН▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть10029 __________________________________________________________________________________________

Форма для закупающих организаций

Достук айыл окмоту, настоящим сообщает банковские реквизиты. Сведения могут быть использованы исключительно для целей и нужд по безналичному начислению гарантийного обеспечения тендерной заявки (ГОКЗ) поставщиками в электронной системы государственных закупок.

Со своей стороны, ответственно подтверждаем, что все указанные данные действительны.

Все претенденты на участие в тендере должны предоставить свои тендерные заявки вместе с гарантийным обеспечением тендерной заявки в размере указанной в тендерной документации, перечисленным на счет закупающей организации по следующим реквизитам.

- Посмотреть таблицу с данными

***В назначении платежа указывать «за ГОКЗ на конкурс №______», опубликованного на Официальном портале государственных закупок КР http://zakupki.gov.kg.»

Руководитель ________________________________

(подпись) (ФИО)

(МП)

Веник_пластиковый

Инструкция_товары_работ_и_услуг.

2-Тирекеме

Кыргыз Республикасынын

Финансы министрлигинин

2023-жылдын “14”ноябры

№ 7-б буйругу менен

Бекитилген

Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары

1-бөлүм

Сатып алуу жөнүндө жалпы маалымат: Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы бак дарактарды актап сырдоо максатында акиташ сатып алуу.

Берүүчүлѳргѳ квалификациялык талаптарды коюу менен котировкаларды суратуу методу

Суммасы▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьсом.

Берүүчүнүн сунушунун жарактуу мѳѳнѳтү 30 күн;

Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыз кылуу ѳлчѳмү 2%

Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыз кылуунун жарактуу мѳѳнѳтү 42 күн

Контаркты аткарууну кепилдик камсыз кылуунун ѳлчѳмү 2%

2-бөлүм

Техникалык өзгөчөлүктөрү менен лоттор, сатып алуулардын көлөмү, орду жана жеткирүү убактысы, буюмдун сапатын тастыктаган документтерине талап.

- иштин көлөмүнүн ведомосту, чыгымдалуучу материалдардын таблицасы, чыгымдалуучу материалдарга техникалык спецификациялар, жумуштарды аткаруунун графиги;

3-бөлүм

Берүүчүлөр үчүн нускама

  • Бул бөлүм типтүү бөлүм болуп саналат жана ар бир сатып алуу боюнча,
  • берүүчүлөр үчүн сатып алуучу уюм/Агент веб-порталда сатып алуу предметине жараша өзүнчө типтүү нускаманы иштеп чыгат жана ага жетүүнү камсыз кылат.

    2. Берүүчүлөргө, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизилген алардын жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүн курамына субберүүчү же жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу катары катышкан жетекчилерге мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

    3. Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жактар болсо, берүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

    4 Эгерде бир берүүчүнүн катышуучулары жана башкаруу органдарынын мүчөлөрү башка берүүчүнүн катышуучуларына, башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата жакын туугандары жана жакын адамдары болсо, берүүчүлөргө бир сатып алууга катышууга тыюу салынат.

    5. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен төмөнкү учурларда сатып алуулар жөнүндө контракт же алкактык макулдашуу түзө албайт:

    - эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болсо;

    − эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү жетекчинин, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн кызматкеринин/агентинин жакын тууганы же жакын адамы болсо;

    - эгерде аффилирленген жак болсо;

    − эгерде бул сатып алууда анын сунушун даярдоо үчүн сатып алуучу уюмда/Агенттен сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого мурда жооптуу болгон адам тартылса.

    6. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирленгендиги жоктугу тууралуу ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык менчик ээлери жөнүӊдө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат веб-порталда же электрондук каталогдо ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.

    7. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган коррупция, алдамчылык, кутум жана мажбурлоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого тийиш.

    8. Сатып алуучу уюм тарабынан ушул Нускаманын▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьпункттарында көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш.

    9. Берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу документтеринин жоболору боюнча түшүндүрүүнү талап кыла алышат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен веб–портал аркылуу мындай суроо-талапка жооп берет.

    Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мында мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мөөнөттөрдү узартуу жөнүндө бардык катышуучуларга автоматтык түрдө кабарлоолорду жөнөтөт

    10. Берүүчү төлөп бериши керек, жана сатып алуу жөнүндөгү документтерде белгиленген өлчөмдө жана формада сунушту кепилдикти камсыздоо үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө документалдык далилдерди тиркеши керек. Сунушка кепилдикти камсыздоо сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин күчүндө калууга тийиш. Сунуштарды кепилдик камсыздоону акча каражаттары түрүндө берилген учурда, берүүчү сунуштар ачылган учурга чейин сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине сатып алуунун номерин көрсөтүү менен алардын келип түшүүсүн камсыз кылат. Банктык кепилдик формасында берген учурда 3 жумуш күндѳ сатып алуу уюмга кепилдиктин түп нускасын тапшыруусу шарт, тапшырылбаган учурда берүүчүнүн сунушун четке кагууга негиз болот.

    11. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо төмөнкү учурларда кармалат:

    - сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарында жана берүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартуу, эгерде мындай баш тартуу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар болгонго чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан учурларды кошпогондо;

    - эгерде мындай кепилдикти камсыздоону берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралса, контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоодон баш тартуу;

    - берүүчүнүн сунушу ачылгандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра чакыртып алынганда;

    - сунуштарды ачкандан кийин берүүчүнүн сунуш шарттарынын өзгөрүшү.

    12. Берүүчүлөр сатып алуу документтеринде белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештиги жөнүндө маалымат берип, документалдык далилдерди тиркеши керек:

    - сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык мезгилин көрсөтүү менен лоттун же сатып алуунун суммасына сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документтик жактан тастыкталган окшош тажрыйбасынын болушу (эгерде сатып алуу бир лот боюнча жүргүзүлсө). Ырастоо үчүн берүүчүлөр аткарылган контракттардын көчүрмөлөрүн катышуучу лоттордун суммасына жараша тиркөөгө тийиш (бир нече лотторго сунуш берилген учурда, сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына ылайык аткарылган контракттардын көчүрмөлөрү бардык лоттордун суммасына пропорционалдуу түрдө берилет);

    - чыгымдардын жоктугу жана финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу (сатып алуучу уюм/Агент сураган акыркы жыл үчүн бардык тиркемелери менен финансылык отчеттун же бирдиктүү салык декларациясы, банктан көчүрмө менен тастыкталат);

    - Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу берүүчү сунуш берген күнгө карата 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору эмес. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн - жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыздар жөнүндө маалымат. Резидент эмес берүүчүлөр катталган өлкөдөгү расмий органдардан сатып алууларга катышуу мезгилине маалымкат беришет;

    - кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу (берүүчүнүн жетекчисинин колу коюлган кат менен ырасталат);

    - лицензиянын тиркемелери менен көчүрмөсүн жана лицензиянын суралган деңгээлин берүү менен лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - лицензияны Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде тараптар өз ара тааныган учурда лицензияны алган өлкөнүн лицензиясынын болушу);

    - контрактты аткаруу үчүн сатып алуучу уюм/Агент сураган материалдык-техникалык базанын болушу. Материалдык-техникалык базанын бар экендигин тастыктоо үчүн берүүчүлөр материалдык-техникалык базанын бар экендиги жөнүндө документтерди, суралган ар бир техника бирдиги боюнча техникалык паспорттун көчүрмөсүн же контрактты аткаруу мезгилин камтыган ижара контрактын (келишимин) тиркөөгө тийиш;

    - тиешелүү квалификациядагы, зарыл билими жана тажрыйбасы бар кызматкерлердин бар экендигин тастыктоо үчүн берүүчүлөр сураган ар бир квалификациялуу адис боюнча эмгек китепчелеринин, контракттарынын, дипломдун жана сертификаттардын көчүрмөлөрүн тиркөөгө тийиш.

    13. Контрактты ыйгаруу үчүн, Берүүчү сатып алуу документтериндеги бардык белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

    14. Эки же андан көп адамдан турган жөнөкөй шериктештик тарабынан берилген берүүчүнүн сунушу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

    - жетектөөчү өнөктөш сатып алуу жөнүндө документтерде же алдын ала квалификациялык документтерде белгиленген квалификациялык талаптардын 40 пайызынан кем эмесине, ал эми калган өнөктөштөр 10 пайыздан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш;

    - жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн тажрыйбасы, жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде же квалификациялоонун алдындагы документтерде белгиленген талаптарга 100 пайызга ылайык келүүгө тийиш. Ушул талаптарга жооп бербеген учурда жөнөкөй шериктештиктеги берүүчүнүн сунушу четке кагылат;

    - өнөктөштөрдүн бири жетектөөчү болушу керек, ишеним кат менен тастыкталган, милдеттенмелерди аткарууга жана каалаган өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү алууга укуктуу;

    - берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосу үчүн акы төлөө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик сатып алууга катышууга сунуш берген жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) берүүчүсүү/жетектөөчү өнөктөшү тарабынан гана жүзөгө ашырылат;

    - ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өнөктөштөр ортосунда түзүлгөн макулдашууну камтууга тийиш. Макулдашууда башка нерселер менен катар, бардык өнөктөштөр Контракттын шарттарына ылайык Контракттын аткарылышы үчүн биргелешип жооп беришет жана башкы өнөктөш милдеттенмелерди аткарууга жана каалаган өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү алуу укугу, ошондой эле Контрактты аткаруу боюнча бардык операциялар, анын ичинде төлөмдөр башкы өнөктөш менен гана жүргүзүлөөрү көрсөтүлөт;

    - жөнөкөй шериктештиктен (консорциумдан) сунушка башкы өнөктөш кол коюшу керек;

    - сунуш веб-порталда жөнөкөй шериктештик келишими менен аныкталган алдыңкы өнөктөштүн жеке кабинетинен гана берилет;

    15. Жөнөкөй шериктештиктин сунушу жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга туура келбеген учурда, сунуш четке кагылат.

    16. Ар бир берүүчү сатып алууга катышуу үчүн бир гана сунушту өз алдынча же жөнөкөй шериктештикте бере алат. Эгерде берүүчү бир нече сунушту өз алдынча же жөнөкѳй шериктештикте сунуштаса, анда ал берүүчүнүн бардык сунуштары четке кагылат.

    17. Сатып алууну биринчи этапта чексиз ыкма менен сүйлөшүү жолу менен жүргүзгөн учурда, сатып алуучу уюм/Агент:

    - сатып алуунун биринчи этабы үчүн сатып алуучу уюм товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык жана башка мүнөздөмөлөрүнө; аларды берүүнүн контракттык шарттарына, ал эми зарыл учурларда - берүчүлөрдүн кесиптик жана техникалык компетенциясына, квалификациялык маалыматтарына тиешелүү сунуштарды тартат;

    - биринчи этапта сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр менен техникалык спецификацияларды, аткаруу методикасын өзүнчө же берүүчүлөр менен бирдикте талкуулайт жана бардык берүүчүлөргө ушундай талкууларга ошол эле шарттарда катышуусун камсыз кылат. Эгерде биргелешкен талкууларды өткөрүү берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылса гана ар бир берүүчү менен өзүнчө талкуулоого уруксат берилет;

    - биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалымат жана сүйлөшүүлөрдүн маңызы көрсөтүлөт;

    - экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө жөнөтөт;

    - биринчи пакетте баштапкы сунуштары четке кагылбаган бардык берүүчүлөрдү кайра каралган сатып алуу шарттарын эске алуу менен акыркы техникалык жана финансылык сунуштарды берүүгө чакырат.

    18. Сатып алуучу уюмга/Агентке сатып алуу предметин өзгөртүүгө тыюу салынат, бирок сатып алуу предметинин сыпаттамасынын аспектисин төмөнкүлөр аркылуу тактоого уруксат берилет:

    - сатып алуу предметинин баштапкы көрсөтүлгөн техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн кайсы болбосун аспектисин алып салуу же өзгөртүү жана Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы мүнөздөмөлөрдү кошуу;

    - эгерде бул критерийлер сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө тиешелүү болсо, сунушту карап чыгуу же баалоо үчүн, же Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы критерийлерди алып салуу же өзгөртүү;

    - ар кандай четтетүү, өзгөртүү, кошуу же акыркы сунуштарды берүү жөнүндө билдирүүлөр.

    19. Чектелбеген метод боюнча сүйлөшүүлөр менен сатып алуунун жеңүүчүсү деп эки этапка теӊ катышкан берүүчү таанылат.

    Сунуштарды даярдоо жана берүү

    20. Берүүчүлөр сатып алуу жөнүндө документтер камтыган бардык шарттарды жана нускамаларды карап чыгышы керек. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан суралган кандайдыр бир маалыматтын жоктугу үчүн жоопкерчилик берүүчүгө жүктөлөт жана сунушту четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.

    21.Тапшыруу үчүн, берүүчү өз сунушун даярдайт:

    - берүүчүнүн сунушу, ошондой эле бул сунушка тиешелүү документтер сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде түзүлүшү керек. Эгерде сунушка башка тилдеги документтер (сертификаттардын көчүрмөлөрү, техникалык документтер, жарнамалык продукция ж.б.) тиркелсе, анда мындай документтерде сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде котормосу менен нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек;

    - акча каражаты болгон учурда сунушту кепилдик камсыздоону сатып алуучу уюмдун эсебине киргизет.

    22. Техникалык жана финансылык сунушка кирген документтер. Берүүчүнүн сунушу төмөнкүлөрдү камтыйт:

    - берүүчүнүн мөөрү жана кол тамгасы менен толтурулган сунуштун формасы;

    - сапатты ырастоочу документтери (сертификат же декларация) менен сунушталган товардын техникалык спецификациясы;

    - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан лоттор бөлүмүндө сатып алуу жөнүндө документтердин лотторунда белгиленген техникалык спецификациялары менен чыгымдалуучу материалдарга баасы жок (чектөөсүз метод болгон учурда) чыгымдалуучу материалдардын таблицасы;

    - Техникалык тапшырманы аткаруу методикасы же жумуштун, кызмат көрсөтүү көлөмүнүнүн ведомосту, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу менен байланышкан товарларга техникалык спецификациялар, товарлардын сапатына ырастоочу документтер, чиймелер, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги;

    - квалификациялар боюнча белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу документтери менен толтурулган “Квалификациялар жөнүндө маалыматтар” формасы;

    - эгерде сунушка ишкананын жетекчиси кол койсо, анын ыйгарым укуктарын ырастаган уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет;

    - берүүчүнүн атынан милдеттенмелерди кабыл алуу ыйгарым укуктарын ырастаган, сунушка кол коюу укугуна ишеним кат, эгерде ал жак кол койгон болсо;

    - курулуш этаптарына жана ремонтту аткаруу мөөнөттөрүнө бөлүнгөн товарларды/жумуштарды өндүрүүнү берүү графиги;

    - сатып алуу жөнүндө документтерде каралган өлчөмдө жана формада Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо.

    23. Финансылык сунуш:

    - Финансылык сунуштун толтурулган формасы, мөөрү жана кол тамгасы менен;

    - ар бир лот боюнча баалардын таблицасы;

    - жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү жана көлөмү боюнча бирдиктүү баалар менен толтурулган жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту;

    - бардык салыктарды жана чыгымдарды эске алуу менен бардык түрдөгү баалар менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасынын толтурулган формасы;

    - сметаны - ар бир лот боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы наркы.

    24. Сунуштун баасы:

    - иштин ар бир түрү жана көлөмү боюнча бирдиктүү баалар менен иштин көлөмүнүн толтурулган ведомосту (смета – жумуштун жалпы наркы);

    - Берүүчү көрсөткөн баалар товарларды берүүгө, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга байланыштуу Берүүчү төлөөчү бардык чыгымдарды, салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды камтууга тийиш;

    - Берүүчү сунуш кылган баалар сунуштун мөөнөтү жана Контракттын аткарылышы үчүн туруктуу бойдон калууга тийиш жана эч кандай шартта өзгөрбөөгө тийиш (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары). Баанын өзгөрүшүнө жол берген сунуш сатып алуу документтеринин негизги шарттарына жооп бербеген сунуш катары каралат жана четке кагылат.

    25. Сунуштун валютасы жана төлөмдөр:

    - баалар сатып алуу документтеринде каралган валютада көрсөтүлүүгө тийиш;

    - эгерде Контракт боюнча төлөө чет өлкөлүк валютага эквиваленттүү суммада улуттук валютада жүргүзүлө тургандыгы белгиленген болсо, анда товар берүүчүгө товарларды берүү үчүн төлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан төлөө күнүнө карата белгиленген тиешелүү валютанын расмий курсу боюнча же Контрактта белгиленген курс боюнча кыргыз сомунда жүргүзүлөт.

    26. Берүүчүнүн сунушунун жарактуулук мөөнөтү:

    - берүүчүнүн сунушу жарактуу болушу керек жана Берүүчү белгилеген мөөнөттө өзгөртүлбөйт же жокко чыгарылбайт;

    - эгерде баалоо жана Контрактка кол коюу сунуштун колдонулуу мөөнөтүндө бүтпөсө, сатып алуучу уюм/Агент Берүүчүлөрдөн сунуштун колдонулуу мөөнөтүн веб-портал аркылуу белгилүү бир мезгилге, колдонулуу мөөнөттүн үчтөн экисинен кечиктирбестен узартууну суранууга укуктуу жана Берүүчүнүн сунуштарынын колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Берүүчү берүүчүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугун жоготпостон, өз сунушунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүнөн баш тартууга укуктуу. Эгерде берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо банк кепилдиги же аккредитив формасында берилсе, анда Берүүчүгө мурда берилген кепилдиктин (аккредитивдин) узартылгандыгы жөнүндө банктын ырастоосун берүү же узартылган колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен берүүчүнүн сунушуна жаңы кепилдик камсыздоо берүү зарыл.

    27. Техникалык сунушта эч кандай финансылык маалымат камтылбашы керек (сатып алууну чектөөсүз методу менен жүзөгө ашырууда).

    28. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө, эгерде Берүүчү экинчи этапка өткөн болсо, ал бир эле учурда акыркы Техникалык жана Финансылык сунуштарды, ошондой эле баалоо үчүн бул документтерде алгач белгиленген өзгөртүлгөн ар кандай критерийлерди берет.

    Финансылык сунуштар

    29. Финансылык сунуш товарды берүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле Контрактта көрсөтүлгөн башка милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу Берүүчү төлөгөн бардык чыгымдарды, салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды камтууга тийиш.

    Сунуштарды ачуу

    30. Чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасынын сунуштарын ачуу жол-жобосунда кызыкчылыктардын жана адам факторунун кагылышуусун болтурбоо максатында берүүчүнүн аталышын шифрлөө үчүн веб-портал тарабынан берилген цифралардын жана символдордун топтому-идентификациялык код ыйгарылат жана төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат (Мыйзамдын 54-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө):

    - биринчи пакетте берүүчүлөрдүн квалификациясын жана техникалык сунуштарын тастыктаган документтер, техникалык мүнөздөмөлөрү бар чыгымдалуучу материалдардын таблицасы, жумуштарды берүү/өндүрүү графиги (курулуш учурунда) ачылат;

    - экинчи пакетте квалификациялык, техникалык сунуштар жана пайдаланылуучу чыгымдалуучу материалдардын сапаты боюнча биринчи этаптан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу биринчи пакетти баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү өткөндөн кийин ишке ашырылат.

    31. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методдун экинчи этабында веб-портал сатып алуу документтеринде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин акыркы сунушту ачат.

    Сунуштарды баалоо.

    32. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо Мыйзамга жана сатып алуу документтеринде белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.

    33. Баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон учурларда, сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу өз сунуштарын берген бардык берүүчүлөргө жарактуулук мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кечиктирбестен сунуштардын мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө милдеттүү жана сунуштардын мөөнөтү аяктагандан кийин мөөнөттү узартууга жол берилбейт. Өз сунуштарынын колдонулуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр бул макулдукту веб-портал аркылуу өз сунушун өзгөртпөстөн берүүгө тийиш, ошондой эле сунуштарды кепилдик камсыздоону колдонуу мөөнөтүн узартууга тийиш.

    34. Берүүчүлөр сунуштардын мөөнөтүн узартпоого укуктуу, мындай учурда алардын сунушу четке кагылат.

    35. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоо учурунда берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча тактоочу жана/же түшүндүрүүчү мүнөздөгү түшүндүрмөлөрдү гана сурай алат. Түшүндүрмө боюнча бардык суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилет.

    36. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн сунуштарын баллдык же стандарттык баалоо системасы боюнча баалайт. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндөгү документтерде баалоо системасын көрсөтөт. Баллдык баалоо системасын колдонгон учурда, өтүү баллдын көлөмүн көрсөтөт.

    37. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү себептерден улам белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген сунуштарды четке кагат:

    - берүүчүлөр ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында болсо;

    - акциялардын контролдук мамлекеттик пакети (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү) бар мамлекеттик ишканалар же чарба жүргүзүүчү коомдор болуп саналган берүүчүлөрдү кошпогондо, берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар, алардын салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы 10 (он) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган сумманы түзсө;

    - компаниянын акыркы жылдагы жоготууларынын болушу (башка жылдардагы кирешелүүлүккө/чыгымга карабастан);

    - берүүлөрдүн (берилген лотко ылайыктуу), жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн окшош берүүлөрдө же аткарылган жумуштарда/кызмат көрсөтүүлөрдө көрсөтүлгөн тажрыйбасынын, контракттардын жана/же аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрүнүн жоктугу (эгерде документацияда талап кылынса);

    - маанилүү эксплуатациялык параметрлердин же башка талаптардын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылбаган башка конструкция же продукция ордуна сунушталганда техникалык шарттарды аткарбаса;

    - берүүчүнүн алдын ала төлөө жөнүндө талабынын болушу (эгерде мындай нерсе сатып алуу документтеринде каралбаса), сатып алуу документтеринде аткаруу фактысы боюнча төлөө талабы белгиленсе;

    - финансылык мүмкүнчүлүктүн жоктугу;

    - курулушка жана оңдоого жумуштарды аткаруунун графиги талап кылынган даталар же жумуштардын аткарылышынын контролдук көрсөткүчтөрү же оңдоону аткаруу мөөнөтү менен дал келбесе;

    - контрактты аткарууга жабдуунун, техниканын менчикте же ижара укугунда жоктугу;

    - документтердин квалификациялык талаптарына жооп бербеген кошумча суб-берүүчүлөрдү тартуу;

    - колдонулуучу укук, салыктар жана алымдар, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболору сыяктуу маанилүү жоболорго карама-каршылык;

    - берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоону бербөө же толук эмес берүү, ошондой эле сунушту кепилдик камсыздоону документтерде талап кылынган форма боюнча эмес берүү;

    - берүүчүнүн сунушунун колдонулуу мөөнөтү сатып алуу документтери талап кылган мөөнөттү камтыбайт;

    - лицензиянын жоктугу (эгерде иш лицензияланса);

    - квалификациялуу кызматкерлердин жоктугу.

    38. Берүүчүнүн баа сунушунан сатып алуунун пландаштырылган суммасы ашып кеткен учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат жана бул маалыматты сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна киргизет.

    39. Акыркы баалоо веб-портал тарабынан техникалык жана финансылык сунуштар үчүн баллдардын суммасын кошуу жолу менен жүргүзүлүшү керек.

    40. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпинге каршы чаралар Мыйзамдын 24-беренеси менен жөнгө салынат.

    Контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирме. Контрактты түзүү.

    41. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколу жарыялангандан кийин, веб-портал автоматтык түрдө сатып алуунун жеңүүчүсүнө контракттын ыйгарылганы жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Жеңүүчү деп табылган берүүчү аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүүнү 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш.

    42. Белгилүү бир жеңүүчү билдирүүдөн ырасталбаган же баш тарткан учурда сатып алуучу уюм рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.

    43. Жеңүүчү, контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирүү ырасталгандан кийин контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоосун берүүгө жана контрактка кол коюуга тийиш.

    44. Сатып алуунун жеңүүчүсү, Мыйзамдын 50-беренесинин 5,6-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине контракттын аткарылышын кепилдикти камсыздоосун берүүгө тийиш.

    45. Сатып алуу уюуму Контракты аткарылышын кепилдикти камсыздоосун , Мыйзамдын 50-беренесин жетекчиликке алып, 2-бѳлүгүнүн негизинде 50%га тѳмѳндѳтѳт.

    46. Контракт берүүчүнүн сунуш шарттарында электрондук жазуу жүзүндө түзүлөт жана тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

    4-бөлүм. Берүүчүнүн сунушунун типтүү формалары

    47. Берүүчүнүн сунушунун типтүү формалары сунушту даярдоодо пайдаланылууга тийиш:

    - 1 - форма. Берүүчүнүн сунушу;

    - 2.2 формасы. Жумуштарга сунушту түзүү жана берүү;

    - 3.1 формасы. Жумушту өндүрүү графиги;

    - 4 - форма. Квалификация жөнүндө маалымат;

    - 5 - форма. Аффилирленүү тууралуу маалымат;

    1-форма

    Берүүчүнүн сунушу

    Кулактандыруунун №: ________________

    Кимге: _______________________

    Сатып алуунун аталышы: ___________________

    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулардын http://zakupki.gov.kg / расмий порталында жарыяланган сатып алуу боюнча документтерди изилдеп чыгып, биз, төмөндө кол койгондор, товарларды, жумуштарды жана кызматтарды берүүнү сунуштайбыз.

    лот (тор) ___________________________________________________, сатып алуу документтеринин бардык шарттарына жана талаптарына ылайык, толтурулган баа таблицасы менен тастыкталган, бул берүүчүнүн сунушунун бир бөлүгү болуп саналат.

    Биз, анын ичинде толук шериктештиктин бардык мүчөлөрү жана суб-берүүчүлөр, ушул сатып алуу документтерине ылайык контракттын кайсы болбосун бөлүгүнө карата, катышуучунун ыйгарым укугунун толтурулган шарттарына ылайык бул сатып алууга катышууга ыйгарым укугубузду ырастайбыз.

    Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында түзүлгөн жана берилген биздин сунуш жеңүүчү деп табылган учурда биз төмөнкүлөргө милдеттенебиз:

    1) Берүүчүнүн сунушуна камтылган бардык документтердин түп нускасын берүүгө

    2) Сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга/берүүгө.

    Расмий контракт даярдалганга жана таризделгенге чейин, бул сунуш сиздин кабыл алганыңызды ырастооңуз жана контрактты ыйгаруу тууралуу билдирүүңүз менен бирге биздин ортобуздагы милдеттүү контракттын ролун аткарат.

    Биз, сиз берүүчүнүн эң арзан бааланган нарктагы сунушун же сиз тараптан алынган кайсы болбосун сунушту кабыл алууга милдеттүү эмес экениңизди түшүнөбүз.

    Бул сатып алууга катышуу үчүн берүүчүнүн сунушуна кол коюуга толук ыйгарым укуктарга ээ болгон _________________________

    2.2. формасы

    Жумуштарга сунушту түзүү жана берүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    Эскертүү:

    Берүүчү “Жумуштардын көлөмүнүн ведомостуна” киргизилген жумуштун бардык түрлөрү боюнча бааларды көрсөтөт. Берүүчү баа койбогон жумуштун түрлөрү, алар аткарылгандан кийин сатып алуучу уюм/Агент тарабынан акы төлөнүүгө тийиш эмес. Эгер берүүчү баалабаса же бааны көрсөтпөсө, ал сунушта жумуштун кайсы түрлөрүнө киргизилгендигин көрсөтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде берүүчү төлөөгө милдеттүү болгон бардык алымдар, салыктар жана башка жыйымдар сунуштун наркына киргизилүүгө тийиш.

    Чиймелер

    - Посмотреть таблицу с данными

    3.1. формасы

    Жумуш өндүрүшүнүн сунушталган графиги

    - Посмотреть таблицу с данными

    ____________________ ________________ ________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    4- форма

    Квалификация жөнүндө маалымат

    1.1.Берүүчүнүн аталышы: _____________________

    1.2.Берүүчүнүн юридикалык дареги:_____________________

    1.3. Берүүчүнү каттоо датасы: _________________ (Уставдын жана каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркегиле).

    1.4. Иштин негизги түрү: ____________________________________________

    (эгер иш лицензияланса, лицензиялардын көчүрмөсүн тиркегиле)

    • _________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз) окшош контракттардын жалпы көлөмү ____________________сом контракттардын же товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын көчүрмөлөрүн берүү менен берилет.
    - Посмотреть таблицу с данными

    2.2. Учурдагы жана аякталбаган жумуштар жөнүндө _________ (Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди сатып алуу жөнүндө документтерде, бүткөрүлбөгөн объекттердин 70 пайыздан төмөн экендигин көрсөтүңүз.

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.2. Контрактты аткаруу үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде талап кылынган жумушчулардын, адистердин квалификациясы жана тажрыйбасы (орнотуу жана монтаждоо менен механизмдердин жабдууларын сатып алуу учурунда). Жергиликтүү эмгек ресурстарын көрсөтүү (паспорттордун, дипломдордун, сертификаттардын, Эмгек китепчелеринин, контракттардын көчүрмөлөрүн берүү менен).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.3. _________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз, бүтпөгөн объекттердин 70 пайыздан төмөн болушу) учурдагы жана аякталбаган жумуштар жөнүндө маалымат.

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.4. Температуралык режимди сактоону талап кылган, сатып алуу документтеринде талап кылынган, сатып алуучу уюм/Агент талап кылган иштерди аткаруу үчүн талап кылынган товарларды берүү үчүн жабдуучунун жабдууларынын негизги түрлөрү. Тастыктоочу документтерди тиркөө (техникалык паспорттор, контракт (ижара келишими).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.5. Персоналдын орто тизмедеги саны (алардын канчасы жергиликтүү эмгек ресурстары экендигин көрсөт).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.6. Сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган контрактты аткаруу үчүн негизги административдик жана линиялык кызматтарга сунушталган кызматкерлердин квалификациясы жана тажрыйбасы. Жергиликтүү эмгек ресурстарын көрсөтүү (паспорттордун, дипломдордун, сертификаттардын, эмгек китепчелеринин, контракттардын көчүрмөлөрүн тиркөө менен).

    - Посмотреть таблицу с данными

    3. Берүүчү жөнөкөй шериктештиктин атынан сунуш берген учурда.

    3.1. Квалификация жөнүндө маалымат 2.1. пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар жөнөкөй шериктештиктин ар бир өнөктөшү боюнча берилет.

    3.2. Жөнөкөй шериктештиктин атынан ага же аларга сунушка кол коюу укугун берүүчү, сунушка кол койгон адамдын же адамдардын атына ишеним катты тиркегиле.

    3.3. Жөнөкөй шериктештик өнөктөштөрдүн ортосундагы Макулдашууну тиркегиле (бардык өнөктөш тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон), ал төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

    (а) бардык өнөктөштөр контракттын шарттарына ылайык контракттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

    (б) өнөктөштөрдүн бири милдеттенмелерди кабыл алуу укугун алуу менен жетектөөчү болуп дайындалат жана ар кандай өнөктөштөрдүн атынан жана жөнөкөй шериктештик боюнча бардык өнөктөштөрдөн нускама алат;

    (в) төлөмдөрдү кошкондо, контракттын бардыгын аткаруу толугу менен жетектөөчү өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт.

    4.1. _____________________________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз) берүүчүнүн финансылык иши тууралуу маалымат.

    ______________________________________

    (баланстардын, чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчеттордун, акча каражаттарынын агымы жөнүндө отчеттордун, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттордун, же бирдиктүү салык декларациясынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркеп, тиркелген документтерди көрсөтүңүз).

    5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздардын бар же жок экендиги веб-портал тарабынан сунуш берүүдө берүүчүнүн жеке кабинети аркылуу суроо-талапка ылайык тастыкталат.

    6. Кошумча талаптар.

    Берүүчү (уюштуруучулар, катышуучулар, жетектөөчү курамдын мүчөлөрү) аффилирленбегендигин, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтын жоктугун ырастайт.

    5- форма

    Аффилирленүү тууралуу маалымат

    Ушул кат менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, компанияда (беррүүчүнүн/подрядчынын толук аталышы) сатып алуучу уюмдун (учурдагы дата) бул күнгө карата аффилирленген абалы жок/(аффилирленген абалда турат) экендигин билдиребиз.

    Бенефициардык ээлердин тизмеси:

    - (жеке жактардын аты-жөнү).

    Эгерде туура эмес маалымат берсек, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартыларыбызды ушуну менен тастыктайбыз.

    6- форма

    Өндүрүүчүнүн авторизациясы

    69. Эскертүү: бул форма кашаанын ичинде берилген нускамаларга ылайык сунушталган товарларды, жумуштарды жана кызматтарды өндүрүүчү (даярдоочу) тарабынан толтурулат: (нускама); толтуруу боюнча нускамалар документтин акыркы версиясында алынып салынышы керек. Бул форма көрсөтмө болуп саналат,

    ______________ (өндүрүүчүнүн фирмалык бланкында анын реквизиттерин көрсөтүү менен басып чыгарыңыз)

    Сатып алуунун аталышы:________________________

    _____________________________(сатып алуу жөнүндө документтердин “Жалпы маалыматтар” бөлүмүндөгүдөй сатып алуунун аталышын көрсөтүңүз)

    Сатып алуу номери: ________________ (сатып алуу жөнүндө документтердин "Жалпы маалыматтар" бөлүмүндөгүдөй сатып алуу номерин көрсөтүңүз)

    Сатып алуучу уюм/Агент: ________________(сатып алуу жөнүндө документтердин "Жалпы маалыматтар" бөлүмүндөгүдөй, сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз)

    (Берүүчүнүн аталышы) (мындан ары берүүчү" деп аталуучу) жогоруда көрсөтүлгөн сатып алуунун алкагында өзүнүн сунушун (сунуш формасында көрсөтүлгөндөй дата) (сунушталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпаттамасы) (мындан ары "сунуш"деп аталуучу) бергендигин эске алуу менен,

    Муну менен биз жалпыга маалымдайбыз,

    Фирма _____________________ (авторизация берген өндүрүүчүнүн аталышын көрсөтүңүз) __________________________дареги боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктары бар (сунуш кылынган товарлар чыгарылган заводдун же фабриканын дарегин көрсөтүңүз) _______________________ (сунушталган товарларды атагыла) даярдоочу болуп саналган ____________________(мындан ары "өндүрүүчү" деп аталуучу) _________________ (берүүчүнүн аталышы жана юридикалык дареги) сунуш берүүгө жана андан кийин сатып алуучу уюм/Агент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана биздин фирма тарабынан жасалган жогоруда көрсөтүлгөн товарларга контрактка кол коюуга ыйгарым укук беребиз.

    Ошондой эле, биз толук кепилдиктерибизди жогоруда көрсөтүлгөн сатып алуунун алкагында берүүгө сунушталган товарларга жайылтып жаткандыгыбызды тастыктайбыз.

    ______________________________________________________________

    (Өндүрүүчүнүн өкүлүнүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    “_____” 20 __-ж.

    (Эскертүү: эгерде ишеним кат өндүрүүчү тарабынан эмес, анын ыйгарым укуктуу өкүлү (мисалы, дистрибьютор) тарабынан берилген болсо, авторизацияга үчүнчү тараптын Кыргыз Республикасында өндүрүүчүнүн кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укугун тастыктаган документтер тиркелет.).

    7- форма

    Сунуштун кепилдик камсыздоосу

    (банктык кепилдик формасында)

    70. Эскертүү: бул форма кашааларда келтирилген нускамаларга ылайык кепилдик берүүчү банк тарабынан толтурулат: (нускама); толтуруу боюнча нускама документтин акыркы версиясында алынып салынууга тийиш.

    ___________________ (кепилдик берген банктын (филиалдын) аталышын жана юридикалык дарегин көрсөткүлө)

    Сатып алуунун аталышы: _________________

    Кулактандыруунун номери:______________________

    Муну эске алуу менен__________________________________ берүүчү жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында _____________________ (веб-портал сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын түзөт, сатып алынуучу товарлардын аталышын, кулактандыруунун №, датаны түзөт) товарларды берүүгө өзүнүн сунушун берди _________________________________ ( товардын аталышы).

    Муну менен биз жалпыга маалымдайбыз, ____________________________ (кепилдикти берген банктын (филиалдын) аталышын көрсөтүңүз________________________ (кепилдик берген банктын (филиалдын) юридикалык дарегин көрсөтүңүз (мындан ары "Банк" деп аталуучу), биздин милдеттенмелерибиз ___________________________ (сатып алуучу уюмдун/ агенттин аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз) ____________ суммасына (кепилдиктин валютасын жана суммасын көрсөтүңүз), ал боюнча аталган сатып алуучу уюмга/Агентке төлөм толугу менен жана токтоосуз жүргүзүлөт; банк бул милдеттенмелерге өзүнүн атынан жана өзүнүн укук мураскорлорунун жана кепилдеринин атынан милдеттүү. Банкка берилген лицензия кепилдикти камсыздоону берүү боюнча ишти караарын жана бул кепилдикке кол койгон жак(жактар) банктын атынан милдеттенмелерди кабыл алууга укуктуу экендигин жана эгерде директорлор кеңешинин же акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу талап кылынса, анда ал буга чейин алынган жана башка макулдашуу талап кылынбайт.

    Бул милдеттенменин шарттары төмөнкүдөй:

    а) берүүчү тарабынан сунушта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн сунушун чакыртып алат; же

    б) контрактка кол кое албаса же кол коюудан баш тартса; же

    в) сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык контрактты аткарууга кепилдик камсыздоону бере албаса же берүүдөн баш тартса.

    Биз сатып алуучу уюмга/Агентке жогоруда көрсөтүлгөн сумманы анын биринчи жазуу жүзүндөгү суроо-талабын алгандан кийин, сатып алуучу уюмдан/Агенттен бул суроо-талаптын негиздемесин талап кылбастан төлөп берүүгө милдеттенебиз, эгерде сатып алуучу уюм/Агент өзүнүн суроо-талабында жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бири же бир нечеси болгондугуна байланыштуу бул сумма ага тиешелүү экендигин белгилеп, орун алган шартты тактаса.

    Бул кепилдик камсыздоо сунуштун аракеттенүү мөөнөтү аяктагандан кийинки ______________ күн ичинде күчүндө калат жана буга байланыштуу кандай болбосун суроо-талап жогоруда көрсөтүлгөн күндөн кечиктирилбестен банкка берилүүгө тийиш.

    __________________________ ________________ _______________

    (Банктын өкүлүнүн аты-жөнү) (Кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    “___” ___________ 20__- ж.

    8- форма

    Сунушту кепилдикке алуучу декларация

    Кимге: _______________________________________________________________

    Берүүчүнүн сунушун түзүүдө.

    Берүүчү__________________________ (берүүчүнүн аталышы) жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында лоттор боюнча товарларды берүүнү аткарууга өз сунушун _______________________ (сунуштун формасында көрсөтүлгөн дата) берген (лоттордун номерлерин жана лоттун предметин көрсөтүңүз).

    Муну менен берүүчү сатып алуучу уюмдун / Агенттин алдында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алгандыгы жалпыга маалымдалат:

    а) берүүчү тарабынан сунушта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн сунушун чакыртып алат; же

    б) контрактка кол кое албаса же кол коюудан баш тартса; же

    в) сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоону бере албаса же берүүдөн баш тартса.

    Көрсөтүлгөн милдеттенмелердин кайсынысы болбосун аткарылбаган учурда сатып алуучу уюм/Агент бизди “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык “Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына” киргизүүгө демилге көтөрүүгө укуктуу экендиги ушуну менен тастыкталат.

    Ушул декларация сунуштун колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин _________ күн күчүндө калат.

    __________________ (берүүчүнүн аталышы)___________(берүүчүнүн юридикалык дареги)

    ___________________ __________________ ___________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    9 - форма

    Контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация

    Кимге: _______________________________________________________________

    Берүүчү__________________________________ (берүүчүнүн аталышы) жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында лоттор боюнча товарларды берүүнү аткарууга өз сунушун _______________________ (сунуштун формасында көрсөтүлгөн дата) берген (лоттордун номерлерин жана лоттун предметин көрсөтүңүз).

    Муну менен берүүчү сатып алуучу уюмдун/Агенттин алдында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алгандыгы жалпыга маалымдалат:

    а) Контрактка кол коюдан баш тартпайт; же

    б) сатып алуу жөнүндө документтерге жана ушул сунушка ылайык Контрактты аткарат.

    Көрсөтүлгөн милдеттенмелердин кайсынысы болбосун аткарылбаган учурда сатып алуучу уюм/Агент бизди “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык “Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына” киргизүүгө демилге көтөрүүгө укуктуу экендиги ушуну менен тастыкталат.

    Ушул декларация сунуштун колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин _________ күн күчүндө калат.

    ________________ (берүүчүнүн аталышы)__________________

    (берүүчүнүн юридикалык дареги)

    ___________________ __________________ ___________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    5 - бөлүм. Контракттардын типтүү формалары

    Товарларды берүүгө контракттын типтүү формасы

    № ___________

    20___-ж. “___” _____________

    Жобонун (Уставдын) негизинде иштөөчү _________________________ атынан, мындан ары “Сатып алуучу уюм” деп аталуучу (Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын көрсөткүлө) __________________________________________ бир тараптан жана экинчи тараптан Уставдын (паспорт) негизинде иштөөчү ___________________ атынан, мындан ары “Берүүчү” деп аталуучу (берүүчүнүн аталышын көрсөткүлө) ______________________________, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар ____________ №__________________ жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түзүштү:

    1. Контракттын предмети

    1.1. Берүүчү ушул Контракттын шарттарында Сатып алуучу уюмга товарларды берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттенет, мындан ары Товар деп аталат.

    1.2. Товар ушул Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган “Баалар таблицасы” № 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, “Техникалык спецификация” № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн сапатта берилет.

    1.3. Товар Сатып алуучу уюмга төмөнкү дарек боюнча берилет: _____________ ___________.

    1.4. Сатып алуучу уюм Берүүчүгө товарды бергени үчүн ушул Контрактта белгиленген тартипте жана мөөнөттө акы төлөөгө милдеттенет.

    2. Контракттын баасы жана эсептөө тартиби. Контракттын аткаруунун кепилдигин камсыздоо

    2.1. Контракттын баасы Кыргыз Республикасынын валютасында көрсөтүлөт жана _______________ (_____________________________________) сомду түзөт.

    2.2. Контракттын баасы товардын наркын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү, ошондой эле берүү, жүк түшүрүү-жүктөө, пайдаланууга берүү жана Сатып алуучу уюмдун кызматкерлерин окутуу менен байланышкан бардык чыгымдарды камтыйт.

    2.3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандан башка учурларда Контракттын баасы бекем болуп саналат жана Контракттын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде өзгөртүүгө жатпайт.

    2.4. Бул Контракт боюнча төлөө Тараптар кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде үч айдын ичинде, накталай эмес эсептешүү боюнча Сатып алуучу уюм тарабынан ушул Контрактта көрсөтүлгөн Берүүчүнүн эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен, сом менен жүргүзүлөт.

    2.5. Авансттык төлөм (макс. 10%) Берүүчү товарды берүүнүн бүткүл мезгилине мөөнөтү менен аванстын суммасында банк кепилдигин бергенде гана мүмкүн болот.

    2.6. Берүүчү ушул Контрактка кол коюлганга чейин контракттын аткарылышынын кепилдик камсыздоосу (КАКК) катары ____________ (______________________) сом өлчөмүндө акча каражатын төлөдү, бул Контракттын баасынын _________%ын түзөт.

    2.7. КАККты кайтарып берүү шарттары: КАККтын жарымы товарды бергенден жана коштоочу кызматтарды көрсөткөндөн жана товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгондон кийин Берүүчүгө кайтарылат. Калган бөлүгү кепилдик мөөнөтү аяктагандан кийин кайтарылып берилет.

    3. Товарды берүү жана кабыл алуу тартиби, мөөнөтү жана шарттары

    3.1. Товарды жеткирүү жана түшүрүү Берүүчүнүн автотранспорту менен Сатып алуучу уюмдун ________________________________________________________________ дареги боюнча контракт түзүлгөн учурдан тартып_____________________ күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

    3.2. Товарды кабыл алуу № 1 “Баалардын таблицасы” тиркемесинде көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, № 2 “Техникалык спецификация” тиркемесинде көрсөтүлгөн сапатта Берүүчүнүн өкүлүнүн катышуусунда Сатып алуучу уюмдун өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Сатып алуучу уюмдун өкүлү Спецификацияда көрсөтүлгөн берилүүчү товардын аталышынын, санынын жана башка мүнөздөмөлөрүнүн Берүүчүнүн коштоочу документтеринде камтылган маалыматтарга шайкеш келишин текшерет.

    3.3. Товарды кабыл алууда _______________________________ жүзөгө ашырылат (товардын сапатын текшерүү ыкмасын сүрөттөө керек: визуалдык контроль, Техникалык спецификацияга шайкештиги). Дефекттер жана шайкеш эместиктер табылган учурда мындай кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен товардын бардык санын кайтарып берүү жүзөгө ашырылат.

    3.4. Берүүчү товарды өткөрүп берүү менен бир эле учурда Сатып алуучу уюмга зарыл документтерди, төлөөгө эсепти, эсеп-фактураны жана товардык-транспорттук коштомо кагазды, ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча берүүгө милдеттүү.

    3.5. Берүүчү жана Сатып алуучу уюмдун өкүлү кабыл алган учурда товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана кол коюлат. Берүү датасы болуп Тараптар тарабынан товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлган дата эсептелет.

    4. Тараптардын укуктары жана милдеттери

    4.1. Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:

    4.1.1. Сатып алуучу уюмга товарды № 1 “Баалардын таблицасы” тиркемесинде көрсөтүлгөн ассортиментте, санда жана баада, № 2 “Техникалык спецификация” тиркемесинде көрсөтүлгөн сапатта өз убагында жана тиешелүү түрдө берүү жана Сатып алуучуга Контрактта каралган документтерди берүүгө;

    4.1.2. Ушул Контрактта каралган тартипте жана мөөнөттөрдө товарды берүүнү камсыз кылууга;

    4.1.3. Контрактта каралган тартипте жана шарттарда товардын аныкталган дефекттерди жоюуну камсыз кылуу же аны тиешелүү түрдө алмаштырууга.

    4.2. Берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

    4.2.1. Сатып алуучу уюмдан товарды Контрактта каралган тартипте жана мөөнөттө кабыл алууну талап кылууга.

    4.2.2. Сатып алуучу уюмдан Контракттын 2-бөлүмүнө ылайык берилген товардын толук жана өз убагында төлөнүшүн талап кылууга.

    4.3. Сатып алуучу уюм төмөнкүлөргө милдеттенет:

    4.3.1. Ушул контрактта каралган тартипте берилген товарларды өз убагында кабыл алууну камсыз кылууга;

    4.3.2. Контракттын 2-бөлүмүндө каралган тартипте жана мөөнөттө товарды төлөөгө.

    4.4. Сатып алуучу уюм төмөнкүлөргө укуктуу:

    4.4.1. Берүүчүдөн Контракт боюнча милдеттенмелердин толук жана өз убагында аткарылышын талап кылууга;

    4.4.2. Контракттын шарттарына ылайык келбеген товарды кабыл алуудан жана төлөөдөн баш тартууга.

    5. Товардын сапаты жана кепилдик милдеттенмелер

    5.1. Берүүчү берилген товар сапаттуу, жаңы (пайдаланылбаган, керектөө касиеттерин калыбына келтирүүдөн өтпөгөн) болуп эсептелээрине жана ушул Контрактта белгиленген талаптарга жооп берээрине кепилдик берет.

    5.2. Товар колдонуудагы ГОСТторго, техникалык регламенттерге, санитардык ченемдерге шайкеш келүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Контрактта көрсөтүлгөн сапат, коопсуздук талаптарына жана башка талаптарга жооп берүүгө тийиш.

    5.3. Товар ташуу учурунда товарды сынуудан, булгануудан же бузулуудан коргоону камсыз кылуучу таңгакта (идиште) берилүүсү тийиш. Товарда механикалык бузулуулар болбошу керек.

    5.4. Берүүчү берилген товардын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет. Товарга кепилдиктин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Сатып алуучу Берүүчүгө товардын сапаты боюнча дооматын билдирүүгө укуктуу.

    5.5. Берүүчү товардын сапаты боюнча дооматты алган учурдан тартып__________ календардык күндүн ичинде дефекттерди жоюуга же сапаты начар товарды алмаштырууга милдеттүү.

    5.6. Сатып алуучу уюм Контракт боюнча кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы (кемчиликтерди жоюу жана сапаты начар товарды алмаштыруу мөөнөттөрүн өткөрүп жибергени) үчүн мындай мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн Контракттын баасынын _______ % өлчөмүндө айып төлөмдү Аткаруучудан талап кылууга укуктуу. Мында, айып төлөмдүн максималдуу кошуп эсептелүүчү өлчөмү контракттын баасынын _____ %ын түзөт.

    6. Тараптардын жоопкерчилиги

    6.1. Бул Контрактты аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Контракттын шарттарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

    6.2. Сатып алуучу уюм ушул Контракттын 3.1. пунктунда көрсөтүлгөн берүү мөөнөтү бузулгандыгы үчүн мындай мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн Контракттын баасынын _______ % өлчөмүндө айып төлөмдү Берүүчүдөн талап кылууга укуктуу. Мында, максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын ______ %ын түзөт.

    6.3. Берүүчү ушул Контракттын 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн өз убагында төлөбөгөн ар бир күн үчүн Контракттын баасынын ______ %ы өлчөмүндө айып төлөмдү Сатып алуучу уюмдан талап кылууга укуктуу. Мында, максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын ______ %ын түзөт.

    6.3. Айыптык санкцияларды төлөө Тараптарды ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

    7. Талаш-тартыштарды кароо жана чечүү

    7.1. Техникалык жана финансылык маселелер боюнча талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди кошо алганда, ушул Контракттын аткарылышына байланыштуу келип чыккан Тараптардын дооматтары тиешелүү документтерди тариздөө менен сүйлөшүүлөр жолу менен Тараптар тарабынан 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат.

    7.2. Жөнгө салынбаган талаш-тартыштар аларды сотко чейин жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин гана Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотко чечүүгө берилет.

    8. Форс-мажор

    8.1. Эгерде ал күтүүсүз болсо жана ал жеткис күчтүн жагдайларынын, атап айтканда, өрттүн, суу ташкынынын, жер титирөөнүн, ушул Контракт боюнча тараптардын милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук кылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, мамлекеттик органдар тарабынан актыларды чыгаруунун натыйжасында, Тараптар бул Контракт боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

    8.2. Ал жеткис жагдайлардын аракетине дуушар болгон тарап мындай жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 (он) күндүн ичинде тиешелүү түрдө, жазуу жүзүндө башка тарапка кабарлоого милдеттүү.

    8.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыкканы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү өз убагында жөнөтүлбөсө же жиберилбесе, алардын иш-аракетине шилтеме берген тарап өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулбайт.

    9. Контракттын колдонуу мөөнөтү жана бузуу тартиби

    9.1. Бул Контракт ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат. Контракттын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы Тараптарды аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

    9.2. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

    9.3. Ушул контракт бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.

    10. Тараптардын реквизиттери

    Сатып алуучу уюм Берүүчү

    20___-жылдын “___”________

    № _____контракттын

    1-тиркемеси

    Баалардын таблицасы

    - Посмотреть таблицу с данными

    - Посмотреть таблицу с данными

    20___-жылдын “___”________

    № ___контракттын

    2-тиркемеси

    Техникалык спецификация

    - Посмотреть таблицу с данными

    Жыйынтыгы төмөнкү суммада: ______________________________ сом 00 тыйын.

    - Посмотреть таблицу с данными

    Жумуштарды аткарууга контракттын типтүү формасы

    № _________

    20__-ж. “___” ___________

    Жобонун (Уставдын) негизинде иштөөчү_____________________ атынан, мындан ары “Сатып алуучу уюм” деп аталуучу __________________________________________бир тараптан жана экинчи тараптан Уставдын (паспорт) негизинде иштөөчү _________________ атынан, мындан ары “Берүүчү” деп аталуучу_______________________________, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар _________________№ ______ жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түзүштү:

    1. Контракттын предмети

    1.1. Берүүчү, Сатып алуучу уюмдун тапшырмасы боюнча контракттын бир бөлүгү болуп саналган “Чыгымдалуучу материалдардын таблицасы” 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сапаттуу материалдарды пайдалануу менен “Жумуштардын көлөмүнүн ведомосту” 1-тиркемесине ылайык __________________________ курулуш иштерин аткарууга милдеттенет.

    1.2. Сатып алуучу уюм өз кезегинде бардык белгиленген талаптарга ылайык аткарылган иштерди кабыл алууга жана аларды ушул Контрактта каралган шарттарда төлөөгө милдеттенет.

    2. Ушул контракттын жалпы суммасы жана эсептешүү тартиби

    2.1. Контракттын жалпы баасы бардык салыктарды жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөөлөрдү эске алуу менен (контракттын жалпы суммасын жазуу жүзүндө жазуу)____________________________________________ (контракттын валютасын көрсөтүү) __________ түзөт.

    2.2. Контракттын жалпы баасы ушул Контрактты аткарууга байланышкан Берүүчүнүн бардык чыгымдарын камтыйт.

    2.3. Контракттын жалпы баасы белгиленген болуп саналат жана Тараптар өз милдеттерин аткарганга чейин өзгөртүлүүгө тийиш эмес.

    2.4. Контракт боюнча акы төлөө Сатып алуучу уюм тарабынан Берүүчүнүн эсебине сом менен которуу аркылуу же (валютанын түрүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча көрсөтүү же кол коюу учуруна карата белгиленген курсту көрсөтүү) Контракт аткарылгандан кийин, Сатып алуучу уюм жана Берүүчү тарабынан аткарылган жумуштардын актысына кол коюлгандан кийин жана Берүүчүнүн төлөө эсебинин негизинде, Тараптар кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык үч айдын ичинде жүргүзүлөт.

    3. Тараптардын милдеттенмелери

    Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

    3.1. Берүүчү контрактка кол коюлган учурдан тартып ______________жумуш күндүн ичинде жумушка киришет.

    3.2. Берүүчү ушул Контракттын 1.1.-пунктунда каралган жумуштарды “Жумуш өндүрүшүнүн графигинде” көрсөтүлгөн же Сатып алуучу уюм тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарат.

    3.3. Берүүчү ушул Контракттын шарттарында каралган жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткарууга жана Сатып алуучу уюмга жумуштарды мыйзамдардын талаптарына ылайык келген жумуш долбооруна шайкеш келген абалда тапшырууга милдеттенет.

    3.4. Берүүчү сапатсыз аткарылган жумуштарды өз күчү менен жана Сатып алуучу уюм менен макулдашылган мөөнөттө өз эсебинен _________ календардык күн ичинде оңдоого милдеттүү.

    3.5. Берүүчү курулуш аянтында коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо ж.б. боюнча зарыл иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттенет.

    3.6. Контрактты жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана жабдууларды колдонуу, аларды кабыл алуу, сактоо жана Контракт боюнча жумуштарды аткаруунун бардык мезгилинде пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартууга.

    3.7. Объектти Сатып алуучу уюм кабыл алганга чейин аны кокустан кыйроо же кокустан бузулуу тобокелчилигин алып жүрүүгө.

    3.8. Сатып алуучу уюмга Аткарылган жумуштардын актысын берүүгө милдеттүү, ал текшерүүгө бардык зарыл болгон ырастоочу документтер менен топтомдо гана кабыл алынат.

    Сатып алуучу уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:

    3.9. Аткаруучу жумуштарды аткарууну баштоого курулуш даярдыгын камсыз кылууга.

    3.10. Берүүчү тарабынан аткарылуучу жумуштарга техникалык көзөмөл жүргүзүүгө.

    3.11. Ушул Контракттын шарттарына ылайык аткарылган иштердин айрым этаптарын, ошондой эле бардык көлөмүн бардык зарыл болгон тастыктоочу аткаруу документтери берилген учурдан тартып _______ күндүн ичинде кабыл алууга.

    3.12. Берүүчүгө ушул Контракттын 2.4-пункттунда каралган шарттары менен белгиленген мөөнөттө ишке акы төлөөгө.

    4. Тараптардын жоопкерчилиги

    4.1. Бул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмесаткарбагандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул Контрактка ылайык жоопкерчилик тартышат.

    4.2. Жумуштарды аткаруу мөөнөттөрүн же жумуштардын дефекттерин жана кемчиликтерин жоюу мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Сатып алуучу уюм (Агент) Берүүчүгө мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн Контракттын жалпы баасынын ____________%ы өлчөмүндө, бирок ушул Контракттын суммасынын__________%нан көп эмес айып төлөмүн чегерүүгө укуктуу.

    4.3. Айып төлөмдү (айып пулду, туумду) төлөө Контракттын Тараптарын Контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруудан бошотпойт.

    4.4. Берүүчү Сатып алуучу уюмдан ушул Контракттын 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, өз убагында төлөнбөгөн ар бир күн үчүн Контракттын баасынын __________ % өлчөмүндө айып төлөмдү талап кылууга укуктуу. Мында, максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын _________ % түзөт.

    4.5. Берүүчү ушул Контракттын шарттарын олуттуу бузган учурда Сатып алуучу уюм ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө укуктуу.

    4.6. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

    5. Жумуштардын сапаты үчүн берүүчүнүн жоопкерчилиги

    5.1. Берүүчү Сатып алуучу уюмдун алдында жумуштардын көлөмүнүн ведомостунда, жумуш өндүрүшүнүн графигинде жана курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде каралган талаптардан жол берилген четтөөлөр үчүн жоопкерчилик тартат.

    5.2. Берүүчүгө пайдаланылган материалдардын сапаты, ошондой эле алар тургузган бардык курулмалардын бекемдигин, туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн азайтуу же жоготуу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

    5.3. Дефектти же кемчиликтерди оңдоого байланышкан бардык чыгымдар Берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.

    6. Жумуштарды өткөрүп берүү жана кабыл алуу

    6.1. Берүүчү Контрактта каралган бардык жумуштар аяктагандан кийин Сатып алуучу уюмга жумуштун аяктагандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Сатып алуучу уюм Контрактка ылайык жумуштардын аякташын баалоо боюнча комиссияны 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен дайындайт.

    6.2. Жумуштарды кабыл алуу Берүүчүнүн катышуусу менен комиссия тарабынан жүзөгө ашат.

    6.3. Комиссия чала жасалган жумуштардын тизмегин түзөт жана аларды жоюу мөөнөтүн белгилейт. Табылган дефекттер жана кемчиликтер Берүүчүнүн эсебинен жоюлат. Кемчиликтерди жоюуда Тараптар кемчиликтерди жоюу актысына кол коюшат. Чала жасалган жумуштарды жоюу датасы Контракт аяктаган дата болуп саналат. Бардык чала жасалган жумуштарды жоюу фактысы Объектти пайдаланууга биротоло кабыл алуу актысы менен таризделет.

    6.4. Сатып алуучу уюм долбоордон жана жумуштардын көлөмүнүн ведомостунан четтөөлөр табылган учурда, алар толук жоюлганга чейин жумуштун жыйынтыгын кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

    7. Форс-мажордук жагдайлар

    7.1. Эгерде Тараптар тарабынан милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоо ал жеткис күчтөн, б.а. Тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары келип чыккан жана алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө жана алдын-ала каралбаган жагдайлардан улам келип чыкса, Тараптар бул Контракт боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

    7.2. Өз милдеттенмелерин аткара албаган Тарап башка Тарапка жогоруда аталган жагдайлардын башталышы жана токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз, бирок кандай учурда болбосун алардын аракети башталгандан жана токтотулгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен маалымдайт.

    7.3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары жөнүндө кечиктирип кабарлоо же кабарлабоо тиешелүү Тарапты аталган жагдайлардын себептери боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу укугунан ажыратат.

    7.4. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайы ушул Контрактта белгиленген мөөнөттө милдеттенмелердин аткарылышына түздөн-түз таасир этсе, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү тиешелүү жагдайдын күчүндө болуу убактысына жараша, бирок 3 (үч) айдан ашык эмес артка жылдырылат.

    7.5. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 3 (үч) айдан ашык күчүндө болсо, анда Тараптардын ар бири ушул Контрактты бузууга укуктуу жана мындай учурда Тараптардын бири да зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укугу жок.

    7.6. Ал жеткис күч жагдайларынын бар экендигинин жана алардын узактыгынын далили Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү күбөлүгү болуп саналат.

    8. Контракттын колдонуу мөөнөтү

    8.1. Контракт, ага Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди Тараптар толук көлөмдө аткарганга чейин колдонулат.

    8.2. Контракттын колдонулушун токтотуу Тараптарды зыяндардын ордун толтуруу жана айыптык санкцияларды төлөө милдетинен жана ушул Контракт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка жоопкерчиликтен бошотпойт.

    9. Контрактты өзгөртүү жана толуктоо тартиби

    9.1. Сатып алуучу уюм Берүүчү тарабынан Контрактты аткаруу процессинде жумуштун көлөмүн жана түрүн өзгөртүү түрүндө Контрактка өзгөртүү киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Контрактка Кошумча макулдашуу түрүндө башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

    9.2. Сатып алуучу уюм тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр, алар Берүүчү менен макулдашкандан кийин Контракттын бир бөлүгү болуп калат.

    9.3. Бул өзгөртүүлөр өзгөртүүлөрдүн аталашын жана бул өзгөртүүлөрдүн наркын чагылдырган “НАРЯД-ЗАКАЗ” формасы боюнча таризделет.

    10. Контрактты бузуу

    10.1. Контрактты бузууга Тараптардын макулдашуусу боюнча, соттун чечими боюнча же Сатып алуучу уюмдун Контракттан бир тараптуу баш тартуусунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча жол берилет.

    10.2. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

    10.3. Бул контрактты аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, кабарлоолору жана арыздары жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу түп нусканы кийин жөнөтүү менен же почта, кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Мында, жөнөтүүчү Тарап даректелген Тарап жөнөтүлгөн билдирүүнү, эскертүүнү же арызды алгандыгын ырастоого тийиш.

    11. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби

    11.1. Ушул Контракттын шарттарын аткарууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотто каралууга тийиш.

    11.2. Ушул контракт менен жөнгө салынбаган, бирок ал боюнча Тараптардын мамилелеринен түз же кыйыр келип чыккан, ушул Контракттын Тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана ишкердик беделине тиешелүү бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

    12. Башка шарттар

    12.1. Ушул Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ _______ нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.

    12.2. Ушул Контракт эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.

    Келишимге тиркеме:

    1-тиркеме - Жумуштардын көлөмүнүн ведомосту

    2-тиркеме - Чыгымдалуучу материалдардын таблицасы

    3-тиркеме - Жумуш өндүрүшүнүн графиги

    “Тараптардын” юридикалык даректери жана банк реквизиттери

    Сатып алуучу уюм Берүүчү:

    Кызмат көрсөтүүлөргө контракттын типтүү формасы

    № ______________

    Бишкек ш. 20___-ж. “____”____

    Жобонун (Уставдын) негизинде иштөөчү_____________________ атынан, мындан ары “Сатып алуучу уюм” деп аталуучу __________________________________________ (сатып алуучу уюмдун аталышы) бир тараптан жана экинчи тараптан Уставдын (паспорт) негизинде иштөөчү _________________ атынан, мындан ары “Берүүчү” деп аталуучу_______________________________ (берүүчүнүн аталышы), биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар _________________№ ______ жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түзүштү:

    1. Контракттын предмети

    1.1. Берүүчү Сатып алуучу уюмдун тапшырмасы боюнча _________________________ (мындан ары – Кызмат көрсөтүүлөр) Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Контракттын “Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту” 1-тиркемесине ылайык шарттарда, тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттенет, ал эми Сатып алуучу уюм аткарылган Кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

    1.2. Ушул Контракт боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү төмөнкүдөй: Контракт түзүлгөн учурдан тартып __________________________күндүн ичинде.

    2. Контракт боюнча баа жана эсептешүү тартиби

    2.1. Контракттын жалпы баасы бардык салыктарды жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөөлөрдү эске алуу менен (контракттын жалпы суммасын жазуу жүзүндө жазуу)____________________________________________ (контракттын валютасын көрсөтүү) __________ түзөт.

    2.2. Контракттын жалпы баасы ушул Контрактты аткарууга байланышкан Берүүчүнүн бардык чыгымдарын камтыйт.

    2.3. Контракт боюнча акы төлөө Сатып алуучу уюм тарабынан Берүүчүнүн эсебине сом менен которуу же (валютанын түрүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча көрсөтүү кол коюу учуруна карата белгиленген курсту көрсөтүү) Контракт аткарылгандан кийин, Сатып алуучу уюм жана Берүүчү тарабынан аткарылган кызмат көрсөтүүлөрдүн актысына кол коюлгандан кийин жана Аткаруучунун эсебинин негизинде, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин үч айдын ичинде, Тараптар кол койгон кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде үч айдын ичинде жүргүзүлөт.

    3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты

    3.1. Сатып алуучу уюм Берүүчүнүн ишине кийлигишпестен, ушул Контракттын колдонуу мезгилинде көрсөтүлүүчү кызматтардын жүрүшүн жана сапатын текшерүүгө укуктуу. Берүүчү тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө Сатып алуучу уюм укук бузууларды аныктаган учурда Тараптар кызмат көрсөтүүлөрдүн кемчиликтерин жана аларды жоюу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен эки тараптуу акт түзүшөт.

    3.2. Берүүчү ________күн мөөнөттө дефекттерди жоюуга тийиш. Сатып алуучу уюм тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө дефект жоюлбаган учурда, Сатып алуучу уюм өз убагында аткарбаган ар бир күн үчүн ____________ (айып төлөмдүн өлчөмүн көрсөтүү) туумду ___________ суммада (айып пулдун суммасын көрсөтүү) кошуп эсептейт.

    3.3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына болгон талаптар олуттуу бузулган учурда Сатып алуучу уюм өз тандоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

    3.3.1. Ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө жана акы төлөнгөн учурда, төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга;

    3.3.2. Көрсөтүлгөн кызматтардын кемчиликтерин жоюуну талап кылууга;

    3.3.3. Контракт бузулгандан кийин ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүүнү демилгелөөгө.

    4. Кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп берүү-кабыл алуу тартиби

    4.1. Кызматтарды көрсөтүү аяктаган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен Берүүчү Сатып алуучу уюмга эки нускада түзүлгөн жана өзү кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берүүгө милдеттүү.

    4.2. Көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алууда Берүүчү ушул Контракттын шарттарынан четтеген учурда Сатып алуучу уюм кабыл алуу актысына кол коюудан жүйөлүү баш тартууну түзөт жана кемчиликтерди жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын алган учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде Берүүчүгө жөнөтөт. Табылган кемчиликтер Берүүчүнүн өз эсебинен жоюлат. Кемчиликтерди жоюуда Тараптар кемчиликтерди жоюу актысына кол коюшат.

    4.3. Кызмат көрсөтүүлөр Тараптар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгондон кийин кабыл алынды деп эсептелет.

    4.4. Көрсөтүлгөн кызматтардын кемчиликтери кабыл алынгандан кийин табылган учурда Сатып алуучу уюм бул жөнүндө Берүүчүгө токтоосуз кабарлайт жана көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жана аларды жоюу мөөнөттөрү жөнүндө эки тараптуу актыга кол коюу үчүн чакырат.

    Эгерде Берүүчү көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жөнүндө актыга кол коюу үчүн Сатып алуучу уюмдун билдирүүсүн алган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде келбесе, Сатып алуучу уюм көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жөнүндө бир тараптуу мындай актыны түзүүгө жана аныкталган кемчиликтерди жоюуну талап кылуу менен аны Берүүчүгө жөнөтүүгө укуктуу.

    5. Тараптардын милдеттенмелери

    5.1. Берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

    5.1.1. Кызматтарды жеке көрсөтүүгө.

    5.1.2. Ушул Контрактта белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюуга жана отчеттук материалдарды өткөрүп берүүгө.

    5.1.3. Отчеттук материалдардын купуялуулугуна кепилдик берүүгө. Көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжасы Берүүчү тарабынан ар кандай пайдаланылбайт.

    5.1.4. Көрсөтүлгөн кызматтардын актысын, эсепти Сатып алуучу уюмдун ________________ дареги боюнча берүүгө.

    5.2. Берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:

    5.2.1. Сатып алуучу уюмдан ушул Контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматтарды алууга;

    5.2.2. Ушул Контракттын алкагында Кызмат көрсөтүүлөрдүн методун өз алдынча аныктоого.

    5.3. Сатып алуучу уюм милдеттенет:

    5.3.1. Ушул Контрактка ылайык Берүүчү көрсөткөн кызматтарга акы төлөөгө.

    5.3.2. Ушул Контракттын алкагында кызмат көрсөтүлөрдүн жүрүшүндө аны кызыктыруучу маселелер боюнча Берүүчүгө зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө.

    6. Тараптардын жоопкерчилиги

    6.1. Бул контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эме аткаргандыгы үчүн Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул контрактка ылайык жоопкерчилик тартышат.

    6.2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн же кызмат көрсөтүүлөрдүн аныкталган кемчиликтерин жоюу мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн Сатып алуучу уюм Берүүчүгө мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн Контракттын жалпы баасынын ____________%ы өлчөмүндө, бирок ушул Контракттын суммасынын__________%нан көп эмес айып төлөмүн чегерүүгө укуктуу.

    6.3. Айып төлөмдү (айып пулду, туумду) төлөө Контракттын Тараптарын Контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруудан бошотпойт.

    6.4. Берүүчү Сатып алуучу уюмдан ушул Контракттын 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, өз убагында төлөнбөгөн ар бир күн үчүн Контракттын баасынын __________ % өлчөмүндө айып төлөмдү талап кылууга укуктуу. Мында, максималдуу эсептен чыгарылуучу сумма Контракттын баасынын _________ % түзөт.

    6.5. Берүүчү ушул Контракттын шарттарын олуттуу бузган учурда Сатып алуучу уюм ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө укуктуу.

    7. Форс мажордук жагдайлар

    7.1. Эгерде Тараптар тарабынан милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоо ал жеткис күчтөн, б.а. Тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары келип чыккан жана алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө жана алдын-ала каралбаган жагдайлардан улам келип чыкса, Тараптар бул Контракт боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

    7.2. Өз милдеттенмелерин аткара албаган Тарап башка Тарапка жогоруда аталган жагдайлардын башталышы жана токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз, бирок кандай учурда болбосун алардын аракети башталгандан жана токтотулгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен маалымдайт.

    7.3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары жөнүндө кечиктирип кабарлоо же кабарлабоо тиешелүү Тарапты аталган жагдайлардын себептери боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу укугунан ажыратат.

    7.4. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайы ушул Контрактта белгиленген мөөнөттө милдеттенмелердин аткарылышына түздөн-түз таасир этсе, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү тиешелүү жагдайдын күчүндө болуу убактысына жараша, бирок 3 (үч) айдан ашык эмес артка жылдырылат.

    7.5. Эгерде ал жеткис күчтүн жагдайлары 3 (үч) айдан ашык күчүндө болсо, анда Тараптардын ар бири ушул Контрактты бузууга укуктуу жана мындай учурда Тараптардын бири да зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укугу жок.

    7.6. Ал жеткис күч жагдайларынын бар экендигинин жана алардын узактыгынын далили Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү күбөлүгү болуп саналат.

    8. Контрактты бузуу

    8.1. Контрактты бузууга Тараптардын макулдашуусу боюнча, соттун чечими боюнча же Сатып алуучу уюмдун Контракттан бир тараптуу баш тартуусунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча жол берилет.

    8.2. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

    8.3. Бул контрактты аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, кабарлоолору жана арыздары жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу түп нусканы кийин жөнөтүү менен же почта, кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Мында, жөнөтүүчү Тарап даректелген Тарап билдирүүнү, эскертүүнү же арызды алгандыгын ырастоого тийиш.

    9. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби

    9.1. Ушул Контракттын шарттарын аткарууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотто каралууга тийиш.

    9.2. Ушул Контракт менен жөнгө салынбаган, бирок ал боюнча Тараптардын мамилелеринен түз же кыйыр келип чыккан, ушул Контракттын Тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана ишкердик беделине тиешелүү бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

    10. Башка шарттар

    10.1. Ушул Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ _______ нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.

    10.2. Ушул Контракт эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.

    Контрактка тиркеме:

    1-тиркеме – Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту;

    2-тиркеме – Чыгымдалуучу материалдардын таблицасы.

    “Тараптардын” юридикалык даректери жана банк реквизиттери

    Сатып алуучу уюм: Берүүчү:

    1-тиркеме

    Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүнүн ведомосту

    - Посмотреть таблицу с данными

    Сатып алуучу уюм: Берүүчү:

    2-тиркеме

    Наркын көрсөтүү менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасы

    - Посмотреть таблицу с данными

    Сатып алуучу уюм: Берүүчү:

    § 4. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга типтүү документтер

    71. Тандоо методу менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө документтердин типтүү формасы: квалификациясы боюнча, эӊ төмөн баа боюнча жана бир булактан төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:

    1). Сатып алуу жөнүндө маалымат;

    2). Техникалык тапшырма;

    3). Консультанттар үчүн нускама;

    4). Консультанттарга болгон квалификациялык талаптар;

    5). Сатып алуунун атайын шарттары;

    6). Техникалык сунуштун типтүү формалары;

    7). Консультанттын финансылык сунушунун типтүү формалары;

    8). Контрактардын типтүү формалары.

    1-бөлүм. Консультанттар үчүн маалымат

    72. Сатып алуучу уюм/Агент консультанттар үчүн төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган маалыматты берет:

    1) тапшырманын кыскача баяндалышы;

    2) техникалык баалоо критерийлерин саноону кошо алганда, тандоонун колдонулуучу жол-жобосунун толук баяндалышы, финансылык баалоонун толук баяндалышы, сапат боюнча минималдуу өтүү баллы жана финансылык сунуштарды ачуунун шарттары;

    3) негизги кызматкерлердин тапшырмаларды аткарууга сарптаган болжолдуу убактысы;

    4) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;

    5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр контракт түзүлгөндөн кийин консультант жана анын туунду ишканаларынын кайсынысы болбосун сатып алуулар жол-жоболоруна катышууга укугу жок экендиги жөнүндө билдирүү;

    6) сунуштардын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде консультанттар негизги кызматкерлердин сунушталган курамына өзгөртүү киргизүүгө укуксуз экендиги жана сунуш кылынган коюмдарды жана жалпы бааны карманууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүү;

    7) консультант тапшырманы аткарууга кирише турган болгон болжолдуу дата;

    8) сатып алуучу уюм тарабынан берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөр, жайлар, жабдуулар жана кызматкерлер тууралуу кеӊири маалыматтар;

    9) тапшырманын этаптары, эгерде зарыл болсо, тапшырманы улантуунун ыктымалдыгы;

    10) зарыл болгон учурда кошумча маалыматтар камтылышы мүмкүн.

    2-бөлүм. Техникалык тапшырма

    73. Техникалык тапшырмада аткарууга тийиш болгон, Сатып алуучу уюм/Агент консультанттан эмнени алууну күткөн тапшырма сыпатталат, максаттар, милдеттер, маалымдама маалымат, анын ичинде тийиштүү изилдөөлөрдүн тизмеги, тапшырманын көлөмү, квалификациянын ар бир критерийи боюнча минималдуу балл берүү менен консультанттардын квалификациясына талаптар, отчетторду берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

    74. Эгерде техникалык тапшырманын максаты билим берүү же кадрларды даярдоо болсо, анда консультанттар кызмат көрсөтүүнүн зарыл көлөмүн баалай алышы үчүн окуудан өтүш керек болгон кызматкерлердин саны жөнүндө толук маалымат менен катар өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш.

    75. Техникалык тапшырмада, аны аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана изилдөөлөр, болжолдуу жыйынтык документтер саналып өтүүгө тийиш, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш. Сатып алуучу уюмдун техникалык тапшырмасы каралган бюджетке ылайык келүүгө тийиш.

    3-бөлүм. Консультанттар үчүн нускама

    76. Бул бөлүм типтүү бөлүм болуп саналат жана ар бир сатып алуу боюнча Сатып алуучу уюм/Агент консультанттарга веб-порталдагы бул бөлүмгө жетүүсүн камсыз кылат.

    77. Сатып алуучу уюм/Агент кыска тизмеге кирген консультанттарга сатып алуу жөнүндө документтерге жетүүнү камсыз кылат.

    78. Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизилген консультанттарга катышууга тыюу салынат.

    79. Консультант өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп эсептелген учурларды кошпогондо, эгерде уюштуруучулар, жетекчи курамдын мүчөлөрү Сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жактар болуп эсептелсе, консультанттарга мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

    80. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну консультант менен төмөнкү учурларда түзө албайт:

    1) эгерде уюштуруучу (уюштуруучулар) же жетекчи (жетекчилер) бир сатып алууга катышкан башка консультанттын уюштуруучусу (уюштуруучулары) же жетекчиси (жетекчилери) болуп саналса (болуп саналышса);

    2) же бир сатып алууга катышкан консультанттар сатып алуучу уюмдардын жетекчисинин, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн, сатып алуу бөлүмүнүн жакын туугандары, жакын адамдары болуп саналса;

    3) эгерде аффилирленген жак болсо;

    4) эгерде анын сунушун даярдоо үчүн сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо үчүн сатып алуучу уюмда мурда жооптуу болгон адам тартылса түзө албайт.

    81. Сатып алуучу уюм/Агент консультанттан аффилирленген жактын жоктугу жөнүндө тастыктоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү.

    82. Консультанттар сатып алуу жөнүндө документтердин түшүндүрмөсүн веб-портал аркылуу төмөнкү мөөнөттөрдө сурай алат:

    1) квалификациясы жана наркы боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;

    2) квалификациясы боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;

    3) эӊ төмөн баа боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен.

    83. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерге түшүндүрмө берүү тууралуу суроо-талапка 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен жооп берет. Жооптор мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу жөнөтүлүүгө тийиш.

    84. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы датасына чейин Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат. Киргизилген өзгөртүүлөр бардык консультанттар үчүн милдеттүү болот. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды берүү мөөнөтүн 5 (беш) жумуш күнгө узартууга тийиш.

    Сунуштарды берүү

    85. Консультант мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптарга жараша, бир убакта техникалык жана финансылык сунуштарды же техникалык сунушту гана берет.

    86. Сунуштардын ар бири өзүнчө формада толтурулуп, Сатып алуу жөнүндө ушул нускаманын 2, 3, 4 жана 5-тиркемелерине ылайык форма боюнча жетекчинин кол тамгасы коюлууга тийиш.

    Техникалык сунуш

    87. Консультанттар сатып алуу жөнүндө документтерде камтылган бардык шарттарды жана нускамаларды карап чыгуусу тийиш. Суралган кандайдыр бир маалыматтын жоктугу үчүн жоопкерчилик консультантка жүктөлөт жана конкурстук табыштаманы четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.

    88. Кызматкерлердин негизги штатынын сунушталган персоналы консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган компаниянын штатынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш.

    89. Сунушталган штат өз өлкөсүнөн тышкары жерлерде (эгерде компания өлкөнүн резиденти болбосо), артыкчылыктуу Кыргыз Республикасында же Кыргыз Республикасында окшош болгон шарттардагы иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш.

    90. Компаниянын ушундай мүнөздөгү иштери боюнча акыркы убактагы иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берүү зарыл. Иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат расмий түрдө контракт түзүлгөн жумуштар боюнча маалыматты камтууга жана берүү учурунда контракттык милдеттенмелер аткарылган болууга.

    91. Мурда жеке же башка компанияларда консультациялык кызматтарды көрсөткөн кызматкерлердин иш тажрыйбасы уюмдун тажрыйбасы катары киргизилбейт. Бирок, бул маалымат кызматкердин жеке тажрыйбасы катары колдонулушу мүмкүн. Ар бир контракт боюнча маалымат берилген кызматкерлердин штатынын профилин, жумуштун узактыгын, контракттын суммасын жана компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүнөзүн чагылдырууга тийиш.

    92. Сатып алуучу уюмдун талабы боюнча контракт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында же учурунда каалаган убакта консультант контракт боюнча документтерди же башка документтик негиздемелерди берүү менен тажрыйбасы жөнүндө маалыматты тастыктайт.

    93. Сатып алуучу уюмдун талабы боюнча контракт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда консультант контракт боюнча документтерди же башка документтик негиздемелерди (аты-жөнү, курагы, жалпы маалымат, кызмат өтөө тизмеси жана аталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн сунуш кылынган ар бир кызматкердин кесиптик тажрыйбасы жөнүндө толук маалымат) берүү менен иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматты тастыктоого даяр болууга тийиш, ошону менен бирге иштин талап кылынган көлөмү боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн зарыл болгон тажрыйба тууралуу маалыматты чагылдыруу маанилүү. Кызматкерлердин ар бири өз өмүр баяны боюнча маалыматтардын аныктыгын кол коюу менен тастыктоого тийиш.

    94. Консультант кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы ыкмаларын же методологиясын көрсөтүүгө тийиш.

    95. Жумуштун болжолдуу узактыгын (негизги жумуш орду жана кызмат көрсөтүүлөрдүн орду боюнча өзүнчө), ошондой эле ар бир кызматкер үчүн (чет өлкөлүк жана жергиликтүү) иштөө узактыгын так чагылдырган иш планы жана графиги.

    96. Ишти ийгиликтүү аткаруу максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибин жакшыртуу боюнча консультанттын сунушуна же техникалык тапшырмага комментарий берүү.

    97. Эгерде сатып алуу жөнүндө документтерде окутуу иштин талап кылынган көлөмүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналса, анда сунуш сунушталган методологиянын жана топтолгон штаттын толук баяндамасын камтууга тийиш.

    98. Башка шарттар. Мында, техникалык сунуш эч кандай финансылык маалыматтарды камтууга тийиш эмес.

    Финансылык сунуштар

    99. Финансылык сунуш техникалык тапшырманы аткарууга жана персоналдын эмгек акысына чыгымдарды камтууга тийиш.

    100. Финансылык сунуштун негизин персоналдын ар бир мүчөсүнүн (чет өлкөлүк жана жергиликтүү, кызмат көрсөтүүлөр жеринде жана башка жерде) эмгегине акы төлөө жана иш сапарга (суткалык жашоо чыгымдары), транспорттук чыгымдар (эл аралык жана ички), жабдууларга кеткен чыгымдар (транспорт каражаттары, кеңсе жабдуулары жана материалдар), которууларга кеткен чыгымдарды ж.б. кошкондо орду толтурулуучу чыгымдардын жалпы бөлүштүрүлүшү түзөт.

    101. Финансылык сунушту түзүүдө салыктардын жана камсыздандыруулардын суммасы эске алынууга тийиш. Компания Кыргыз Республикасынын аймагында төлөнүүчү бардык салыктарды төлөйт.

    102. Сатып алуучу уюм/Агент акыркы жылдагы бардык тиркемелер же Бирдиктүү салык декларациясынын отчету менен финансылык отчеттуулук жөнүндө (кызмат көрсөтүүлөр учурунда жана андан кийин) аудит жүргүзүү укугун өзүнө калтырат.

    Техникалык сунушту баалоо

    103. Сунуштар эки этапта бааланат. Биринчи этап техникалык сунуштарды баалоодон жана баллдарды бөлүштүрүүдөн башталат.

    104. Минималдуу өтүү баллына ээ болгон техникалык сунуштар веб-портал менен экинчи этапка - финансылык сунушту баалоого автоматтык түрдө өтөт.

    105. Биринчи этапта баалоонун балл системасы боюнча сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген квалификациялык талаптардын негизинде техникалык сунуштар бааланат.

    106. Сатып алуучу уюм/Агент ар бир сунуштун техникалык тапшырмага ылайык келүүсүнө баа берүүгө тийиш. Техникалык сунушту баалоодо берилген резюмелердин, квалификациянын документтик далилдеринин негизинде ар бир консультанттын квалификациясы бааланат, анткени консультанттардын квалификациясынан консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты көз каранды.

    107. Баллдар: жалпы квалификациясы, билими, кесиптик даярдыгы, иш стажы, тапшырмага ылайык келген иш тажрыйбасы үчүн берилет. Техникалык сунушту баалоонун жыйынтыктарын Сатып алуучу уюм/Агент ар бир консультанттын топтогон баллын көрсөтүү менен веб-порталга жайгаштырат.

    108. Квалификация боюнча тандоо методунда Сатып алуучу уюм/Агент техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл алган консультанттан веб-портал аркылуу финансылык сунушту берүүнү суранат.

    109. Эгерде баалоо үчүн зарыл болгон жогоруда талап кылынган пункттардын бири консультант тарабынан көрсөтүлбөсө же сунушталбаса, консультанттын сунушу талапка туура келбейт деп четке кагылат.

    Финансылык сунушту баалоо

    110. Квалификациялык талаптардын 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн техникалык сунуш үчүн минималдуу өтүү баллын топтогон консультанттын финансылык сунушу автоматтык түрдө мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында ачылат.

    111. Эгерде финансылык сунуштар, сунушту баалоо үчүн ар кандай валюталарда берилсе, баалар веб-портал тарабынан финансылык сунуштар автоматтык түрдө ачылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча валюталар үчүн сатуу (алмашуу) курстарын пайдалануу менен бирдиктүү валютага которулат.

    112. Финансылык сунуштар Баллдык системанын веб-порталында сатып алуу жөнүндө атайын талаптардын 5-бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгиленген формула боюнча бааланат.

    113. Жалпы балл (биргелешкен баа) алуу максатында квалификация жана нарк боюнча тандоо методунда веб-портал техникалык жана финансылык баа үчүн консультанттардын алган баллын автоматтык түрдө жалпылайт.

    Эӊ төмөн баа боюнча сатып алууда техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана финансылык сунуш үчүн эң төмөн бааны сунуштаган консультант сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакырылат.

    114. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде веб-портал сатып алуу жол-жоболорунун протоколун автоматтык түрдө түзөт, ал кол коюлгандан кийин 1 (бир) күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.

    Контракт боюнча сүйлөшүүлөр жана контракты ыйгаруу

    115. Квалификациясы боюнча тандоо методунда эӊ көп максималдуу жалпы балл алган консультант контракт түзүү жөнүндө билдирүүнү 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш, ошондой эле, техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана эӊ төмөн баа боюнча тандоо методунда финансылык сунуш үчүн төмөн баа сунуштаган консультант контракт түзүү жөнүндө билдирүүнү 1 (бир) жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш.

    116. Веб-порталда баалоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Сатып алуучу уюм/Агент квалификация боюнча тандоо методунда эӊ көп максималдуу жалпы балл алган консультантты жана техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана эӊ төмөн баа боюнча тандоо методунда финансылык сунуш үчүн эӊ төмөн баа сунуштаган, эң көп сандагы балл алган консультантты контракт түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө веб-портал аркылуу чакырат.

    117. Консультант менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тапшырмаларды аткаруу методикасына, персоналга, кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүнө, Сатып алуучу уюм берүүчү материалдык-техникалык ресурстарга жана контрактын шарттарына тиешеси бар маселелер талкууланат. Консультациялык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн консультантты сыйлоо жөнүндө маселе талкууга алынбайт.

    118. Сүйлөшүүлөр техникалык тапшырманын же контракттын шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөртүүгө алып келбөөгө тийиш, бул алардын консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына жана баштапкы баалоонун маанисине таасир тийгизиши мүмкүн. Техникалык тапшырманын жана/же макулдашылган методиканын акыркы варианты контракттын бөлүгү болуп саналат.

    119. Негизги персонал катары берилген алмаштыруу тажрыйбасы жана квалификациясы боюнча ылайык келбесе, Сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана рейтинг боюнча экинчи орунга ээ болгон консультант менен сүйлөшүүлөргө өтөт, веб-портал аркылуу сүйлөшүүлөргө чакырылат. Рейтинг боюнча экинчи орунга ээ болгон консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда, сатып алуу кайрадан жүргүзүлөт.

    Контрактты өзгөртүү жана бузуу

    120. Эгерде контрактка кол коюлган датадан кийин Кыргыз Республикасынын салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тиешелүү колдонуудагы мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, бул консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын жогорулашына же азайышына алып келсе, Сатып алуучу уюм/Агент (Агент - эгерде ал контракттын тарабы болсо) жана консультант тараптардын макулдугу менен өзгөртүлгөн салыктардын наркына контракттын наркын көбөйтүп же азайта алат.

    121. Эгерде тараптардын бири контракттык милдеттенмелердин шарттарын олуттуу бузса, контракт мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

    122. Контракттын олуттуу бузуулары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок саналып өткөндөр менен чектелбейт:

    1) эгерде консультант сатып алуучу уюм тарабынан тийиштүү билдирүүлөрдөн кийин контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаса;

    2) эгерде консультант сатып алуучу уюмдун пикири боюнча контракттын шарттарын аткарууда коррупция, алдамчылык актысына жол берсе.

    123. Сатып алуучу уюм берүүчүдөн дооматта белгиленген 10 (он) жумуш күндүн ичинде жооп болбосо же ал дооматты ыктыярдуу тартипте канааттандыруудан баш тартса контрактты аткаруудан бир тараптуу баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

    4-бөлүм. Консультанттарга болгон квалификациялык талаптар

    124. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү баллдарды ыйгаруу менен квалификацияга болгон талапты белгилейт:

    1) компаниянын талап кылынган жааттагы окшош тажрыйбасы, Кыргыз Республикасындагы же бирдей өлкөлөрдөгү тажрыйбасын конкреттүү көрсөтүү менен (максималдуу 40 балл);

    2) сунушталган иш планынын сапаты, ошондой эле консультанттын сунушун же техникалык тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган ыкма жана методология (максималдуу 30 балл);

    3) тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган негизги персоналдын квалификациясы жана тажрыйбасы (максималдуу 30 балл).

    125. Тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган консультанттын бардык персоналы үчүн резюме (СV) сунуштун курамында болуусу тийиш. Персоналдын ар бир мүчөсү төмөнкү жана орточо баллдардын негизинде бааланат:

    1) академиялык жана кесиптик квалификация (максималдуу 10 балл);

    2) тапшырмага ылайык келүү (максималдуу 10 балл) (консультант үчүн өзгөчө шарттарда өзүнүн баллдарын белгилөө);

    3) алардын иши аткарыла турган өлкөнүн тилин жана шарттарын билүү же окшош шарттардагы иш тажрыйбасы (максималдуу 10 балл) (консультант үчүн өзгөчө шарттарда өзүнүн баллдарын белгилөө).

    126. Техникалык сунуш үчүн минималдуу өтүү баллы: (баллдардын санын көрсөтүңүз).

    (Сатып алуучу уюм үчүн эскертүү: өтүү баллы адатта 70тен 85ке чейин 100 баллдык шкала боюнча берилет. Эгерде, техникалык сунуштарды баалоо критерийлери чакан критерийлерге бөлүнсө, анда алардын чакан критерийлеринин маанисин көрсөтүңүз).

    5-бөлүм. Сатып алуунун атайын талаптары

    127. Жергиликтүү салыктарга тиешелүү маселелер контрактка кол коюу үчүн сүйлөшүүлөр учурунда талкууланат жана макулдашылат.

    Жергиликтүү салыктардын макулдашылган суммасы контрактын суммасына консультант төлөгөн салыктардын түрлөрүн, ошондой эле Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан консультанттын атынан кармалууга жана төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды көрсөтүү менен өзүнчө сап болуп кошулат.

    же

    Баалоодо аталган салыктар сатып алуунун катышуучусунун финансылык сунушуна киргизилген деп эсептелет.

    128. Бааларды ар кандай валюталарда берүү учурунда, веб-портал тарабынан финансылык сунуш ачылган күнгө карата Улуттук банктын курсу боюнча автоматтык түрдө сомго айландырылат.

    129. Квалификация боюнча тандоо методунда финансылык сунушту автоматтык түрдө ачкандан кийин, веб-портал баалоонун баллдык системасы боюнча финансылык сунушка баа берүүнү жүргүзөт.

    Эң төмөнкү баага ээ болгон финансылык сунушка веб-портал 100гө барабар болгон максималдуу баллды ыйгарат.

    Бардык башка финансылык сунуштарга ыйгарылган балл (Ф) төмөнкү формула боюнча эсептелет:

    Ф = 100 х Бмин/Б, мында:

    Ф – финансылык сунуш үчүн балл

    Бмин - эң төмөн сунушталган баа

    Б - каралып жаткан сунуштун баасы.

    6-бөлүм. Консультанттын сунушунун формаларынын үлгүлөрү

    1-ТС формасы

    Катышууга сунуш

    Кимге: _______________________________________________________

    Консультанттын техникалык сунушун түзүүдө (веб-портал Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын, сатып алынуучу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын, кулактандыруунун № генерациялайт).

    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий веб-порталына http://zakupki.gov.kg/ сатып алуу жөнүндө жарыяланган документтер менен таанышып чыгып, биз, төмөндө кол койгондор, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайбыз.

    Биз муну менен, бул техникалык жана финансылык сунушту камтыган сатып алууга катышууга сунушубузду баалоонун ар бир этабына өзүнчө беребиз

    _____________________________________________

    (же эгерде, техникалык сунушту гана берүү каралган болсо, анда техникалык сунушту гана калтырууга тийиш)

    ______________________________________________________

    Сунуш консорциумдун/бирикменин курамында берилген учурда, консультант төмөнкүлөрдү камтыйт көрсөтөт: Биз сунушубузду (консорциумдун/ бирикменин) атынан, төмөнкүлөрдүн курамында беребиз:

    Жетектөөчү өнөктөш: ______________________________________________

    (Аталышы, юридикалык дареги)

    Өнөктөштөр:_________________________________________

    (Аталышы жана юридикалык дареги)

    Биз веб-порталда толтурулган катышуучунун укуктуулук шарттарына ылайык бул сатып алууга катышууга өзүбүздүн укуктуулугубузду тастыктайбыз.

    Сиздер биздин сунуштарыбызды кабыл алууга милдеттүү эмес экениңиздерди түшүнөбүз.

    Биздин сунуш кабыл алынып, контрактка кол коюлган учурда, сатып алуу шарттарында көрсөтүлгөн датадан кечиктирбестен тапшырманы аткаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү баштоого милдеттенебиз.

    Бул сатып алууга катышуу сунушуна кол коюуга бардык ыйгарым укугу бар.

    2-ТС формасы

    Уюштуруу түзүмү жана консультанттын тажрыйбасы

    130. Консультант консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу түрүнө түздөн-түз тиешеси бар уюштуруу түзүмүнүн акыркы жылдардагы иш тажрыйбасынын кыскача баяндамасын берет.

    131. Жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун/бирикменин) атынан сатып алууга катышууга сунуш берилген учурда консультант ар бир өнөктөштүн окшош тажрыйбасын берет.

    132. Консультант тапшырманын мүнөзүнө окшош болгон компаниянын акыркы жылдардагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берет. Иш тажрыйбасы тууралуу маалымат расмий түрдө контракт түзүлгөн жана берилген учурда контракттык милдеттенмелер аткарылган тапшырмалар боюнча маалыматты камтууга тийиш.

    133. Мурда консультациялык кызматтарды жеке же башка компанияларда көрсөткөн негизги эксперттердин иш тажрыйбасы Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан фирманын иш тажрыйбасы катары эсептелбейт. Ар бир контракт боюнча маалымат, кызматкерлердин берилген штатынын профилин, жумуштун узактыгын, контракттын суммасын жана компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүнөзүн чагылдырууга тийиш.

    - Посмотреть таблицу с данными

    3-ТС формасы

    Техникалык ташырма боюнча комментарийлер жана сунуштар

    134. 3-ТС Форма: Консультант, тапшырманы натыйжалуу аткарууга жана Сатып алуучу уюмдун/Агенттин салымына карата сунуштарга багытталган Техникалык тапшырма боюнча комментарийлерди даярдоону колдонот: иштеген жери, кеңсе жайларын, персоналды жана ресурстарды, административдик колдоо, транспорт жана жабдууларды, баштапкы маалыматтарды, отчетторду берүү.

    (а) Техникалык тапшырма боюнча комментарийлер

    (Консультант, сиздин пикир боюнча ашыкча деп эсептелген Техникалык тапшырманын маңызы боюнча кыскача өзгөртүү жана толуктоо сунуштай алат.)

    (б) Сатып алуучу уюмдун/Агенттин персоналдарына жана ресурстарына карата сунуш

    (Консультант Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берилген персоналга жана ресурстарга карата, мисалы, административдик колдоо, кеңсе жайларын, транспортту жана жабдууларды, баштапкы маалыматтарды, отчетторду ж.б. берүүгө карата комментарий бере алат)

    4-ТС формасы

    Техникалык тапшырманы аткаруу методологиясы

    135. Техникалык тапшырманы аткаруу методологияңызды сүрөттөп, персоналды окутуунун сунушталган методологиясын толук сыпаттамасын кошуп, тапшырманы аткаруу планын иштеп чыгыңыз.

    (эгерде Техникалык тапшырмада Сатып алуучу уюмдун кызматкерлерин окутуу каралса)

    Иштердин планы

    136. Консультант команданын курамын, команданын ар бир мүчөсүнүн милдеттерин, тапшырманы аткаруу мөөнөттөрүн, отчетторду берүү мөөнөттөрүн, отчетторду берүү үчүн жооптуу адамдарды, жыйынтыктоочу документтердин тизмегин жана аларды берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тапшырманы аткаруу планын иштеп чыгууга тийиш.

    Уюштуруу жана персонал менен камсыздоо

    137. Консультант түзүмдү жана сунушталган персоналдын курамын сыпаттайт, анын ичинде негизги эксперттерди көрсөтөт.

    5-ТП форма

    Тапшырманы аткаруу графиги жана отчетторду берүүнүн пландалган мөөнөттөрү

    138. Тапшырманы аткаруу графигинде Консультант техникалык тапшырманы аткаруу, отчетторду даярдоо, акыркы жыйынтыктарды берүү этаптарын көрсөтөт.

    - Посмотреть таблицу с данными

    6-ТС формасы

    Тапшырмаларды аткаруу үчүн эксперттердин жумуш күндөрүн бөлүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    1) Консультант ар бир эксперт боюнча жумуш күндөрдүн/айлардын санын көрсөтөт.

    2) Ай 22 жумуш күнүнө туура келиши керек, бир жумуш күнү 8 саат.

    7-ТС формасы

    Резюме (cv)

    - Посмотреть таблицу с данными

    Билими:

    139. Билимин, окуу жайын, окууга тапшыруу жана аяктоо датасын, дипломун, илимий даражаларын, сертификаттарын көрсөтүү менен тизмеле.

    Тапшырма жаатындагы эмгек иши:

    140. Жумуш ордун, ээлеген кызмат ордун тескери тартипте тизмелеңиз. Иштин башталган датасын, уюмдардын аталышын, ээлеген кызмат ордун, функционалдык милдеттерин мурунку заказчылардын байланыш адамдарын көрсөтүү менен көрсөтүңүз.

    - Посмотреть таблицу с данными

    Тил билүү:

    Мен, төмөндө кол койгон, бул CV мени, менин квалификациямды жана менин тажрыйбамды туура баяндагандыгын күбөлөндүрөм. Мен, бул CVда ар кандай аң-сезимдүү жалган билдирүү дисквалификацияга же четтетүүгө алып келиши мүмкүн экендигин түшүнөм.

    Кол тамга ___________________

    Дата___________________

    7-бөлүм. Консультанттын финансылык сунушунун формаларынын үлгүлөрү

    141. Консультанттын финансылык сунушунун типтүү формаларынын үлгүлөрү финансылык сунушту даярдоодо колдонууга тийиш:

    - 1- форма. Финансылык сунуштун формаларынын үлгүлөрү;

    - 2- форма. Консультанттын чыгымдары;

    - 3- форма. Консультантты сыйлоо;

    - 4- форма. Орду толтурулуучу чыгымдар.

    1- форма

    Финансылык сунуш

    Кимге:_____________________________________________

    консультанттын сунушун түзүүдө (веб-портал Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын, сатылып алынуучу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын, кулактандыруунун № генерациялайт).

    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий веб-порталында http://zakupki.gov.kg/ жарыяланган сатып алуу жөнүндө документ менен таанышып чыгып, биз төмөндө кол койгондор, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайбыз.

    2-ФС Формасында көрсөтүлгөн тиркелген финансылык сунуш, бардык салыктарды, анын ичинде жергиликтүү салыктарды камтыйт. Биздин эсептөөлөр боюнча зарыл учурда жергиликтүү кыйыр салыктардын суммасы контракт боюнча сүйлөшүү убагында ырасталат же корректировкаланат.

    Биздин техникалык жана финансылык сунуш өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, контракт боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, сатып алууга биздин сунушубуздун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин _______ күн (күндөрдүн санын көрсөтүү) биз үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.

    Биз, түзүлгөн жана веб-порталга берилген биздин сунуш жеңүүчү деп аныкталган учурда милдеттенебиз, расмий контракт даярдалганга жана таризделгенге чейин бул сунуш контрактты ыйгаруу тууралуу Сиздин билдирүүңүз жана контрактка кол коюуга биздин ырастообуз менен бирге биздин ортобузда милдеттүү контракттын ролун аткарат.

    Сиздер, биздин сунушту кабыл алууга милдеттүү эмес экениңиздерди түшүнөбүз.

    (Бул сатып алууга катышууга сунушка кол коюуга бардык ыйгарым укугу бар).

    Урматтоо менен,

    Ыйгарым укуктуу жактын кол тамгасы: Аты-жөнү жана кызмат орду:

    Дареги:

    Электрондук почтанын дареги:

    142. Консорциум/бирикменин атынан сунуш берилген учурда, формага жетектөөчү өнөктөш кол коет жана бардык өнөктөштөрдүн атынан сунуштарга кол коюу укугуна ишеним кат берет.

    2-форма

    Консультанттын чыгымдары

    - Посмотреть таблицу с данными

    3- форма

    Консультанттарга сый акы

    - Посмотреть таблицу с данными

    4- форма

    Орду толтурулуучу чыгымдар

    - Посмотреть таблицу с данными

    8-бөлүм. Контракттын типтүү формалары

    143. Кызмат көрсөтүүлөргө убакыт боюнча акы төлөө контракты. Контракттардын бул түрү кызмат көрсөтүүнүн зарыл көлөмүн жана узактыгын аныктоо же белгилөө кыйын болгон учурларда колдонулат, анткени алар ишке ашыруу мезгили өзгөрүшү мүмкүн болгон башкалар жүргүзгөн ишке көз каранды же тапшырманын максаттарына жетүү үчүн талап кылынган консультанттардын салымын баалоо жетишээрлик татаал. Контракттын ушул түрүнө ылайык онсультант техникалык тапшырмада белгиленген сапат талаптарына ылайык убакыт негизинде кызмат көрсөтөт. Консультантка сый акы берүү, алардын кызмат көрсөтүүгө иш жүзүндө кетирген убактысынын негизинде эсептелет. Төлөнүүгө тийиш болгон сумма төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

    1) консультанттын эксперттеринин макулдашылган бир жолку коюмдары, алар тапшырманы аткарууга иш жүзүндө кетирген убактысына көбөйтүлөт,

    2) жана иш жүзүндөгү чыгымдарды жана (же) макулдашылган бир жолку бааларды эске алуу менен аныкталуучу орду толтурула турган чыгымдар.

    Контракттын мындай түрү Сатып алуучу уюмдан консультанттын ишин түздөн-түз жетекчилик кылууну, күн сайын тапшырманы аткарууга тартылууну талап кылат.

    Консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракттын типтүү формасы

    Убакыт боюнча акы төлөө тапшырмалары

    Контракт

    ________________________________(Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы), мындан ары Сатып алуучу уюм деп аталган _________________________ (юридикалык укук ченемин ырастаган документ (устав, Жобо, ишеним кат)) негизинде иштеген ______________________________(жетекчинин аты-жөнү) атынан жана ______________________________(компаниянын аталышы), мындан ары “Консультант” деп аталган _______________________________(юридикалык укугун ырастаган документ (устав, ишеним кат)) негизинде иштеген ________________________ (контрактка кол коюуга ыйгарым укуктуу консультанттын аты-жөнү) атынан, башка тараптан биргеликте “Тараптар” деп аталуучу №___________________________өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча _ (консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы) консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө ушул контракты (мындан ары – Контракт) түзүштү.

    1. Консультанттын милдеттери

    1.1.Консультант, бул Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган “Техникалык тапшырма” А тиркемесинде көрсөтүлгөн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарат.

    1.2. Консультант “Отчеттор боюнча Консультанттын милдеттери” Б тиркемесинде көрсөтүлгөн отчетторду ушул тиркемеде көрсөтүлгөн мөөнөттө берет, ошондой эле консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн “Кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдардын сметасы, Персоналдын тизмеси жана тарифтик торчо” В тиркемесинде көрсөтүлгөн персоналды берет.

    2. Мөөнөттөр

    2.1.Консультант ____________________(башталган датаны көрсөтүңүз) башталган мезгилдин ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтөт жана ____________________(аяктоо датасын көрсөтүңүз) чейин же тараптар тарабынан жазуу жүзүндө макулдашуунун натыйжасында ар кандай башка мезгилге чейин улантылат.

    3. Акы төлөө

    3.1. А Тиркемесине ылайык көрсөтүлгөн консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн Сатып алуучу уюм Консультантка ________________________________ (сумманы көрсөтүңүз) Консультанттын салыктык милдеттенмелерин эске алуу менен, чектүү суммадан ашпаган сумманы төлөп берет. Бул контракт боюнча төлөмдөр, төмөндөгү Б пунктчасына ылайык аныкталуучу сый акыларды, ошондой эле В пунктчасына ылайык орду толтурулуучу чыгымдарды камтыйт.

    3.2. Сатып алуучу уюм Консультантка көрсөтүлгөн консультациялык кызматтар үчүн иштеген адамга/айга эсептөө менен белгиленген коюм боюнча (же жумуш күнүнүн максималдуу узактыгы сегиз саатка жараша иштеген күн же иштеген саат) “Кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдардын сметасы, Персоналдын тизмеси жана тарифтик торчо” В тиркемесинде көрсөтүлгөн макулдашылган коюмдардын негизинде төлөп берет.

    3.3.Сатып алуучу уюм Консультантка орду толтурулуучу чыгымдарды төлөп берет, ал төмөндөгү жоболорду камтыйт жана алар менен чектелет:

    (1) расмий кыдыруулар үчүн кадимки жана стандарттык чыгымдар, мейманкана чыгымдары, телефонду пайдалануу жана материалдарды басып чыгаруу үчүн акы; расмий транспорттук чыгымдар эконом классынын тарифтери боюнча төлөнөт жана Заказчынын координатору тарабынан бекитилүүгө тийиш;

    (2) Сатып алуучу уюмдун координатору тарабынан алдын ала жактырылган ушул сыяктуу чыгымдар.

    3.4. Акы төлөө эсептер Координаторго эки нускадан берилгенден жана көрсөтүлгөн кызматтарды өткөрүп берү-кабыл алуу актыларына кол коюлгандан кийин 3 (үч) айдан кечиктирбестен ___________________ (валютаны көрсөтүңүз) жүргүзүлөт.

    4. Долбоорду жетектөө

    4.1.Заказчы Сатып алуучу уюмдун Координатору катары ___________________ (аты-жөнүн көрсөтүңүз) дайындайт. Координатор ушул Контракт боюнча иштерди координациялоо, акы төлөөгө карата эсептерди алуу жана бекитүү, ошондой эле Сатып алуучу уюмга берилүүчү материалдарды алуу үчүн жооп берет.

    5. Конфиденциалдуулук

    5.1. Бул Контракттын иш аракетинин мөөнөтүнүн ичинде жана ал аяктагандан кийин эки жылдын ичинде Консультант Сатып алуучу уюмдун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз менчик болуп саналган же конфиденциалдуу маалыматтарды камтыган жана кызмат көрсөтүүлөргө, ушул Контрактка же ишкердик ишке жана Сатып алуучу уюмдун операцияларына тиешелүү кандайдыр бир маалыматты ачыкка чыгарбайт.

    6.Материалга менчик укугу

    6.1. Бул Контракттын алкагында Заказчы үчүн Консультант тарабынан даярдалган бардык изилдөөлөр, отчеттор жана башка материалдар, графиктер, программалык камсыздоо жана башка документтер Сатып алуучу уюмдун менчиги болуп саналат. Консультант мындай документтердин жана программалык камсыздоонун көчүрмөсүн сактай алат.

    7. Консультантка иштин белгилүү түрлөрүнө катышууга тыюу салуу

    7.1. Ушул Контракттын иш аракетинин мөөнөтүнүн ичинде жана Контракттын иш аракети токтотулгандан кийин Консультант жана Консультанттын ведомстволук баш ийүүсүндө турган ар кандай уюмдун Консультант берген консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн же алар менен тыгыз байланышкан ар кандай долбоор боюнча товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү (консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана аларды узартуудан тышкары) берүүгө укугу жок.

    8. Жөнгө салуу укуктары жана Контрактын тили

    8.1. Контракт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат, ал эми Контракттын тили ______________________ (контрактын тили) болуп саналат. Контракт эки же андан көп тилде түзүлгөн учурда ____________________ (тилди көрсөтүңүз) тилде түзүлгөн Контракт артыкчылыкка ээ.

    9. Пикир келишпестикттерди жөнгө салуу

    9.1. Бул Контракт боюнча бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жалпы юрисдикциядагы сотто чечилүүгө тийиш.

    Сатып алуучу уюм Консультант

    Кол тамга ____________________ Кол тамга_____________

    Кызмат орду: _________________ Кызмат орду___________

    Тиркемелердин тизмеси

    А тиркемеси: Техникалык тапшырма

    Б тиркемеси: Отчеттуулук боюнча Консультанттын милдеттенмелери

    В тиркемеси: Кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдардын сметасы, Персоналдын тизмеси жана Тарифтик торчо

    А тиркемеси:

    Техникалык тапшырма

    Б тиркемеси

    Отчеттуулук боюнча консультанттын милдеттенмелери

    Отчеттор

    - Посмотреть таблицу с данными

    В тиркемеси

    Консультанттын чыгымдары, консультанттарга, персоналга сый акы берүү

    Консультанттын чыгымдары

    - Посмотреть таблицу с данными

    Консультанттарга сый акы берүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    Орду толтурулуучу чыгымдар

    - Посмотреть таблицу с данными

    Кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген акы төлөө менен контракт

    144. Контракттын бул түрү негизинен кызмат көрсөтүүнүн көлөмү, мөөнөтү жана натыйжалары так аныкталган тапшырмалар үчүн колдонулат. Мында, контракт боюнча төлөмдөр консультант берген отчеттор, чиймелер, иштин көлөмүнүн ведомосттору, сатып алуу жөнүндө документтер же программалык камсыздоо сыяктуу натыйжалар (отчеттор) менен түздөн-түз байланыштуу.

    Белгиленген акы төлөө менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракттын типтүү формасы

    Контракт

    ______________________________(Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы) мындан ары “Сатып алуучу уюм” деп аталган _________________________ (юридикалык укукту ырастаган документ (устав, Жобо, ишеним кат) негизинде иштеген ______________ (жетекчинин аты-жөнү) атынан жана _____________________ (Компаниянын аталышы) мындан ары “Консультант” деп аталган _______________________________(юридикалык ыйгарым укугун ырастоочу документ (устав,ишеним кат)) негизинде иштеген_________________________(контрактка кол коюуга ыйгарым укуктуу консультанттын аты-жөнү) атынан №____________________________өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча башка тараптан биргеликте “Тараптар” деп аталгандар ____________________________ (консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы) консультациялык кызматтарын көрсөтүүлөр ушул контрактты (мындан ары - Контракт) түзүштү.

    1. Кызмат көрсөтүүлөр

    1.1. Консультант "Техникалык тапшырма" А тиркемесинде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү аткарат, ал контрактын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

    1.2. Консультант консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн "Консультанттын персоналы" В тиркемесинде көрсөтүлгөн персоналды берүүгө тийиш.

    1.3. Консультант Сатып алуучу уюмга "Отчеттуулук боюнча консультанттын милдеттенмелери" В тиркемесинде көрсөтүлгөн форма жана мөөнөт боюнча отчет берүүгө тийиш.

    2.Мөөнөт

    2.1.Консультант____________________________(баштоо датасын көрсөтүңүз) баштап__________________(аяктоо датасын көрсөтүңүз) чейин улантылган мезгилдин ичинде же кийинчерээк тараптар жазуу жүзүндө макулдашуусу мүмкүн болгон башка мезгилде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга тийиш.

    3.Акы төлөө

    3.1. А тиркемесине ылайык көрсөтүлгөн кызматтар үчүн Сатып алуучу уюм _________________________________(контрактын суммасын көрсөтүңүз) ашпаган сумманы консультантка төлөйт. Бул суммага Консультанттын бардык чыгымдары жана кирешелери, ошондой эле бардык салыктык милдеттенмелери кирет.

    3.2.Төлөө графиги: Сатып алуучу уюм тарабынан Сатып алуучу уюм үчүн алгылыктуу биринчи отчетту алууда ________________________________(сумма жана валюта) жана Сатып алуучу уюм тарабынан Сатып алуучу уюм үчүн алгылыктуу экинчи отчетту алууда ________________________ (сумма жана валюта); Сатып алуучу уюм тарабынан Сатып алуучу уюм үчүн алгылыктуу акыркы отчетту алу_________________(сумма жана валюта);

    ЖЫЙЫНТЫГЫ_________(контрактын жалпы суммасын жана валютаны коюңуз).

    3.3. 4-пунктта көрсөтүлгөн Координаторго эсептер эки нускада берилгенден жана көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин 3 айдан кечиктирбестен ________ (валютаны көрсөтүнүз) акы төлөө жүргүзүлөт.

    4.Долбоорду жетектөө

    4.1. Сатып алуучу уюм тарабынан Сатып алуучу уюмдун Координатору катары ________________________________________ (аты-жөнүн көрсөтүңүз) дайындайт. Координатор ушул Контракт боюнча ишти координациялоо, Сатып алуучу уюм тарабынан отчетторду жана башка берилген материалдарды алуу жана бекитүү, ошондой эле төлөнө турган эсептерди алуу жана бекитүү үчүн жооп берет.

    4.2. “Отчеттуулук боюнча консультанттын милдеттемелери” В тиркемесинде аталган отчеттор тапшырманы аткаруу мөөнөтүнүн ичинде берилүүгө жана 3-пунктка ылайык төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөр үчүн негиз болууга тийиш.

    5. Аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары

    5.1. Консультант кесипкөйлүктүн, этикалык жана адеп-ахлактык ченемдердин эң жогорку деңгээлинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга милдеттенет.

    5.2. Сатып алуучу уюм эксперттердин ишине канааттандырарлык эмес баа берген учурда, Консультант бул Контракт боюнча тартылган бардык эксперттерди ыкчам алмаштырат.

    6. Конфиденциалдуулук

    6.1. Бул Контракттын иш аракетинин мөөнөтүнүн ичинде жана ал аяктагандан кийин эки жылдын ичинде Консультант Сатып алуучу уюмдун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз менчик болуп саналган же конфиденциалдуу маалыматтарды камтыган жана ушул контракттын кызмат көрсөтүүлөрүн, же ишкердик ишке жана Сатып алуучу уюмдун операцияларына тиешелүү кандайдыр бир маалыматты ачыкка чыгарбайт.

    7.Материалдарга менчик укугу

    7.1. Бул контракттын алкагында Сатып алуучу уюм үчүн Консультант тарабынан даярдалган бардык изилдөөлөр, отчеттор жана башка материалдар, графиктер, программалык камсыздоо жана башка документтер Сатып алуучу уюмдун менчиги болуп саналат. Консультант мындай документтердин көчүрмөсүн жана программалык камсыздоону сактай алат.

    8.Милдеттенмелерди ыйгарып берүү

    8.1. Сатып алуучу уюмдун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз, Консультант ушул Контракт же суб контракт, же анын кайсы бир бөлүгү боюнча өз милдеттенмелерин ыйгарып берүүгө тийиш эмес.

    9. Колдонулуучу укук жана контрактын тили

    9.1. Контракт Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат, ал эми контракттын тили _________________________ (контракттын тили) болуп саналат. Контракт эки же андан көп тилде түзүлгөн учурда _____________________________ (тилди көрсөтүңүз) түзүлгөн Контракт артыкчылыктарга ээ.

    10. Пикир келишпестикттерди жөнгө салуу

    10.1. Ушул Контракт боюнча же аны менен байланышкан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жалпы юрисдикциядагы сотто чечилүүгө тийиш.

    Сатып алуучу уюм Консультант

    Кол тамга_____________________________ Кол тамга ______________

    Кызмат орду: ______________________ Кызмат орду: _____

    Тиркемелердин тизмеси

    А тиркемеси: Техникалык тапшырма

    Б Тиркемеси: Консультанттын персоналы

    В Тиркемеси: Отчеттуулук боюнча Консультанттын милдеттенмелери

    А тиркемеси:

    Техникалык тапшырма

    Б тиркемеси:

    Консультантттын персоналы

    В тиркемеси:

    Отчеттуулук боюнча консультанттын милдеттенмелери

    Отчеттор

    - Посмотреть таблицу с данными

    Консультанттын чыгымдары, консультанттардын персоналына сый акы

    Консультанттын чыгымдары

    - Посмотреть таблицу с данными

    Тендеры из отрасли Химия

    Название Тип тендера Цена Период показа
    Тендер №268477179
    Диагностикумы

    Запрос предложений
    #268477179
    срок истек
    14.03.2024
    20.03.2024
    Единственный поставщик
    #268475879
    98
    срок истек
    14.03.2024
    -
    Тендер №268475756
    Нефрас С2 80/120, ацетон

    Электронный аукцион
    #268475756
    17 200
    Обеспечение заявки:
    17 200
    срок истек
    14.03.2024
    24.03.2024
    Единственный поставщик
    #268472438
    330
    срок истек
    14.03.2024
    -
    Единственный поставщик
    #268469209
    700
    срок истек
    14.03.2024
    -

    Тендеры из региона Киргизия

    Название Тип тендера Цена Период показа
    Запрос котировок
    #268491714
    470 700
    Обеспечение контракта:
    2.5%
    срок истек
    15.03.2024
    20.03.2024
    Запрос котировок
    #268489182
    33 395
    Обеспечение контракта:
    5%
    срок истек
    15.03.2024
    03.04.2024
    Запрос предложений
    #268488807
    срок истек
    15.03.2024
    30.03.2024
    Запрос котировок
    #268483374
    1 805 000
    срок истек
    14.03.2024
    20.03.2024
    Запрос котировок
    #268483232
    928 620
    срок истек
    14.03.2024
    20.03.2024