Вход в личный кабинет

Тендер - Приобретение мыло-моющих товаров №268219867

Описание тендера: Приобретение мыло-моющих товаров
Сумма контракта: 615 200,00 KGS Получить финансовую помощь
Начало показа: 12.03.2024
Окончание: 15.03.2024 16:07:00
Тендер №: 268219867
Тип: Запрос котировок Тендерная аналитика
Отрасль: Химия / Бытовая химия
Регион: Киргизия / Иссык-Кульская область
Источник: ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
Обеспечение контракта: 10%

Зарегистрируйтесь и получите полную информацию о Заказчике, аналитику по снижению им цены и основным поставщикам.

Лот 1

Предмет контракта: Порошки
Цена контракта: 58 050,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Стиральный порошок Миф (оригинал) или его аналог для ручной стирки, 400 г - - 220 Пачка
2 Стиральный порошок Миф (оригинал) или его аналог,2кг автомат, Эффективно отстирывает различные пятна, а специальные отбеливатели, входящие в состав стирального порошка, сохраняют яркие цвета вещей. - - 100 Килограмм
3 Средство чистящее Пемолюкс (оригинал),порошок, с инновационной формулой Сода 5 Эффект,480г или его аналог - - 85 Штука
Лот 2

Предмет контракта: Мыло моющие средство
Цена контракта: 28 600,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Средство для мытья стекол и зеркал Grass Clean Glass, 600 мл или его аналог.Универсальный очиститель для стекол, зеркал, пластика, хрома, кафеля. - - 50 Штука
2 Средство Для Мытья Посуды 0.5л. AOS Лимон (оригинал) или его аналог - - 230 Штука
Лот 3

Предмет контракта: Перчатки резиновые
Цена контракта: 39 000,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Перчатки резиновые желтые "Лилия"(оригинал) или его аналог (размер по соглосованию) - - 650 Пара (2 шт.)
Лот 4

Предмет контракта: Салфетки бумажные
Цена контракта: 79 050,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Полотенца бумажные (салфетки рулон ) Elma или его аналог целлюлозные, белые, двухслойные. Упаковка 2 шт. - - 930 Упаковка
Лот 5

Предмет контракта: Тряпки для уборки
Цена контракта: 248 750,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Нетканное полотно-Лучшая стандартная строчка – 2,5 –5мм Мягкость, не оставляет ворса Высокая пылепоглащаемость Долговечность Гигроскопичность Натуральность Износостойкость - - 920 Метр
2 Салфетка из микрофибры пушистая 30х30 см,Пушистая салфетка из микрофибры для хозяйственно-бытовых нужд. Подходит для сухой и влажной уборки. Отлично впитывает воду и не оставляет ворсинок на предметах.(желтый,синий,красный) - - 2000 Штука
3 Тряпки кухонные Для сухой и влажной уборки Тряпка Германская Оригинал с дырками 3 шт. (германия или его аналог) - - 98 Упаковка
Лот 6

Предмет контракта: Моп цветная кодировка
Цена контракта: 30 250,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Моп цветной кодировкой (характеристику и описание в прикрепленном файле) - - 55 Штука
Лот 7

Предмет контракта: Швабра с ведром для уборки
Цена контракта: 82 500,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Умная швабра с отжимом и ведром , тряпка из микрофибры для сухой и влажной уборки, с отжимом без рук Набор и насадки для швабры с многоразовым сменным ковриком, Функция стирки и сушки - - 55 Штука
Лот 8

Предмет контракта: Пакеты для мусора
Цена контракта: 49 000,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Мешки для мусора ПНД, 6 мкм, 30 л, чёрные, в рулоне, 50 шт/уп. - - 350 Упаковка
2 Мешки для мусора ПНД, 6 мкм, 60 л, чёрные, в рулоне, 50 шт/уп. - - 100 Упаковка
3 Пакеты для мусора, с затяжками, выгодный набор 60л бирюзовый,в рулоне 20шт/уп - - 250 Упаковка
Задать вопрос по тендеру: 
Документация
2015-04-21_Bank_Details_Proc_Org (3).docx 15 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
instruktsiya dlya postavshikov (1) (1).docx 71 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
WhatsApp Image 2023-09-13 at 14.50.57 (1) (1) (1).jpeg 109 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
WhatsApp Image 2023-09-12 at 13.35.58 (1) (1) (1).jpeg 218 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
Mop (1).docx 52 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
Shvabra s vedrom.docx 42 КБ 12.03.24 13:23 Действующая
Извещение.html 21 КБ 12.03.24 13:23 Действующая

Оглавление

    ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть-21_Bank_Details_Proc_Org_(3)

    Форма для закупающих организаций

    (Логотип фирменного бланка организации)

    ЦОВП Жети-Огузского района, настоящим сообщает банковские реквизиты. Сведения могут быть использованы исключительно для целей и нужд по безналичному начислению гарантийного обеспечения тендерной заявки (ГОТЗ) поставщиками в электронной системы государственных закупок.

    Со своей стороны, ответственно подтверждаем, что все указанные данные действительны.

    Все претенденты на участие в тендере должны предоставить свои тендерные заявки вместе с гарантийным обеспечением тендерной заявки в размере указанной в тендерной документации, перечисленным на счетзакупающей организации по следующим реквизитам.

    - Посмотреть таблицу с данными

    ***В назначении платежа указывать «за ГОТЗ на тендер №______», опубликованного на Официальном портале государственных закупок КР http://zakupki.gov.kg.»

    Руководитель ________________________________

    (подпись) (ФИО)

    (МП)

    ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть Извещение Информация об организации Наименование организацииУчреждение "Центр общеврачебной практики Жети-Огузского а" Фактический адресИссык-Кульская Область, Жети-Огузский Район, Кызыл-Сууйский айылный аймак, Кызыл-Суу Рабочий телефон0(3▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть Осталось до закупки * Все объявления данной организации * Лоты - Посмотреть таблицу с даннымиЗагрузка .....
    Квалификационные требования - Посмотреть таблицу с даннымиСпециальные требования Предзакупочное совещаниеНе предусмотрено - Посмотреть таблицу с даннымиКритерии оценки предложений - Посмотреть таблицу с даннымиОсобые условия контракта Гарантийное обеспечение исполнения контракта10.0% Упаковка 1Заводская упаковка, надежная и обеспечивающая сохранность товара при транспортировке и хранении Страхование товараНе предусмотрено Сопутствующие услугиДоставка с разгрузкой до склада Банковское сопровождение контрактаНе предусмотрено Технический контроль и испытания - Посмотреть таблицу с даннымиЗапасные частиНе предусмотрено Гарантия Гарантийный период: Гарантия товара в течении срока действия договора
    Обеспечить исправление дефектов по гарантии: в течении 2-х рабочих дня со дня выявления дефекта.

    Неустойка за невыполнение гарантийных обязательств - Посмотреть таблицу с даннымиДокументы, которые должны быть предоставлены поставщиком при поставке товара - Посмотреть таблицу с даннымиУрегулирование споровСпоры, возникающие из настоящего контракта или в связи с ним, подлежат разрешению в Суд общей юрисдикции Кыргызской Республики Протокол Проект контракта Платеж - Посмотреть таблицу с даннымиНеустойкиЗа несвоевременную поставку - Посмотреть таблицу с даннымиЗа несвоевременную оплату - Посмотреть таблицу с даннымиFP NEРазъяснений на странице Rows Per Page Shvabra_s_vedrom

    Mop_(1)

    Моп из микроволокна предназначен для ежедневной влажной уборки и дезинфекции всех типов гладких полов.

    • Наиболее долговечен в использовании в отличие от хлопкового мопа.
    • Во время уборки не оставляет разводов и волокон на поверхности.
    • На 90% сокращать содержание бактерий на убираемой поверхности.
    • Стирка при температуре до 90° С .
    • Состав: 90% полиэстер, 10% полиамид, микроволокно.
    • Размер - 40*13, Вес – 160 гр.
    • Кодируется цветной лентой на верхней стороне (синяя), что позволяет разграничить уборку полов различных помещений (например: красный цвет – для санузла, синий – для коридора и т.д.).
    instruktsiya_dlya_postavshikov_(1)_(1)

    3-бөлүм

    Берүүчүлөр үчүн нускама

  • Бул бөлүм типтүү бөлүм болуп саналат жана ар бир сатып алуу боюнча, берүүчүлөр үчүн сатып алуучу уюм/Агент веб-порталда сатып алуу предметине жараша өзүнчө типтүү нускаманы иштеп чыгат жана ага жетүүнү камсыз кылат.
  • 22. Берүүчүлөргө, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизилген алардын жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүн курамына субберүүчү же жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу катары катышкан жетекчилерге мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

    23. Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жактар болсо, берүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

    24 Эгерде бир берүүчүнүн катышуучулары жана башкаруу органдарынын мүчөлөрү башка берүүчүнүн катышуучуларына, башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата жакын туугандары жана жакын адамдары болсо, берүүчүлөргө бир сатып алууга катышууга тыюу салынат.

    25. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен төмөнкү учурларда сатып алуулар жөнүндө контракт же алкактык макулдашуу түзө албайт:

    - эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болсо;

    − эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү жетекчинин, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн кызматкеринин/агентинин жакын тууганы же жакын адамы болсо;

    - эгерде аффилирленген жак болсо;

    − эгерде бул сатып алууда анын сунушун даярдоо үчүн сатып алуучу уюмда/Агенттен сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого мурда жооптуу болгон адам тартылса.

    26. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирленгендиги жоктугу тууралуу ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык менчик ээлери жөнүӊдө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат веб-порталда же электрондук каталогдо ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.

    27. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган коррупция, алдамчылык, кутум жана мажбурлоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого тийиш.

    28. Сатып алуучу уюм тарабынан ушул Нускаманын▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открытьпункттарында көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш.

    29. Берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу документтеринин жоболору боюнча түшүндүрүүнү талап кыла алышат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен веб–портал аркылуу мындай суроо-талапка жооп берет.

    Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мында мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мөөнөттөрдү узартуу жөнүндө бардык катышуучуларга автоматтык түрдө кабарлоолорду жөнөтөт

    30. Берүүчү төлөп бериши керек, жана сатып алуу жөнүндөгү документтерде белгиленген өлчөмдө жана формада сунушту кепилдикти камсыздоо үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө документалдык далилдерди тиркеши керек. Сунушка кепилдикти камсыздоо сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин күчүндө калууга тийиш. Сунуштарды кепилдик камсыздоону акча каражаттары түрүндө берилген учурда, берүүчү сунуштар ачылган учурга чейин сатып алуучу уюмдун/Агенттин депозиттик/эсептешүү эсебине сатып алуунун номерин көрсөтүү менен алардын келип түшүүсүн камсыз кылат.

    31. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо төмөнкү учурларда кармалат:

    - сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарында жана берүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартуу, эгерде мындай баш тартуу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар болгонго чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан учурларды кошпогондо;

    - эгерде мындай кепилдикти камсыздоону берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралса, контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоодон баш тартуу;

    - берүүчүнүн сунушу ачылгандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра чакыртып алынганда;

    - сунуштарды ачкандан кийин берүүчүнүн сунуш шарттарынын өзгөрүшү.

    32. Берүүчүлөр сатып алуу документтеринде белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештиги жөнүндө маалымат берип, документалдык далилдерди тиркеши керек:

    - сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык мезгилин көрсөтүү менен лоттун же сатып алуунун суммасына сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун документтик жактан тастыкталган окшош тажрыйбасынын болушу (эгерде сатып алуу бир лот боюнча жүргүзүлсө). Ырастоо үчүн берүүчүлөр аткарылган контракттардын көчүрмөлөрүн катышуучу лоттордун суммасына жараша тиркөөгө тийиш (бир нече лотторго сунуш берилген учурда, сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына ылайык аткарылган контракттардын көчүрмөлөрү бардык лоттордун суммасына пропорционалдуу түрдө берилет);

    - чыгымдардын жоктугу жана финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу (сатып алуучу уюм/Агент сураган акыркы жыл үчүн бардык тиркемелери менен финансылык отчеттун же бирдиктүү салык декларациясы, банктан көчүрмө менен тастыкталат);

    - Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу берүүчү сунуш берген күнгө карата 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору эмес. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн - жүргөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыздар жөнүндө маалымат. Резидент эмес берүүчүлөр катталган өлкөдөгү расмий органдардан сатып алууларга катышуу мезгилине маалымкат беришет;

    - кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугу (берүүчүнүн жетекчисинин колу коюлган кат менен ырасталат);

    - лицензиянын тиркемелери менен көчүрмөсүн жана лицензиянын суралган деңгээлин берүү менен лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - лицензияны Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде тараптар өз ара тааныган учурда лицензияны алган өлкөнүн лицензиясынын болушу);

    - контрактты аткаруу үчүн сатып алуучу уюм/Агент сураган материалдык-техникалык базанын болушу. Материалдык-техникалык базанын бар экендигин тастыктоо үчүн берүүчүлөр материалдык-техникалык базанын бар экендиги жөнүндө документтерди, суралган ар бир техника бирдиги боюнча техникалык паспорттун көчүрмөсүн же контрактты аткаруу мезгилин камтыган ижара контрактын (келишимин) тиркөөгө тийиш;

    - тиешелүү квалификациядагы, зарыл билими жана тажрыйбасы бар кызматкерлердин бар экендигин тастыктоо үчүн берүүчүлөр сураган ар бир квалификациялуу адис боюнча эмгек китепчелеринин, контракттарынын, дипломдун жана сертификаттардын көчүрмөлөрүн тиркөөгө тийиш.

    33. Контрактты ыйгаруу үчүн, Берүүчү сатып алуу документтериндеги бардык белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

    34. Эки же андан көп адамдан турган жөнөкөй шериктештик тарабынан берилген берүүчүнүн сунушу төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

    - жетектөөчү өнөктөш сатып алуу жөнүндө документтерде же алдын ала квалификациялык документтерде белгиленген квалификациялык талаптардын 40 пайызынан кем эмесине, ал эми калган өнөктөштөр 10 пайыздан кем эмесине ылайык келүүгө тийиш;

    - жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн тажрыйбасы, жөнөкөй шериктештиктин өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде же квалификациялоонун алдындагы документтерде белгиленген талаптарга 100 пайызга ылайык келүүгө тийиш. Ушул талаптарга жооп бербеген учурда жөнөкөй шериктештиктеги берүүчүнүн сунушу четке кагылат;

    - өнөктөштөрдүн бири жетектөөчү болушу керек, ишеним кат менен тастыкталган, милдеттенмелерди аткарууга жана каалаган өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү алууга укуктуу;

    - берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосу үчүн акы төлөө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик сатып алууга катышууга сунуш берген жөнөкөй шериктештиктин (консорциумдун) берүүчүсүү/жетектөөчү өнөктөшү тарабынан гана жүзөгө ашырылат;

    - ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык өнөктөштөр ортосунда түзүлгөн макулдашууну камтууга тийиш. Макулдашууда башка нерселер менен катар, бардык өнөктөштөр Контракттын шарттарына ылайык Контракттын аткарылышы үчүн биргелешип жооп беришет жана башкы өнөктөш милдеттенмелерди аткарууга жана каалаган өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү алуу укугу, ошондой эле Контрактты аткаруу боюнча бардык операциялар, анын ичинде төлөмдөр башкы өнөктөш менен гана жүргүзүлөөрү көрсөтүлөт;

    - жөнөкөй шериктештиктен (консорциумдан) сунушка башкы өнөктөш кол коюшу керек;

    - сунуш веб-порталда жөнөкөй шериктештик келишими менен аныкталган алдыңкы өнөктөштүн жеке кабинетинен гана берилет;

    35. Жөнөкөй шериктештиктин сунушу жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга туура келбеген учурда, сунуш четке кагылат.

    36. Ар бир берүүчү сатып алууга катышуу үчүн бир гана сунушту өз алдынча же жөнөкөй шериктештикте бере алат. Эгерде берүүчү бир нече сунушту өз алдынча же жөнөкөй шериктештикте сунуштаса, анда ал берүүчүнүн бардык сунуштары четке кагылат.

    37. Сатып алууну биринчи этапта чексиз ыкма менен сүйлөшүү жолу менен жүргүзгөн учурда, сатып алуучу уюм/Агент:

    - сатып алуунун биринчи этабы үчүн сатып алуучу уюм товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык жана башка мүнөздөмөлөрүнө; аларды берүүнүн контракттык шарттарына, ал эми зарыл учурларда - берүчүлөрдүн кесиптик жана техникалык компетенциясына, квалификациялык маалыматтарына тиешелүү сунуштарды тартат;

    - биринчи этапта сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр менен техникалык спецификацияларды, аткаруу методикасын өзүнчө же берүүчүлөр менен бирдикте талкуулайт жана бардык берүүчүлөргө ушундай талкууларга ошол эле шарттарда катышуусун камсыз кылат. Эгерде биргелешкен талкууларды өткөрүү берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылса гана ар бир берүүчү менен өзүнчө талкуулоого уруксат берилет;

    - биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалымат жана сүйлөшүүлөрдүн маңызы көрсөтүлөт;

    - экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө жөнөтөт;

    - биринчи пакетте баштапкы сунуштары четке кагылбаган бардык берүүчүлөрдү кайра каралган сатып алуу шарттарын эске алуу менен акыркы техникалык жана финансылык сунуштарды берүүгө чакырат.

    38. Сатып алуучу уюмга/Агентке сатып алуу предметин өзгөртүүгө тыюу салынат, бирок сатып алуу предметинин сыпаттамасынын аспектисин төмөнкүлөр аркылуу тактоого уруксат берилет:

    - сатып алуу предметинин баштапкы көрсөтүлгөн техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн кайсы болбосун аспектисин алып салуу же өзгөртүү жана Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы мүнөздөмөлөрдү кошуу;

    - эгерде бул критерийлер сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө тиешелүү болсо, сунушту карап чыгуу же баалоо үчүн, же Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы критерийлерди алып салуу же өзгөртүү;

    - ар кандай четтетүү, өзгөртүү, кошуу же акыркы сунуштарды берүү жөнүндө билдирүүлөр.

    39. Чектелбеген метод боюнча сүйлөшүүлөр менен сатып алуунун жеңүүчүсү деп эки этапка теӊ катышкан берүүчү таанылат.

    Сунуштарды даярдоо жана берүү

    40. Берүүчүлөр сатып алуу жөнүндө документтер камтыган бардык шарттарды жана нускамаларды карап чыгышы керек. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан суралган кандайдыр бир маалыматтын жоктугу үчүн жоопкерчилик берүүчүгө жүктөлөт жана сунушту четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.

    41.Тапшыруу үчүн, берүүчү өз сунушун даярдайт:

    - берүүчүнүн сунушу, ошондой эле бул сунушка тиешелүү документтер сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде түзүлүшү керек. Эгерде сунушка башка тилдеги документтер (сертификаттардын көчүрмөлөрү, техникалык документтер, жарнамалык продукция ж.б.) тиркелсе, анда мындай документтерде сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде котормосу менен нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек;

    - акча каражаты болгон учурда сунушту кепилдик камсыздоону сатып алуучу уюмдун эсебине киргизет.

    42. Техникалык жана финансылык сунушка кирген документтер. Берүүчүнүн сунушу төмөнкүлөрдү камтыйт:

    - берүүчүнүн мөөрү жана кол тамгасы менен толтурулган сунуштун формасы;

    - сапатты ырастоочу документтери (сертификат же декларация) менен сунушталган товардын техникалык спецификациясы;

    - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан лоттор бөлүмүндө сатып алуу жөнүндө документтердин лотторунда белгиленген техникалык спецификациялары менен чыгымдалуучу материалдарга баасы жок (чектөөсүз метод болгон учурда) чыгымдалуучу материалдардын таблицасы;

    - Техникалык тапшырманы аткаруу методикасы же жумуштун, кызмат көрсөтүү көлөмүнүнүн ведомосту, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу менен байланышкан товарларга техникалык спецификациялар, товарлардын сапатына ырастоочу документтер, чиймелер, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги;

    - квалификациялар боюнча белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу документтери менен толтурулган “Квалификациялар жөнүндө маалыматтар” формасы;

    - эгерде сунушка ишкананын жетекчиси кол койсо, анын ыйгарым укуктарын ырастаган уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет;

    - берүүчүнүн атынан милдеттенмелерди кабыл алуу ыйгарым укуктарын ырастаган, сунушка кол коюу укугуна ишеним кат, эгерде ал жак кол койгон болсо;

    - курулуш этаптарына жана ремонтту аткаруу мөөнөттөрүнө бөлүнгөн товарларды/жумуштарды өндүрүүнү берүү графиги;

    - сатып алуу жөнүндө документтерде каралган өлчөмдө жана формада Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо.

    43. Финансылык сунуш:

    - Финансылык сунуштун толтурулган формасы, мөөрү жана кол тамгасы менен;

    - ар бир лот боюнча баалардын таблицасы;

    - жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү жана көлөмү боюнча бирдиктүү баалар менен толтурулган жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту;

    - бардык салыктарды жана чыгымдарды эске алуу менен бардык түрдөгү баалар менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасынын толтурулган формасы;

    - сметаны - ар бир лот боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы наркы.

    44. Сунуштун баасы:

    - иштин ар бир түрү жана көлөмү боюнча бирдиктүү баалар менен иштин көлөмүнүн толтурулган ведомосту (смета – жумуштун жалпы наркы);

    - Берүүчү көрсөткөн баалар товарларды берүүгө, жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга байланыштуу Берүүчү төлөөчү бардык чыгымдарды, салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды камтууга тийиш;

    - Берүүчү сунуш кылган баалар сунуштун мөөнөтү жана Контракттын аткарылышы үчүн туруктуу бойдон калууга тийиш жана эч кандай шартта өзгөрбөөгө тийиш (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары). Баанын өзгөрүшүнө жол берген сунуш сатып алуу документтеринин негизги шарттарына жооп бербеген сунуш катары каралат жана четке кагылат.

    45. Сунуштун валютасы жана төлөмдөр:

    - баалар сатып алуу документтеринде каралган валютада көрсөтүлүүгө тийиш;

    - эгерде Контракт боюнча төлөө чет өлкөлүк валютага эквиваленттүү суммада улуттук валютада жүргүзүлө тургандыгы белгиленген болсо, анда товар берүүчүгө товарларды берүү үчүн төлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан төлөө күнүнө карата белгиленген тиешелүү валютанын расмий курсу боюнча же Контрактта белгиленген курс боюнча кыргыз сомунда жүргүзүлөт.

    46. Берүүчүнүн сунушунун жарактуулук мөөнөтү:

    - берүүчүнүн сунушу жарактуу болушу керек жана Берүүчү белгилеген мөөнөттө өзгөртүлбөйт же жокко чыгарылбайт;

    - эгерде баалоо жана Контрактка кол коюу сунуштун колдонулуу мөөнөтүндө бүтпөсө, сатып алуучу уюм/Агент Берүүчүлөрдөн сунуштун колдонулуу мөөнөтүн веб-портал аркылуу белгилүү бир мезгилге, колдонулуу мөөнөттүн үчтөн экисинен кечиктирбестен узартууну суранууга укуктуу жана Берүүчүнүн сунуштарынын колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Берүүчү берүүчүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугун жоготпостон, өз сунушунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүнөн баш тартууга укуктуу. Эгерде берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо банк кепилдиги же аккредитив формасында берилсе, анда Берүүчүгө мурда берилген кепилдиктин (аккредитивдин) узартылгандыгы жөнүндө банктын ырастоосун берүү же узартылган колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен берүүчүнүн сунушуна жаңы кепилдик камсыздоо берүү зарыл.

    47. Техникалык сунушта эч кандай финансылык маалымат камтылбашы керек (сатып алууну чектөөсүз методу менен жүзөгө ашырууда).

    48. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод менен сатып алууларды жүргүзүүдө, эгерде Берүүчү экинчи этапка өткөн болсо, ал бир эле учурда акыркы Техникалык жана Финансылык сунуштарды, ошондой эле баалоо үчүн бул документтерде алгач белгиленген өзгөртүлгөн ар кандай критерийлерди берет.

    Финансылык сунуштар

    49. Финансылык сунуш товарды берүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле Контрактта көрсөтүлгөн башка милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу Берүүчү төлөгөн бардык чыгымдарды, салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды камтууга тийиш.

    Сунуштарды ачуу

    50. Чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасынын сунуштарын ачуу жол-жобосунда кызыкчылыктардын жана адам факторунун кагылышуусун болтурбоо максатында берүүчүнүн аталышын шифрлөө үчүн веб-портал тарабынан берилген цифралардын жана символдордун топтому-идентификациялык код ыйгарылат жана төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат (Мыйзамдын 54-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө):

    - биринчи пакетте берүүчүлөрдүн квалификациясын жана техникалык сунуштарын тастыктаган документтер, техникалык мүнөздөмөлөрү бар чыгымдалуучу материалдардын таблицасы, жумуштарды берүү/өндүрүү графиги (курулуш учурунда) ачылат;

    - экинчи пакетте квалификациялык, техникалык сунуштар жана пайдаланылуучу чыгымдалуучу материалдардын сапаты боюнча биринчи этаптан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу биринчи пакетти баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү өткөндөн кийин ишке ашырылат.

    51. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методдун экинчи этабында веб-портал сатып алуу документтеринде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин акыркы сунушту ачат.

    Сунуштарды баалоо.

    52. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо Мыйзамга жана сатып алуу документтеринде белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.

    53. Баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон учурларда, сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу өз сунуштарын берген бардык берүүчүлөргө жарактуулук мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кечиктирбестен сунуштардын мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө милдеттүү жана сунуштардын мөөнөтү аяктагандан кийин мөөнөттү узартууга жол берилбейт. Өз сунуштарынын колдонулуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр бул макулдукту веб-портал аркылуу өз сунушун өзгөртпөстөн берүүгө тийиш, ошондой эле сунуштарды кепилдик камсыздоону колдонуу мөөнөтүн узартууга тийиш.

    54. Берүүчүлөр сунуштардын мөөнөтүн узартпоого укуктуу, мындай учурда алардын сунушу четке кагылат.

    55. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоо учурунда берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча тактоочу жана/же түшүндүрүүчү мүнөздөгү түшүндүрмөлөрдү гана сурай алат. Түшүндүрмө боюнча бардык суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилет.

    56. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн сунуштарын баллдык же стандарттык баалоо системасы боюнча баалайт. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндөгү документтерде баалоо системасын көрсөтөт. Баллдык баалоо системасын колдонгон учурда, өтүү баллдын көлөмүн көрсөтөт.

    57. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү себептерден улам белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген сунуштарды четке кагат:

    - берүүчүлөр ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында болсо;

    - акциялардын контролдук мамлекеттик пакети (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү) бар мамлекеттик ишканалар же чарба жүргүзүүчү коомдор болуп саналган берүүчүлөрдү кошпогондо, берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар, алардын салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы 10 (он) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган сумманы түзсө;

    - компаниянын акыркы жылдагы жоготууларынын болушу (башка жылдардагы кирешелүүлүккө/чыгымга карабастан);

    - берүүлөрдүн (берилген лотко ылайыктуу), жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн окшош берүүлөрдө же аткарылган жумуштарда/кызмат көрсөтүүлөрдө көрсөтүлгөн тажрыйбасынын, контракттардын жана/же аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрүнүн жоктугу (эгерде документацияда талап кылынса);

    - маанилүү эксплуатациялык параметрлердин же башка талаптардын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылбаган башка конструкция же продукция ордуна сунушталганда техникалык шарттарды аткарбаса;

    - берүүчүнүн алдын ала төлөө жөнүндө талабынын болушу (эгерде мындай нерсе сатып алуу документтеринде каралбаса), сатып алуу документтеринде аткаруу фактысы боюнча төлөө талабы белгиленсе;

    - финансылык мүмкүнчүлүктүн жоктугу;

    - курулушка жана оңдоого жумуштарды аткаруунун графиги талап кылынган даталар же жумуштардын аткарылышынын контролдук көрсөткүчтөрү же оңдоону аткаруу мөөнөтү менен дал келбесе;

    - контрактты аткарууга жабдуунун, техниканын менчикте же ижара укугунда жоктугу;

    - документтердин квалификациялык талаптарына жооп бербеген кошумча суб-берүүчүлөрдү тартуу;

    - колдонулуучу укук, салыктар жана алымдар, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболору сыяктуу маанилүү жоболорго карама-каршылык;

    - берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоону бербөө же толук эмес берүү, ошондой эле сунушту кепилдик камсыздоону документтерде талап кылынган форма боюнча эмес берүү;

    - берүүчүнүн сунушунун колдонулуу мөөнөтү сатып алуу документтери талап кылган мөөнөттү камтыбайт;

    - лицензиянын жоктугу (эгерде иш лицензияланса);

    - квалификациялуу кызматкерлердин жоктугу.

    58. Баллдык баалоо системасы колдонулган учурда, комиссия сунуштарды төмөнкү тартипте баалайт:

    - баллдар төмөнкүлөргө ыйгарылат: товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда же кызматтарды көрсөтүүдөгү тастыкталган окшош тажрыйбасы, финансылык ресурстардын бар экендиги, берүүчүнүн негизги кызматкерлеринин квалификациясы жана техникалык жабдылышы, техникалык талаптарга ылайык келүүсү жана суралган сертификаттардын, декларациялардын ж.б. бар экендиги үчүн;

    - эгерде берүүчү коюлган талапка толук өлчөмдө жооп берсе, ага бул критерий үчүн мүмкүн болгон максималдуу балл берилет;

    - эгерде берүүчүнүн сунушунда анча-мынча четтөөлөр болсо жана берүүчү коюлган талапка толук жооп бербесе, ага ылайыктуулук деңгээлине жараша балл берилет;

    - веб-портал квалификациялык жана техникалык талаптарга (70 балл) ылайыктуулугун баалоо этабында минималдуу өтүү баллына ээ болгон берүүчүлөрдүн финансылык сунушун ачат, Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан ачылат;

    - эң төмөнкү баа сунушуна веб-портал 100 балл берет. Калган берүүчүлөрдүн сунуштарына берилген баллдар веб-портал тарабынан төмөнкүдөй эсептелет:

    Б = 100 x Цmin / Ц, мында:

    Цmin – сунуштардын эң төмөнкү баасы;

    Ц – берүүчүнүн сунуштаган баасы

    Цmin жана Ц коэффициенттери бирдиктүү валюта менен көрсөтүлүшү керек.

    59. Берүүчүнүн баа сунушунан сатып алуунун пландаштырылган суммасы ашып кеткен учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат жана бул маалыматты сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна киргизет.

    60. Акыркы баалоо веб-портал тарабынан техникалык жана финансылык сунуштар үчүн баллдардын суммасын кошуу жолу менен жүргүзүлүшү керек.

    61. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар Мыйзамдын 24-беренеси менен жөнгө салынат.

    Контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирме. Контрактты түзүү.

    62. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколу жарыялангандан кийин, веб-портал автоматтык түрдө сатып алуунун жеңүүчүсүнө контракттын ыйгарылганы жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Жеңүүчү деп табылган берүүчү аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүүнү 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ырастоого тийиш.

    63. Белгилүү бир жеңүүчү билдирүүдөн ырасталбаган же баш тарткан учурда сатып алуучу уюм рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.

    64. Жеңүүчү, контрактты ыйгаруу жөнүндө билдирүү ырасталгандан кийин контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоосун берүүгө жана контрактка кол коюуга тийиш.

    Сатып алуунун жеңүүчүсү, Мыйзамдын 50-беренесинин 6-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине контракттын аткарылышын кепилдикти камсыздоосун берүүгө тийиш.

    Контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо контракттын аткарылышын кепилдеген декларация формасында сатып алуучу уюмдун/Агенттин атына берилет.

    65. Контракт берүүчүнүн сунуш шарттарында электрондук жазуу жүзүндө түзүлөт жана тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

    4-бөлүм. Берүүчүнүн сунушунун типтүү формалары

    66. Берүүчүнүн сунушунун типтүү формалары сунушту даярдоодо пайдаланылууга тийиш:

    - 1 - форма. Берүүчүнүн сунушу;

    - 2 - форма. Товарларга сунушту түзүү жана берүү;

    - 2.1 формасы. Кызматтарга сунушту түзүү жана берүү;

    - 2.2 формасы. Жумуштарга сунушту түзүү жана берүү;

    - 3 - форма. Товарларды берүү графиги;

    - 3.1 формасы. Жумушту өндүрүү графиги;

    - 3.2 формасы. Кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги;

    - 4 - форма. Квалификация жөнүндө маалымат;

    - 5 - форма. Аффилирленүү тууралуу маалымат;

    - 6 - форма.Өндүрүүчүнүн авторизациясы (эгер сатып алуу жөнүндө документте талап кылынса кошулат);

    - 7 - форма. Берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо (банктык кепилдик формасында);

    - 8 - форма. Сунушту кепилдике алуучу декларация;

    - 9 - форма. Контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация.

    1-форма

    Берүүчүнүн сунушу

    Кулактандыруунун №: ________________

    Кимге: _______________________

    Сатып алуунун аталышы: ___________________

    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулардын http://zakupki.gov.kg / расмий порталында жарыяланган сатып алуу боюнча документтерди изилдеп чыгып, биз, төмөндө кол койгондор, товарларды, жумуштарды жана кызматтарды берүүнү сунуштайбыз.

    лот (тор) ___________________________________________________, сатып алуу документтеринин бардык шарттарына жана талаптарына ылайык, толтурулган баа таблицасы менен тастыкталган, бул берүүчүнүн сунушунун бир бөлүгү болуп саналат.

    Биз, анын ичинде толук шериктештиктин бардык мүчөлөрү жана суб-берүүчүлөр, ушул сатып алуу документтерине ылайык контракттын кайсы болбосун бөлүгүнө карата, катышуучунун ыйгарым укугунун толтурулган шарттарына ылайык бул сатып алууга катышууга ыйгарым укугубузду ырастайбыз.

    Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында түзүлгөн жана берилген биздин сунуш жеңүүчү деп табылган учурда биз төмөнкүлөргө милдеттенебиз:

    1) Берүүчүнүн сунушуна камтылган бардык документтердин түп нускасын берүүгө

    2) Сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга/берүүгө.

    Расмий контракт даярдалганга жана таризделгенге чейин, бул сунуш сиздин кабыл алганыңызды ырастооңуз жана контрактты ыйгаруу тууралуу билдирүүңүз менен бирге биздин ортобуздагы милдеттүү контракттын ролун аткарат.

    Биз, сиз берүүчүнүн эң арзан бааланган нарктагы сунушун же сиз тараптан алынган кайсы болбосун сунушту кабыл алууга милдеттүү эмес экениңизди түшүнөбүз.

    Бул сатып алууга катышуу үчүн берүүчүнүн сунушуна кол коюуга толук ыйгарым укуктарга ээ болгон _________________________

    2- форма

    Товарларга сунушту түзүү жана берүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    67. Техникалык спецификациялар сатып алынуучу товарлардын жана ага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн керектүү аткаруу сапатынын стандарттары, материалдары жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү жөнүндө так түшүнүк бергидей түзүлүшү керек.

    2.1. формасы

    Кызматтарга сунушту түзүү жана берүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    Берүүчү ________________ /____________________/

    (колу) (Аты-жөнү)

    2.2. формасы

    Жумуштарга сунушту түзүү жана берүү

    - Посмотреть таблицу с данными

    Эскертүү:

    Берүүчү “Жумуштардын көлөмүнүн ведомостуна” киргизилген жумуштун бардык түрлөрү боюнча бааларды көрсөтөт. Берүүчү баа койбогон жумуштун түрлөрү, алар аткарылгандан кийин сатып алуучу уюм/Агент тарабынан акы төлөнүүгө тийиш эмес. Эгер берүүчү баалабаса же бааны көрсөтпөсө, ал сунушта жумуштун кайсы түрлөрүнө киргизилгендигин көрсөтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде берүүчү төлөөгө милдеттүү болгон бардык алымдар, салыктар жана башка жыйымдар сунуштун наркына киргизилүүгө тийиш.

    Чиймелер

    - Посмотреть таблицу с данными

    3 - форма

    Берүүлөрдүн графиги

    68. Күндөр менен көрсөтүлгөн берүү графиги бул документте көздөгөн жерге жеткирүү күнүн аныктайт. Сатып алуучу уюм/Агент берүүлөрдүн графиги башталган убакытты, датаны көрсөтүүгө тийиш.

    - Посмотреть таблицу с данными

    3.1. формасы

    Жумуш өндүрүшүнүн сунушталган графиги

    - Посмотреть таблицу с данными

    ____________________ ________________ ________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    3.2. формасы

    Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу графиги

    - Посмотреть таблицу с данными

    4- форма

    Квалификация жөнүндө маалымат

    1.1.Берүүчүнүн аталышы: _____________________

    1.2.Берүүчүнүн юридикалык дареги:_____________________

    1.3. Берүүчүнү каттоо датасы: _________________ (Уставдын жана каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркегиле).

    1.4. Иштин негизги түрү: ____________________________________________

    (эгер иш лицензияланса, лицензиялардын көчүрмөсүн тиркегиле)

    • _________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз) окшош контракттардын жалпы көлөмү ____________________сом контракттардын же товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын көчүрмөлөрүн берүү менен берилет.
    - Посмотреть таблицу с данными

    2.2. Учурдагы жана аякталбаган жумуштар жөнүндө _________ (Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди сатып алуу жөнүндө документтерде, бүткөрүлбөгөн объекттердин 70 пайыздан төмөн экендигин көрсөтүңүз.

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.2. Контрактты аткаруу үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде талап кылынган жумушчулардын, адистердин квалификациясы жана тажрыйбасы (орнотуу жана монтаждоо менен механизмдердин жабдууларын сатып алуу учурунда). Жергиликтүү эмгек ресурстарын көрсөтүү (паспорттордун, дипломдордун, сертификаттардын, Эмгек китепчелеринин, контракттардын көчүрмөлөрүн берүү менен).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.3. _________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз, бүтпөгөн объекттердин 70 пайыздан төмөн болушу) учурдагы жана аякталбаган жумуштар жөнүндө маалымат.

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.4. Температуралык режимди сактоону талап кылган, сатып алуу документтеринде талап кылынган, сатып алуучу уюм/Агент талап кылган иштерди аткаруу үчүн талап кылынган товарларды берүү үчүн жабдуучунун жабдууларынын негизги түрлөрү. Тастыктоочу документтерди тиркөө (техникалык паспорттор, контракт (ижара келишими).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.5. Персоналдын орто тизмедеги саны (алардын канчасы жергиликтүү эмгек ресурстары экендигин көрсөт).

    - Посмотреть таблицу с данными

    2.6. Сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган контрактты аткаруу үчүн негизги административдик жана линиялык кызматтарга сунушталган кызматкерлердин квалификациясы жана тажрыйбасы. Жергиликтүү эмгек ресурстарын көрсөтүү (паспорттордун, дипломдордун, сертификаттардын, эмгек китепчелеринин, контракттардын көчүрмөлөрүн тиркөө менен).

    - Посмотреть таблицу с данными

    3. Берүүчү жөнөкөй шериктештиктин атынан сунуш берген учурда.

    3.1. Квалификация жөнүндө маалымат 2.1. пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар жөнөкөй шериктештиктин ар бир өнөктөшү боюнча берилет.

    3.2. Жөнөкөй шериктештиктин атынан ага же аларга сунушка кол коюу укугун берүүчү, сунушка кол койгон адамдын же адамдардын атына ишеним катты тиркегиле.

    3.3. Жөнөкөй шериктештик өнөктөштөрдүн ортосундагы Макулдашууну тиркегиле (бардык өнөктөш тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон), ал төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

    (а) бардык өнөктөштөр контракттын шарттарына ылайык контракттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

    (б) өнөктөштөрдүн бири милдеттенмелерди кабыл алуу укугун алуу менен жетектөөчү болуп дайындалат жана ар кандай өнөктөштөрдүн атынан жана жөнөкөй шериктештик боюнча бардык өнөктөштөрдөн нускама алат;

    (в) төлөмдөрдү кошкондо, контракттын бардыгын аткаруу толугу менен жетектөөчү өнөктөш тарабынан жүргүзүлөт.

    4.1. _____________________________мезгил үчүн (сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуучу уюм/Агент тарабынан талап кылынган мезгилди көрсөтүңүз) берүүчүнүн финансылык иши тууралуу маалымат.

    ______________________________________

    (баланстардын, чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчеттордун, акча каражаттарынын агымы жөнүндө отчеттордун, кирешелер жана чыгымдар жөнүндө отчеттордун, же бирдиктүү салык декларациясынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркеп, тиркелген документтерди көрсөтүңүз).

    5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздардын бар же жок экендиги веб-портал тарабынан сунуш берүүдө берүүчүнүн жеке кабинети аркылуу суроо-талапка ылайык тастыкталат.

    6. Кошумча талаптар.

    Берүүчү (уюштуруучулар, катышуучулар, жетектөөчү курамдын мүчөлөрү) аффилирленбегендигин, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтын жоктугун ырастайт.

    5- форма

    Аффилирленүү тууралуу маалымат

    Ушул кат менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, компанияда (беррүүчүнүн/подрядчынын толук аталышы) сатып алуучу уюмдун (учурдагы дата) бул күнгө карата аффилирленген абалы жок/(аффилирленген абалда турат) экендигин билдиребиз.

    Бенефициардык ээлердин тизмеси:

    - (жеке жактардын аты-жөнү).

    Эгерде туура эмес маалымат берсек, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартыларыбызды ушуну менен тастыктайбыз.

    6- форма

    Өндүрүүчүнүн авторизациясы

    69. Эскертүү: бул форма кашаанын ичинде берилген нускамаларга ылайык сунушталган товарларды, жумуштарды жана кызматтарды өндүрүүчү (даярдоочу) тарабынан толтурулат: (нускама); толтуруу боюнча нускамалар документтин акыркы версиясында алынып салынышы керек. Бул форма көрсөтмө болуп саналат,

    ______________ (өндүрүүчүнүн фирмалык бланкында анын реквизиттерин көрсөтүү менен басып чыгарыңыз)

    Сатып алуунун аталышы:________________________

    _____________________________(сатып алуу жөнүндө документтердин “Жалпы маалыматтар” бөлүмүндөгүдөй сатып алуунун аталышын көрсөтүңүз)

    Сатып алуу номери: ________________ (сатып алуу жөнүндө документтердин "Жалпы маалыматтар" бөлүмүндөгүдөй сатып алуу номерин көрсөтүңүз)

    Сатып алуучу уюм/Агент: ________________(сатып алуу жөнүндө документтердин "Жалпы маалыматтар" бөлүмүндөгүдөй, сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз)

    (Берүүчүнүн аталышы) (мындан ары берүүчү" деп аталуучу) жогоруда көрсөтүлгөн сатып алуунун алкагында өзүнүн сунушун (сунуш формасында көрсөтүлгөндөй дата) (сунушталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпаттамасы) (мындан ары "сунуш"деп аталуучу) бергендигин эске алуу менен,

    Муну менен биз жалпыга маалымдайбыз,

    Фирма _____________________ (авторизация берген өндүрүүчүнүн аталышын көрсөтүңүз) __________________________дареги боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктары бар (сунуш кылынган товарлар чыгарылган заводдун же фабриканын дарегин көрсөтүңүз) _______________________ (сунушталган товарларды атагыла) даярдоочу болуп саналган ____________________(мындан ары "өндүрүүчү" деп аталуучу) _________________ (берүүчүнүн аталышы жана юридикалык дареги) сунуш берүүгө жана андан кийин сатып алуучу уюм/Агент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана биздин фирма тарабынан жасалган жогоруда көрсөтүлгөн товарларга контрактка кол коюуга ыйгарым укук беребиз.

    Ошондой эле, биз толук кепилдиктерибизди жогоруда көрсөтүлгөн сатып алуунун алкагында берүүгө сунушталган товарларга жайылтып жаткандыгыбызды тастыктайбыз.

    ______________________________________________________________

    (Өндүрүүчүнүн өкүлүнүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    “_____” 20 __-ж.

    (Эскертүү: эгерде ишеним кат өндүрүүчү тарабынан эмес, анын ыйгарым укуктуу өкүлү (мисалы, дистрибьютор) тарабынан берилген болсо, авторизацияга үчүнчү тараптын Кыргыз Республикасында өндүрүүчүнүн кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укугун тастыктаган документтер тиркелет.).

    7- форма

    Сунуштун кепилдик камсыздоосу

    (банктык кепилдик формасында)

    70. Эскертүү: бул форма кашааларда келтирилген нускамаларга ылайык кепилдик берүүчү банк тарабынан толтурулат: (нускама); толтуруу боюнча нускама документтин акыркы версиясында алынып салынууга тийиш.

    ___________________ (кепилдик берген банктын (филиалдын) аталышын жана юридикалык дарегин көрсөткүлө)

    Сатып алуунун аталышы: _________________

    Кулактандыруунун номери:______________________

    Муну эске алуу менен__________________________________ берүүчү жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында _____________________ (веб-портал сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышын түзөт, сатып алынуучу товарлардын аталышын, кулактандыруунун №, датаны түзөт) товарларды берүүгө өзүнүн сунушун берди _________________________________ ( товардын аталышы).

    Муну менен биз жалпыга маалымдайбыз, ____________________________ (кепилдикти берген банктын (филиалдын) аталышын көрсөтүңүз________________________ (кепилдик берген банктын (филиалдын) юридикалык дарегин көрсөтүңүз (мындан ары "Банк" деп аталуучу), биздин милдеттенмелерибиз ___________________________ (сатып алуучу уюмдун/ агенттин аталышын жана юридикалык дарегин көрсөтүңүз) ____________ суммасына (кепилдиктин валютасын жана суммасын көрсөтүңүз), ал боюнча аталган сатып алуучу уюмга/Агентке төлөм толугу менен жана токтоосуз жүргүзүлөт; банк бул милдеттенмелерге өзүнүн атынан жана өзүнүн укук мураскорлорунун жана кепилдеринин атынан милдеттүү. Банкка берилген лицензия кепилдикти камсыздоону берүү боюнча ишти караарын жана бул кепилдикке кол койгон жак(жактар) банктын атынан милдеттенмелерди кабыл алууга укуктуу экендигин жана эгерде директорлор кеңешинин же акционерлердин жалпы чогулушунун макулдугу талап кылынса, анда ал буга чейин алынган жана башка макулдашуу талап кылынбайт.

    Бул милдеттенменин шарттары төмөнкүдөй:

    а) берүүчү тарабынан сунушта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн сунушун чакыртып алат; же

    б) контрактка кол кое албаса же кол коюудан баш тартса; же

    в) сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык контрактты аткарууга кепилдик камсыздоону бере албаса же берүүдөн баш тартса.

    Биз сатып алуучу уюмга/Агентке жогоруда көрсөтүлгөн сумманы анын биринчи жазуу жүзүндөгү суроо-талабын алгандан кийин, сатып алуучу уюмдан/Агенттен бул суроо-талаптын негиздемесин талап кылбастан төлөп берүүгө милдеттенебиз, эгерде сатып алуучу уюм/Агент өзүнүн суроо-талабында жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бири же бир нечеси болгондугуна байланыштуу бул сумма ага тиешелүү экендигин белгилеп, орун алган шартты тактаса.

    Бул кепилдик камсыздоо сунуштун аракеттенүү мөөнөтү аяктагандан кийинки ______________ күн ичинде күчүндө калат жана буга байланыштуу кандай болбосун суроо-талап жогоруда көрсөтүлгөн күндөн кечиктирилбестен банкка берилүүгө тийиш.

    __________________________ ________________ _______________

    (Банктын өкүлүнүн аты-жөнү) (Кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    “___” ___________ 20__- ж.

    8- форма

    Сунушту кепилдикке алуучу декларация

    Кимге: _______________________________________________________________

    Берүүчүнүн сунушун түзүүдө.

    Берүүчү__________________________ (берүүчүнүн аталышы) жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында лоттор боюнча товарларды берүүнү аткарууга өз сунушун _______________________ (сунуштун формасында көрсөтүлгөн дата) берген (лоттордун номерлерин жана лоттун предметин көрсөтүңүз).

    Муну менен берүүчү сатып алуучу уюмдун / Агенттин алдында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алгандыгы жалпыга маалымдалат:

    а) берүүчү тарабынан сунушта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде өзүнүн сунушун чакыртып алат; же

    б) контрактка кол кое албаса же кол коюудан баш тартса; же

    в) сатып алуу жөнүндө документтерге ылайык контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоону бере албаса же берүүдөн баш тартса.

    Көрсөтүлгөн милдеттенмелердин кайсынысы болбосун аткарылбаган учурда сатып алуучу уюм/Агент бизди “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык “Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына” киргизүүгө демилге көтөрүүгө укуктуу экендиги ушуну менен тастыкталат.

    Ушул декларация сунуштун колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин _________ күн күчүндө калат.

    __________________ (берүүчүнүн аталышы)___________(берүүчүнүн юридикалык дареги)

    ___________________ __________________ ___________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    9 - форма

    Контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация

    Кимге: _______________________________________________________________

    Берүүчү__________________________________ (берүүчүнүн аталышы) жогоруда аталган сатып алуулардын алкагында лоттор боюнча товарларды берүүнү аткарууга өз сунушун _______________________ (сунуштун формасында көрсөтүлгөн дата) берген (лоттордун номерлерин жана лоттун предметин көрсөтүңүз).

    Муну менен берүүчү сатып алуучу уюмдун/Агенттин алдында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алгандыгы жалпыга маалымдалат:

    а) Контрактка кол коюдан баш тартпайт; же

    б) сатып алуу жөнүндө документтерге жана ушул сунушка ылайык Контрактты аткарат.

    Көрсөтүлгөн милдеттенмелердин кайсынысы болбосун аткарылбаган учурда сатып алуучу уюм/Агент бизди “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык “Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына” киргизүүгө демилге көтөрүүгө укуктуу экендиги ушуну менен тастыкталат.

    Ушул декларация сунуштун колдонулуу мөөнөтү бүткөндөн кийин _________ күн күчүндө калат.

    ________________ (берүүчүнүн аталышы)__________________

    (берүүчүнүн юридикалык дареги)

    ___________________ __________________ ___________________

    (Өкүлдүн аты-жөнү) (кызмат орду) (колу жана мөөрү)

    Похожие тендеры

    Название Тип тендера Цена Период показа
    Запрос котировок
    #272178516
    281 500
    Обеспечение контракта:
    5%
    15 часов
    07.05.2024
    13.05.2024
    Тендер №272361449
    Мыломоющие средства

    Не определен
    #272361449
    473 350
    3 дня
    10.05.2024
    16.05.2024

    Тендеры из отрасли Бытовая химия

    Название Тип тендера Цена Период показа
    Запрос котировок
    #268219847
    3 358 210
    Обеспечение контракта:
    3%
    срок истек
    12.03.2024
    18.03.2024
    Тендер №268219789
    Поставка Ледерина

    Малая закупка
    #268219789
    срок истек
    12.03.2024
    14.03.2024
    Запрос предложений
    #268219758
    356 500
    срок истек
    12.03.2024
    19.03.2024
    Малая закупка
    #268219750
    72 900
    срок истек
    12.03.2024
    13.03.2024
    Запрос предложений
    #268219738
    17 055
    срок истек
    12.03.2024
    19.03.2024

    Тендеры из региона Иссык-Кульская область

    Название Тип тендера Цена Период показа
    Запрос котировок
    #268219864
    15 000
    Обеспечение контракта:
    5%
    срок истек
    12.03.2024
    15.03.2024
    Тендер №268207663
    Линолеум

    Запрос котировок
    #268207663
    39 200
    Обеспечение контракта:
    5%
    срок истек
    12.03.2024
    18.03.2024
    Запрос котировок
    #268194167
    77 000
    Обеспечение контракта:
    2%
    срок истек
    12.03.2024
    15.03.2024
    Тендер №268194165
    Канцелярские товары

    Запрос котировок
    #268194165
    60 000
    срок истек
    12.03.2024
    14.03.2024
    Запрос предложений
    #268187218
    срок истек
    12.03.2024
    18.03.2024