Вход в личный кабинет

Тендер - Покупка канцелярских и хозяйственных товаров для детского образовательного центра №271702125

Описание тендера: Покупка канцелярских и хозяйственных товаров для детского образовательного центра (с результатом)
Сумма контракта: 60 000,00 KGS Получить финансовую помощь
Начало показа: 26.04.2024
Окончание: 07.05.2024 09:00:00
Тендер №: 271702125
Тип: Запрос котировок Тендерная аналитика
Отрасль: Химия / Бытовая химия
Регион: Киргизия / Таласская область / Талас
Источник: ▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒
Обеспечение контракта: 2%

Зарегистрируйтесь и получите полную информацию о Заказчике, аналитику по снижению им цены и основным поставщикам.

Лот 1

Предмет контракта: ПОКУПКА КАНЦЕЛЯРСКИХ ТОВАРОВ
Цена контракта: 40 070,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Классный журнал 6-18 лет - - 40 Штука
2 Файл-вкладыш с перфорацией Office, A4, плотность 100 мкм в упаковках (по 100 шт. в упаковке) - - 1 Пачка
3 Ручка Flair Xtra-Mile 0.7 мм синий 10 шт. красный 10 шт. черный 10 шт - - 30 Штука
4 Карандаш ч/г OfficeSpace, HB, трехгранный, заточен., пластиковый, с ластиком, корпус ассорти с полоской - - 30 Штука
5 Скоросшиватель А4 - - 100 Штука
6 Фотобумага А4 2ст 220гр 50л - - 6 Пачка
7 Скотч прозрачный-канцелярский, 4см*57м - - 5 Штука
8 Фолдер папка для бумаг - - 20 Штука
9 Ватман, А1 формат, 860*610 мм, цвет белый, плотность 200 г/м2 - - 20 Штука
10 Фото рамка А4 - - 30 Штука
11 Фото рамка А3 - - 30 Штука
12 краска акриловая художественная набор цветной 100 мл - - 30 Условная банка
Лот 2

Предмет контракта: ПОКУПКА ХОЗЯЙСТВЕННЫХ ТОВАРОВ
Цена контракта: 19 930,00 KGS

Название Цена Цена за ед. Количество Ед. измерения
1 Нетканое полотно качество высшая 1 рулон 60 метров ширина 1,45м - - 1 Рулон
2 Гипохлорид кальция хлор 45% - - 10 Килограмм
3 Лампа светодиодная ЭРА ECO LED A65-20W-827-E27 - - 15 Штука
4 Хозяйственное мыло 72% 300 гр. - - 30 Штука
5 Метла круглой формы, с деревянным черенком - - 3 Штука
6 Веник маленький из сорго 6ти-прошивной, 75-78 см - - 5 Штука
7 Ведро пластмассовое, вместимость 8л, размеры 290х270х205мм - - 10 Штука
8 Швабра с отжимом и ведро: ведро с отсеками для полоскания и отжима 10 л, швабра плоская, запасная насадка из микрофибры - - 1 Штука
9 Швабра с отжимом и ведро с пластиковой центрифугой 16 л, запасная насадка из микрофибры, цвет МИКС - - 2 Штука
10 Тряпка для пола из 100% микрофибры 80/70 см - - 5 Штука
11 Моющий средства для пола 5 литровый - - 2 Штука
12 Aqua Lux чистящее средство для окон и зеркал, exotic, 500мл (30108) - - 5 Штука
13 Порошок стиральный ручная стирка, 350 г - - 10 Штука
14 Лопата снеговая 400*370 мм, с деревянным черенком - - 3 Штука
Задать вопрос по тендеру: 
Документация
Результаты тендера
гос закупка 2021.PDFpdf 1,2 МБ 07.05.24 09:28 Действующая
гос закупка 2021.PDF.js 3 КБ 26.04.24 13:26 Действующая
БЕРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН НУСКАМА (1).docx 22 КБ 26.04.24 13:26 Действующая
Kyzmat kйrsйtЇЇlйr boyuncha kontrakt (1) (2).docx 20 КБ 26.04.24 13:26 Действующая
Извещение.html 10 КБ 26.04.24 13:26 Действующая

Оглавление

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть25 Извещение Информация об организации Наименование организацииУчреждение "Таласский районный, городской отдел образования" Фактический адресул. Ч. Айтматова №312 Рабочий телефон▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ - открыть Осталось до закупки * Все объявления данной организации * Лоты - Посмотреть таблицу с даннымиЗагрузка .....
Квалификационные требования - Посмотреть таблицу с даннымиСпециальные требования Предзакупочное совещаниеНе предусмотрено - Посмотреть таблицу с даннымиКритерии оценки предложений - Посмотреть таблицу с даннымиОсобые условия контракта Гарантийное обеспечение исполнения контракта2.0% Упаковка 1В соответствующей упаковке для безопасного хранения и транспортировки Страхование товара

Сумма страхования должна быть равной 110% от стоимости товаров с доставкой на условиях поставки

Условие поставки: DDP

Сопутствующие услугиДоставка, разгрузка до складов Заказчика согласно плана распределения. Банковское сопровождение контрактаНе предусмотрено Технический контроль и испытания - Посмотреть таблицу с даннымиЗапасные частиНе предусмотрено Гарантия Гарантийный период: 3-х рабочих дней после поставки товара
Обеспечить исправление дефектов по гарантии: течение рабочего дня

Неустойка за невыполнение гарантийных обязательств - Посмотреть таблицу с даннымиДокументы, которые должны быть предоставлены поставщиком при поставке товара - Посмотреть таблицу с даннымиУрегулирование споровСпоры, возникающие из настоящего контракта или в связи с ним, подлежат разрешению в Суд общей юрисдикции Кыргызской Республики Протокол Проект контракта Платеж - Посмотреть таблицу с даннымиНеустойкиЗа несвоевременную поставку - Посмотреть таблицу с даннымиЗа несвоевременную оплату - Посмотреть таблицу с даннымиFP NEРазъяснений на странице Rows Per Page Kyzmat_kйrsйtЇЇlйr_boyuncha_kontrakt_(1)_(2)

Контракт № _____

- Посмотреть таблицу с данными

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө” жобонун негизинде иштөөчү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан _____________________________, бир тараптан жана экинчи тараптан Уставдын (паспорт) негизинде иштөөчү атынан, мындан ары “Аткаруучу” деп аталуучу, ___________________________ жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде, биргеликте “Тараптар” деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Контрактты түзүштү:

1. КОНТРАКТТЫН ПРЕДМЕТИ

1.1. Аткаруучу, Сатып алуучу уюм/Агент тапшырмасы боюнча Ректорлордун форумун уюштурууга кызматтарды сатып алуу (мындан ары – Кызматтар) Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, ушул Контрактка карата “Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн ведомосту” 1-тиркемеге ылайык шарттарда, тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттенет, ал эми Сатып алуучу уюм/Агент аткарылган кызматтарды кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

1.2. ушул Контракт боюнча кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү: Иш чаралардын өтүү мөнөтү _________________________________ чейин.

2. КОНТРАКТ БОЮНЧА БАА ЖАНА ЭСЕПТЕШҮҮ ТАРТИБИ

2.1. Контракттын жалпы суммасы бардык салыктарды жана Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөөлөрдү ____________________ (сом) эске алуу менен (_________________).

2.2. Контракттын жалпы баасы ушул Контрактты аткарууга байланышкан Аткаруучунун бардык чыгымдарын камтыйт.

2.3. Контракт боюнча төлөө Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан контракт аткарылгандан кийин, Сатып алуучу уюм/Агент жана аткаруучу тарабынан аткарылган кызмат актысына кол коюлгандан кийин жана Аткаруучунун эсебинин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин 30 күндүн ичинде аткаруучунун эсептешүү эсебине сом менен которуу жолу менен же (валютанын түрүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча көрсөтүү же кол коюу учуруна карата белгиленген Курсту көрсөтүү) жүргүзүлөт.

3. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН САПАТЫ

3.1. Сатып алуучу уюм/Агент Аткаруучунун ишине кийгилигишпестен, ушул Контракттын иш аракетинин мезгилинде көрсөтүлүүчү кызматтардын жүрүшүн жана сапатын текшерүүгө укуктуу.

Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан укук бузуулар аныкталган учурда Аткаруучу тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн кемчиликтерин жана аларды жоюу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен эки тараптуу акт түзүлөт.

3.2. Кызмат көрсөтүүнүн сапатына карата талаптар олуттуу бузулган учурда Сатып алуучу уюм/Агент өз тандоосу боюнча:

3.3.1. ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө жана акы төлөнгөн учурда, төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү талап кылууга;

3.3.2. Көрсөтүлгөн кызматтардын кемчиликтерин четтетүүнү талап кылууга;

3.3.3. Контракт бузулгандан кийин ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүүнү демилгелөөгө укуктуу.

4. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУ-ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ

4.1. Кызмат көрсөтүү аяктаган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен аткаруучу Сатып алуучу уюм/Агент га эки нускада түзүлгөн жана өзү кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берүүгө милдеттүү.

4.2. Көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алууда Аткаруучу ушул Контракттын шарттарынан четтеген учурда Сатып алуучу уюм/Агент кабыл алуу актысына кол коюудан жүйөлүү баш тартууну түзөт жана кемчиликтерди жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын алган учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде Аткаруучуга жиберет. Табылган кемчиликтер Аткаруучу тарабынан өз эсебинен чечилет. Кемчиликтерди жоюуда тараптар кемчиликтерди жоюу актысына кол коюшат.

4.3. Кызматтар Тараптар кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койгондон кийин кабыл алынды деп эсептелет.

4.4. Көрсөтүлгөн кызматтардын кемчиликтери кабыл алынгандан кийин табылган учурда Сатып алуучу уюм/Агент бул жөнүндө аткаруучуга токтоосуз кабарлайт жана көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жана аларды жоюу мөөнөттөрү жөнүндө эки тараптуу актыга кол коюу үчүн чакырат.

Эгерде, аткаруучу көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жөнүндө актыга кол коюу үчүн Сатып алуучу уюм/Агент нын билдирүүсүн алган күндөн тартып 2 (эки) жумушчу күндүн ичинде келбесе, Сатып алуучу уюм/Агент көрсөтүлгөн кызматтардын аныкталган кемчиликтери жөнүндө бир тараптуу мындай акт түзүүгө жана аныкталган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылуу менен аны аткаруучуга жөнөтүүгө укуктуу.

5. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ

5.1. Аткаруучу:

5.1.1. Жеке кызмат көрсөтүүгө.

5.1.2. Ушул Контрактта белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчеттук материалдарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюуга.

5.1.3. Отчеттук материалдардын конфиденциалдуулугуна кепилдик берүүгө. Көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжасы Аткаруучу тарабынан ар кандай пайдаланылбайт.

5.1.4. Көрсөтүлгөн кызматтардын актысын, эсепти Сатып алуучу уюм/Агентнын: Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаары, К.Тыныстанов көч. 257 дареги боюнча берүүгө милдеттүү.

5.2. Аткаруучу:

5.2.1. Сатып алуучу уюм/Агент дан ушул Контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон ар кандай маалматтарды алууга;

5.2.2. ушул Контракттын алкагында Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыкмасын өз алдынча аныктоого укуктуу.

5.3. Сатып алуучу уюм/Агент :

5.3.1. ушул Контрактка ылайык Аткаруучу көрсөткөн кызматтарга акы төлөөгө.

5.3.2. ушул Контракттын алкагында Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө аны кызыктыруучу маселелер боюнча Аткаруучуга зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттенет.

6. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

6.1. Бул контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул контрактка ылайык жоопкерчилик тартышат.

6.2. Кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн бузгандыгы же кызмат көрсөтүүлөрдүн аныкталган кемчиликтерин четтеткендиги үчүн Сатып алуучу уюм/Агент аткаруучуга айып пулду 0,01% кечиккен ар бир күн үчүн келишимдин жалпы баасынан, бирок ушул Контракттын суммасынан 0,1% көп эмес.

6.3. Айыпты (айыпты, туумду) төлөө контракттын тараптарын контракт боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруудан бошотпойт.

6.4. Аткаруучу Сатып алуучу уюм/Агент дан ушул Контракттын 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир күн үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн контракттын баасынан 0,01 % өлчөмүндө айып талап кылууга укуктуу. Бул учурда, алынып салынуучу максималдуу сумма келишимдин баасынан 0,1 % түзөт.

6.5. Аткаруучу ушул контракттын шарттарын олуттуу бузган учурда Сатып алуучу уюм/Агент ушул Контрактты бузууну демилгелөөгө укуктуу.

7. ФОРС МАЖОР КЫРДААЛДАРЫ

7.1. Эгерде, Тараптар тарабынан милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбоо ал жеткис күчтөн, б.а. Тараптардын эркинен жана каалоосунан тышкары келип чыккан жана алдын ала билүүгө же болтурбоого мүмкүн болбогон өзгөчө жана алдын-ала каралбаган жагдайлардан улам келип чыкса, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

7.2. Өз милдеттенмелерин аткара албаган тарап башка тарапка жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын башталышы жана токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз, бирок кандай учурда болбосун алардын аракети башталгандан жана токтотулгандан кийин 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен маалымдайт.

7.3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары жөнүндө өз убагында билдирбөө же кабарлабоо тиешелүү тарапты көрсөтүлгөн жагдайлардын себептери боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу укугунан ажыратат.

7.4. Эгерде, ал жеткис күчтүн жагдайы ушул Контрактта белгиленген мөөнөттө милдеттенмелердин аткарылышына түздөн-түз таасир этсе, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү тиешелүү жагдайдын колдонулган убактысына жараша, бирок 3 (үч) айдан ашык эмес артка жылдырылат.

7.5. Эгерде, ал жеткис күчтүн жагдайлары 3 (үч) айдан ашык күчүндө болсо, анда Тараптардын ар бири ушул Контрактты бузууга укуктуу жана мындай учурда Тараптардын бири да зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

7.6. Ал жеткис күч жагдайларынын бар экендигинин жана алардын узактыгынын далили Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү жазуу жүзүндөгү күбөлүгү болуп саналат.

8. КОНТРАКТТЫ БУЗУУ

8.1. Тараптардын макулдашуусу боюнча, соттун чечими боюнча же Сатып алуучу уюм/Агент нын контракттан бир тараптуу баш тартуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер боюнча жол берилет.

8.2. Бул контрактты аткаруунун жүрүшүндө тараптардын бардык билдирүүлөрү, эскертүүлөрү, билдирүүлөрү жана арыздары жазуу жүзүндө факсимилдик же электрондук почта аркылуу түп нусканы андан ары жөнөтүү менен же почта, кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Мында, берүүчү тарап адресат тарап жиберген билдирүүнү, эскертүүнү же арызды алгандыгына ынанууга тийиш.

9. ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ КАРООНУН ТАРТИБИ

9.1. Ушул контракттын шарттарын аткарууда Тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотто каралууга тийиш.

9.2. Ушул контракт менен жөнгө салынбаган, бирок ушул Контракттын тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана ишкердик репутациясына тиешелүү тараптардын ал боюнча мамилелеринен тикелей же кыйыр келип чыккан бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

10. БАШКА ШАРТТАР

10.1. Ушул Контракт тараптардын ар бири үчүн бирден нускада, бирдей юридикалык күчү бар 2 нускада түзүлгөн.

10.2.Ушул Контракт эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар алган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат.

Келишимге тиркеме:

1-тиркеме –Кызмат көрсөтүү көлөмүнүн ведомосту

2-тиркеме – Чыгымдалуучу материалдарынын таблицасы

“Тараптардын” юридикалык дареги жана банктык реквизиттери

САТЫПАЛУУЧУ АТКАРУУЧУ:

УЮМ/АГЕНТ:

1-тиркеме

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ КӨЛӨМҮНҮН ВЕДОМОСТУ

- Посмотреть таблицу с данными

САТЫПАЛУУЧУ УЮМ/АГЕНТ: АТКАРУУЧУ:

2-тиркеме

НАРКЫН КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН ЧЫГАША МАТЕРИАЛДАРЫНЫН ТАБЛИЦАСЫ

- Посмотреть таблицу с данными

БЕРҮҮЧҮЛӨР_ҮЧҮН_НУСКАМА_(1)

БЕРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН НУСКАМА

Бул бөлүк типтүү бөлүк болуп саналат жана ар бир сатып алуу боюнча орган сатып алуучу уюм/Агент бул бөлүккө, веб-порталдагы берүүчүлөргө кирүүнү камсыз кылат.

1. Алдын ала квалификациялоо менен сатып алуу жүргүзүлгөн учурда, веб-портал аркылуу негизги сатып алууга орган сатып алуучу уюм/Агент квалификацияга чейинки тандоодон өткөн документтерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

2.Берүүчүлөргө, ошондой эле алардын ак ниетт эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизилген жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүнүн курамына суб берүүчү катары катышкандарга же жөнөкөй шериктештиктин катышуучуларына мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

3. Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/агент менен аффилирленген жактар болсо, берүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

4. Эгерде бир берүүчүнүн башкаруу органдарынын мүчөлөрү жана мүчөлөрү катышуучуларга, башка берүүчүнүн башкаруу органдарынын мүчөлөрү жакын туугандары жана жакын адамдары болсо, берүүчүлөргө бир сатып алууга катышууга тыюу салынат.

5. Орган сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу контрагын же берүүчү менен алкактык келишим түзө албайт:

− эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болсо;

− эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү сатып алуучу уюмдун/агенттин сатып алуу бөлүмүнүн жетекчисинин, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөсүнүн, кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болсо;

- эгерде аффилирленген жак болсо;

− эгерде бул сатып алууда анын сунушун даярдоо үчүн сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/агенттен жооп берген адам тартылса.

6. Орган сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирленгендиктин жоктугу жөнүндө ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат веб-порталда же электрондук каталогдо ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.

7. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган коррупция, алдамчылык, кутум жана мажбурлоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого тийиш.

8. Сатып алуучу уюм тарабынан ушул Нускаманын 3-6-пункттарында көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда мындай жөнөтүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш. Сатуучунун сунушун четке кагуунун себептери сатып алуу жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.

9. Берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 (эки) жумушчу күндөн кечиктирбестен сатып алуу документтеринин жоболору боюнча түшүндүрүүнү талап кыла алышат. орган сатып алуучу уюм/Агент 2 (эки) жумушчу күндөн кечиктирбестен веб–портал аркылуу мындай суроо-талапка жооп берет.

10. Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 (беш) жумушчу күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мында мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы мөөнөттөрдү узартуу жөнүндө бардык катышуучуларга автоматтык түрдө кабарлоолорду жөнөтөт.

11. Сатуучу төлөп берүүгө тийиш, жана сатып алуу документтеринде каралган өлчөмдө жана формада сунуштун кепилдик камсыздоосун төлөгөндүгү жөнүндө документалдык далилдерди тиркөөгө тийиш. Сунуштарды кепилдик камсыз кылуу сатып алуу документтеринде орган сатып алуучу уюм/Агент тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин күчүндө калууга тийиш.

12.Берүүчүнүн сунушунун кепилдик камсыздоосу төмөнкү учурларда кармалат:

эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан учурларды кошпогондо, мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар болгонго чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта, жеңүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартуу;

эгерде мындай кепилдик камсыздоону берүү сатып алуу документтеринде каралган болсо, контракттын аткарылышын гарантиялык камсыз кылуудан баш тартуу;

берүүчүнүн сунушун ачкандан кийин жана анын мөөнөтү бүткөнгө чейин анын сунушун кайтарып алуу;

сунуштарды ачкандан кийин берүүчүнүн сунуш шарттарын өзгөртүү.

13. Эгерде сатып алуу квалификацияга чейинки тандоо менен жүргүзүлгөн болсо, анда сатып алууну жүргүзүүдө орган сатып алуучу уюм/Агент квалификацияга чейинки тандоодон өткөн жеткирүүчүлөргө веб-порталдан сатып алуу жөнүндө документтерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул берүүчүлөр квалификацияга чейинки тандоо боюнча баштапкы арыздарда берилген маалыматты квалификацияга чейинки тандоо үчүн арыз берилген учурдан баштап бардык өзгөртүүлөрдү көрсөтүү менен тастыкташы керек.

14. Берүүчүлөр сатып алуу документтеринде белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештик жөнүндө маалымат берип, документалдык далилдерди тиркеши керек:

сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткарууда документтештирилген окшош тажрыйбанын болушу. Ырастоо үчүн, берүүчүлөр орган сатып алуучу уюм/Агент сураган мезгил жана сумма боюнча аткарылган контракттардын же кабыл алуу актыларынын көчүрмөлөрүн тиркеши керек;

чыгымдардын жоктугу жана финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу (орган сатып алуучу уюм/Агент сураган документтерди, балансты берүү, банктан көчүрмө ж. б. менен ырасталат);

Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бересенин берүүчү сунуш берген күнгө карата 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору эмес карызы жок. Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн-келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карыз жөнүндө маалымат. Берүүчүлөр резидент эместер катталган өлкөдөгү расмий органдардан сатып алууларга катышуу мезгилине маалымкат беришет;

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жок (кол коюлган кат түрүндө тастыкталат);

сатып алуучу уюм/агент тарабынан лицензиянын жана лицензиянын талап кылынган деңгээлинин болушу (эгерде иштин түрү лицензиялануучу болсо, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдин негизинде тараптар тарабынан лицензия өз ара таанылган учурда) тиркелген лицензиянын көчүрмөсүн берүү менен келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу; Контрактты аткаруу үчүн орган сатып алуучу уюм/Агент сураган материалдык-техникалык базанын болушу. Материалдык-техникалык базанын бар экендигин тастыктоо үчүн берүүчүлөр материалдык-техникалык базанын бар экендиги жөнүндө документтерди техникалык паспорттун көчүрмөсүн же контрактты аткаруу мезгилин жабуучу контрактты (келишимди) тиркөөгө тийиш;

зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу. Тастыктоо үчүн, берүүчү ар бир квалификациялуу адис сураган эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн тиркеши керек, келишимдер, жана дипломдун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү.

15. Контрактты ыйгаруу үчүн, берүүчү сатып алуу документтериндеги бардык белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

16. Эки же андан көп адамдан турган жөнөкөй шериктештикти тапшырган берүүчүнүн сунушу, эгерде квалификациялык талаптарда башкача каралбаса, төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

жетектөөчү өнөктөш сатып алуу документтеринде же квалификацияга чейинки документтерде белгиленген квалификациялык талаптардын кеминде 40 пайызына, ал эми калган өнөктөштөр 10 пайыздан кем эмес талаптарга жооп бериши керек.

жөнөкөй шериктештиктин мүчөлөрүнүн тажрыйбасы, жөнөкөй шериктештиктин ар бир өнөктөшүнүн финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жалпыланат жана сатып алуу документтеринде же квалификацияга чейинки документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына жооп бериши керек. Бул талаптарга жооп бербеген учурда, жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.

бир өнөктөш ар кандай өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшыруусу боюнча милдеттенмелерди алууга жана көрсөтмөлөрдү алууга ыйгарым укуктуу, ишеним кат менен тастыкталган алып баруучу болушу керек;

анда өнөктөштөрдүн ортосунда түзүлгөн келишим камтылышы керек, ал бардык өнөктөштөр үчүн мыйзамдуу күчкө ээ болушу керек. Контрактта контракттын шарттарына ылайык контрактты аткаруу үчүн бардык өнөктөштөр биргелешип жооп берери жана алдыңкы өнөктөш кандайдыр бир өнөктөштүн жана бардык өнөктөштөрдүн атынан жана тапшырмасы боюнча милдеттенмелерди алууга жана көрсөтмөлөрдү алууга укугу бар экендиги, ошондой эле келишимди аткаруу боюнча бардык операциялар, анын ичинде төлөмдөр башкы өнөктөш менен гана жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн;жөнөкөй шериктештиктен (консорциумдан) сунуш алдыңкы өнөктөш менен гана кол коюлушу керек;сунуш веб-порталда алдыңкы өнөктөштүн жеке кабинетинен гана берилет, жөнөкөй шериктештик келишими менен аныкталат.

17. Шериктештиктин (консорциумдун) сунушу жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда, сунуш четке кагылууга тийиш.

18. Ар бир берүүчү бир гана сатып алуу арызын бере алат - өз алдынча же жөнөкөй шериктештиктин курамында. Эгерде катышуучу бирден ашык сунуш берсе - же өз алдынча же жөнөкөй шериктештиктин курамында-ушул берүүчүнүн катышуусу менен бардык сунуштар четке кагылат.

19. Сатып алууну биринчи этапта сүйлөшүүлөр менен чектелбеген ыкма менен жүргүзгөн учурда, сатып алуучу уюм/Агент:

сатып алуунун биринчи этабы үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү гана белгиленет, ошондой эле жөнөтүүлөрдүн шарттары, квалификацияга талаптар белгиленет. Берүүчүлөрдөн техникалык сунушту гана тапшыруу талап кылынат;

биринчи этапта сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр менен техникалык мүнөздөмөлөрдү, аткаруу методикасын өзүнчө же жөнөтүүчүлөр менен биргеликте талкуулайт жана бардык Берүүчүлөргү ушундай талкууларга бирдей шартта катышуусун камсыз кылат. Эгерде биргелешкен талкууларды өткөрүү берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниеттүү атаандаштыкка тоскоол болсо гана, ар бир берүүчү менен өзүнчө талкуулоого уруксат берилет;

биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн орду, датасы жана убактысы жана сүйлөшүүлөрдүн маңызы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;

эгерде биринчи этаптагы сунушту берүү мөөнөтү аяктаганда бир гана сунуш берилсе же бир дагы сунуш берилбесе, сатып алуу ишке ашкан жок деп таанылат;

экинчи этапта, сатып алуучу уюм/Агент веб–портал аркылуу сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди биринчи этапта четке кагылбаган сатуучуларга жөнөтөт жана сатып алуу документтери жөнөтүлгөн күндөн тартып сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн 10 жумушчу күндөн кем эмес белгилейт;

баштапкы сунуштары биринчи топтомдо четке кагылбаган бардык сатуучуларга акыркы сатып алуу шарттарын эске алуу менен акыркы техникалык жана каржылык сунуштарды берүүнү сунуш кылат.

20. сатып алуучу уюмга/Агентке сатып алуу предметин өзгөртүүгө тыюу салынат, бирок сатып алуу предметинин сыпаттамасынын аспектилерин төмөнкүлөр аркылуу тактоого уруксат берилет:

сатып алуу предметинин баштапкы көрсөтүлгөн техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн кайсы болбосун аспектисин алып салуу же өзгөртүү жана Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы мүнөздөмөлөрдү кошуу;

эгерде бул критерийлер сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө тиешелүү болсо, сунушту карап чыгуу же баалоо үчүн, же Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы критерийлерди алып салуу же өзгөртүү;

ар кандай четтетүү, өзгөртүү же кошуу жөнүндө билдирүүлөр акыркы сунуштарды берүү.

21. Сатып алуунун жеңүүчүсү деп эки этапка тең катышкан жана контрактты аткаруунун мыкты шарттарын сунуш кылган жөнөтүүчү таанылат.

Сунушту даярдоо жана берүү

22.Берүүчүлөр сатып алуу документтеринде камтылган бардык шарттарды жана көрсөтмөлөрдү карап чыгышы керек. сатып алуучу уюм/Агент тарабынан суралган маалыматтын жоктугу үчүн жоопкерчилик берүүчүгө жүктөлөт жана сунушту четке кагуу үчүн негиз болуп саналат.

23. Тапшыруу үчүн, берүүчү өз сунушун даярдайт:

- берүүчүнүн сунушу, ошондой эле бул сунушка тиешелүү бардык кат-кабарлар жана документтер сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде түзүлүшү керек. Эгерде сунушка башка тилдеги документтер (сертификаттардын көчүрмөлөрү, техникалык документтер, жарнамалык продукция ж. б.) тиркелсе, анда мындай документтерде сатып алуу жөнүндө документтердин тилинде күбөлөндүрүлгөн котормолору болушу керек;

24. мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине акча каражаттары болгон учурда сунушту кепилдик камсыз кылууну киргизет.

25. Техникалык жана каржылык сунушка кирген документтер.

Техникалык сунуш төмөнкүлөрдү камтыйт:

техникалык сунуштун мөөрү жана колу коюлган толтурулган формасы;

Техникалык өзгөчөлүктөр менен чыгымдалуучу материалдардын баасы жок чыгымдалуучу материалдардын таблицасы

сатып алуучу уюм/агент тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун тастыктаган документтер менен толтурулган "Квалификация жөнүндө маалыматтар" (стандарттык формага ылайык) квалификациясы жөнүндө маалымат;

− эгерде сунушка ишкананын жетекчиси кол койсо, анын ыйгарым укуктарын тастыктаган уюштуруу документтеринин жана аны дайындоо жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет;

- Курулуш этаптарына бөлүнгөн жумуштарды өндүрүү графиги жана учурдагы оңдоо иштеринин мөөнөтү;

- сунушка кол коюу укугуна ишеним кат, жеткирүүчүнүн атынан милдеттенмелерди кабыл алуу ыйгарым укугун тастыктаган жак кол койгон учурда;

- сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде каралган өлчөмдө жана формада сунушту кепилдик менен камсыз кылуу.

Финансылык сунуш:

- финансылык сунуштун толтурулган формасы, мөөрү жана колу менен;

- иштин ар бир түрү жана көлөмү боюнча өзүнчө баалары бар иштердин көлөмүнүн толтурулган ведомосту,

- бардык салыктарды жана чыгымдарды эске алуу менен бардык түрдөгү баалар менен чыгымдалуучу материалдардын таблицасынын толтурулган формасы

- Смета-иштин жалпы наркы.

26. Сунуштардын баасы:

1) Жумуштардын көлөмүнүн ведомостунда, чыгымдалуучу материалдардын таблицасында Берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн баалар, жумуштарды аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды, Берүүчү тарабынан төлөнгөн салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды камтууга тийиш.

2) Берүүчү тарабынан сунушталган баалар, сунуштун иш аракетинин жана Контрактты аткаруунун бардык мөөнөтүнүн ичинде белгиленген боюнча калууга тийиш жана кандай кырдаал болбосун алмаштырылууга тийиш эмес. Баанын өзгөрүшүнө жол берген сунуш сатып алуу тууралуу документтин негизги шарттарына жооп бербеген катары каралат жана четке кагылат.

27. Сунуштун валютасы жана төлөмдөр:

- баалар сатып алуу тууралуу документтерде каралган валютада көрсөтүлүүгө тийиш;

- эгер келишим боюнча акы төлөө эквиваленттүү чет өлкөлүк валютанын суммасында улуттук валютада жүргүзүлсө, анда аткарылган жумуштар үчүн акы төлөө Берүүчүгө, акы төлөө күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген тийиштүү валютанын расмий курсу боюнча же Контрактта белгиленген курс боюнча Кыргыз сомунда жүргүзүлөт.

27. Сунуштун иш аракетинин мөөнөтү:

3) Табыштама сунуш жарактуу болушу керек жана өзгөртүлүүгө мүмкүн эмес, же Берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кайра чакыртылып алышы мүмкүн.

4) Эгер, Контракттын баасы жана кол коюу сунуштун иш аракетинин мөөнөтүндө аякташы мүмкүн эмес, сатып алуучу уюм/Агент Берүүчүлөрдөн алардын сунушунун иш аракетинин мөөнөтүн веб-портал аркылуу белгилүү бир мезгилге узартууну өтүнүү укугуна ээ. Берүүчү, бул учурда сунуштун кепилдигин камсыздоону кайтаруу укугун жоготпостон өзүнүн сунушунун иш аракетинин мөөнөтүн узартуу өтүнүчүнөн баш тартууга укуктуу. Эгер, сунуштун кепилдигин камсыздоо банктык кепилдик же аккредитив формасында берилсе, Берүүчүгө мурда берилген кепилдикти (аккредитив) узартуу жөнүндө банкка тастыктама же Сунуштун иш аракетинин узартылган мөөнөтүн эске алуу менен жаңы сунуштун кепилдигин камсыздоону берүү зарыл.

29. Техникалык сунуш кандайдыр бир финансылык жардамды камтууга тийиш эмес.

Финансылык сунуш

30. Финансылык сунуш жумуштардын ар бир түрү жана көлөмү боюнча бирдей баа менен жумуштардын көлөмүнүн толтурулган ведомостун, чыгымдалуучу материалдардын таблицасын, алардын көлөмү жана баасы (стандарттык формага ылайык) менен камтууга тийиш, жумуштарды аткарууга байланыштуу бардык чыгымдарды, Берүүчү тарабынан төлөнүүчү салыктарды, алымдарды жана жыйымдарды, ошондой эле Контрактта көрсөтүлгөн башка келишимдик милдеттенмелерди аткарууну камтууга тийиш;

Сунуштарды ачуу

31. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы сатып алуу тууралуу документте көрсөтүлгөн сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин сунуштарды автоматтык түрдө ачууну жүргүзөт.

32. Чектелбеген эки пакеттик ыкмада сунуштарды ачуу 2 этапта жүргүзүлөт:

- биринчи этапта, квалификациялык жана техникалык сунуштар менен Берүүчүнүн бардык келип түшкөн техникалык сунуштары ачылат;

- экинчи этапта, квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи этаптан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 5 жумуш күн өткөндөн кийин ишке ашырылат.

33. Экинчи этапта веб-портал сатып алуу тууралуу документте көрсөтүлгөн сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин, дароо эле акыркы сунушту ачууну жүргүзөт.

34. Сунуштарды ачуу протоколу, сунуштар автоматтык түрдө ачылгандан кийин дароо эле веб-порталдын башкы бетинде болот.

Конфиденциалдуулукту сактоо жана сатып алуучу уюм/Агент менен байланыш

35. Сунуштарды, ошондой эле Контрактты ыйгаруу боюнча сунуштамаларды кароого, баалоого жана салыштырууга тиешелүү маалыматтар конфиденциалдуу маалымат болуп саналат жана сатып алуучу уюм/Агент тарабынан мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында сатып алуулардын жыйынтыгы жарыяланмайынча жайылтылууга тийиш эмес.

Сунуштарды баалоо

36. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо Мыйзамга жана сатып алуу тууралуу документте белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык ишке ашырылат.

37. Баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон учурларда, сатып алуучу уюм/Агент веб-портал/электрондук каталог аркылуу өз сунуштарын берген бардык Берүүчүлөргө сунуштардын иш аракетинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө милдеттүү. Өз сунуштарынын иш аракетинин мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр бул макулдукту веб-портал аркылуу өз сунушун өзгөртпөстөн берүүгө тийиш, ошондой эле сунуштардын кепилдигин камсыздоонун колдонуу мөөнөтүн узартууга тийиш.

38. Берүүчүлөр сунуштардын иш аракетинин мөөнөтүн узартпоого укуктуу, бул учурда алардын сунушу четке кагууга жатпайт.

39. сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоонун жүрүшүндө берүүчүдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмө берүүнү сурашы мүмкүн. Түшүндүрүү жөнүндө бардык суроо-талаптар жана аларга жооптор веб-портал аркылуу берилет.

40. сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн сунушун баалоонун баллдык же стандарттык системасы боюнча баалайт. сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу тууралуу документте «Атайын талаптарда» баалоо системасын көрсөтөт. Баалоонун баллдык системасы пайдаланылган учурда, сатып алуучу уюм/Агент кириш баллынын чоңдугун көрсөтөт.

- Баалоодо, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушунун сатып алуу тууралуу документтердин белгиленген талаптарына өтө (олуттуу) ылайык келбегендигинен сунушту четке кагат. Мындай олуттуу четтөөлөргө:

- Берүүчү “ак ниет эмес” берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында болушу;

- Берүүчүнүн салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан көп карызы бар;

- Берүүчүнүн сунушунун кол коюлган формасынын жоктугу, контракттардын жана / же аткарылган иштердин актыларынын көчүрмөлөрү (эгер документтер талап кылынса);

- маанилүү эксплуатациялык параметрлердин же башка талаптардын эквиваленттүүлүгүн камсыз кылбаган башка конструкция же продукция сунуш кылынганда техникалык шарттарды аткарбоо;

- берүүчүнүн алдын ала төлөө жөнүндө талабынын болушу, документтерде аткаруу фактысы боюнча төлөө талабы белгиленген;

- курулушка жана учурдагы оңдоого контракт боюнча жумуштарды баштоонун графиги талап кылынган (акыркы) датага же жумуштун жүрүшүндө контролдук көрсөткүчтөргө дал келбөө;

- документтери квалификациялык талаптарга жооп бербеген субподрядчыларды тартуу;

- колдонулуучу укуктар, салыктар жана алымдар, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболору сыяктуу маанилүү жоболорго каршы келүү.

- Берүүчүнүн сунушунун кепилдигин камсыздоону (80%дан кем) толук бербөө, ошондой эле сунуштун кепилдигин камсыздоону документте талап кылынган форма боюнча бербөө;

- берүүчүнүн сунушунун иш аракетинин мөөнөтү сатып алуу тууралуу документте талап кылынган мөөнөттү ж.б. жаппаган учурлары кирет.

42. Баалоонун балл системасында баллдар: жумуштардын бирдей түрлөрү, финансылык ресурстардын болушу, берүүчүнүн негизги кызматкерлеринин квалификациясы жана техникалык жабдылышы, техникалык талаптарга ылайыктуулугу жана суралган сертификаттардын, декларациялардын ж.б. болуусу боюнча аткаруунун тастыкталган тажрыйбасы үчүн ыйгарылат.

43. Эгер, берүүчү толук көлөмдө коюлган талаптарга ылайык келген учурда ага бул критерий үчүн максималдуу мүмкүн болгон балл ыйгарылат.

44. Эгер, берүүчүнүн сунушунда олуттуу эмес четтөөлөр болгон жана берүүчү коюлган талаптарга толук көлөмдө ылайык келбеген учурда, ага ылайык келүү деңгээлине пропорционалдуу балл ыйгарылат.

45. Веб-портал квалификациялык жана техникалык талаптарга (70 балл) ылайыктуулугун баалоо этабында минималдуу өтүү баллына ээ болгон берүүчүлөрдүн финансылык сунушун ачууну жүргүзөт, Мыйзамдын 25-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан ачылат.

46. Эгер, берүүчүнүн баалары ар кандай валютада берилсе, сунушту баалоо үчүн баалар, баа сунуштарын ачуу күнүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валютанын курсун пайдалануу менен, веб-порталда бирдиктүү валютага (сом) которулат.

47. Кыйла төмөн баа менен баалык сунуштарга веб-портал 100 балл ыйгарат. Калган берүүчүлөрдүн сунуштарына ыйгарылуучу баллдар веб-порталда төмөнкүдөй түрдө эсептелет:

Б = 100 x Цmin / Ц, мында:

Цmin – сунуштардын эң аз баасы;

Ц – берүүчүнүн сунушунун баасы.

Цmin коэффициенттери жана Ц бирдиктүү валютада билдирилүүгө тийиш.

48. Берүүчүнүн баалык сунушу сатып алуунун пландалган суммасынан ашкан учурда, веб-портал анын сунушун четке кагат жана бул маалыматты сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна киргизет.

49. Сатып алууга бир берүүчү гана катышкан учурда, эгер, анын баалык сунушу сатып алуунун пландалган суммасынан ашпаган учурда, веб-портал бул этапта ага 100 балл ыйгарат.

50. Акыркы баалоо, веб-портал аркылуу төмөнкүдөй жүргүзүлүүгө тийиш, баалоонун экинчи этабы үчүн баллдардын суммасы берүүчүнүн баасын баалоо үчүн баллдын суммасы менен кошулууга тийиш.

51. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколу сунуштарды акыркы баалоо аяктагандан кийин дароо веб-порталда система тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт жана жарыяланат.

52. Сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

Контракты ыйгаруу тууралуу билдирүү. Контракттарды электрондук форматта түзүү

53. Сатып алуу жол-жобосунун протоколу жарыялангандан кийин веб-портал автоматтык түрдө сатып алуунун жеңүүчүсүнө контрактты ыйгаруу тууралуу билдирүү жөнөтөт. Жеңүүчү деп аныкталган берүүчү, сатып алууларды чектөөсүз, чектөө ыкмасы менен жүргүзүүдө үч жумуш күндүн ичинде, ал эми ал котировкаларды сурап алуу ыкмасы менен - бир жумуш күндүн ичинде жүргүзүүдө, аны жеңүүчү деп таануу тууралуу билдирүүнү тастыктоого тийиш.

54. Белгилүү бир жеңүүчүлөргө билдирүү тастыкталбаган же баш тарткан учурда, сатып алуучу уюм рейтинг боюнча экинчи орун ээлеген берүүчү менен контракт түзүлүшү мүмкүн.

55. Жеңүүчү, контрактты ыйгаруу тууралуу билдирүүнү тастыктагандан кийин контракттын аткарылышына кепилдикти камсыздоого жана контрактка кол коюуга тийиш.

Сатып алуунун жеңүүчүсү, Мыйзамдын 50-беренесинин 6-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине контракттын аткарылышынын кепилдик камсыздоосун берүүгө тийиш.

Контракттын аткарылышын гарантиялык камсыздоо контракттын аткарылышын кепилдеген декларация формасында сатып алуучу уюмдун/агенттин атына берилет.

Антидемпингдик чаралар колдонулган учурда, Мыйзамдын 24-статьясына ылайык контракттын аткарылышын гарантиялык камсыз кылуунун өлчөмү сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн бир жарым эсеге көбөйөт, ал акчалай түрдө гана берилет.

56. Келишим электрондук жана/же жазуу жүзүндө берүүчүнүн сунуш шарттарында түзүлөт жана Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Келишимге кол коюуда квалификациялуу электрондук кол тамга колдонулат.

Похожие тендеры

Название Тип тендера Цена Период показа
Запрос котировок
#271847594
100 000
Обеспечение контракта:
2%
2 дня
29.04.2024
10.05.2024
Запрос котировок
#271872266
24 900
Обеспечение контракта:
2%
2 дня
30.04.2024
10.05.2024
Запрос котировок
#272111851
36 800
Обеспечение контракта:
0.5%
2 дня
06.05.2024
10.05.2024

Тендеры из отрасли Бытовая химия

Название Тип тендера Цена Период показа
Малая закупка
#271702103
срок истек
26.04.2024
02.05.2024
Запрос котировок
#271701951
400 987
4 дня
26.04.2024
13.05.2024
Электронный аукцион
#271701919
59 964
3 часа
26.04.2024
08.05.2024
Запрос котировок
#271701905
34 160
7 часов
26.04.2024
08.05.2024
Запрос предложений
#271701901
80 166
срок истек
26.04.2024
26.04.2024

Тендеры из региона Талас

Название Тип тендера Цена Период показа
Запрос котировок
#271699289
20 000
Обеспечение контракта:
2%
срок истек
26.04.2024
06.05.2024
Не определен
#271678819
200 000
Обеспечение контракта:
2%
срок истек
26.04.2024
03.05.2024
Запрос котировок
#271666708
55 844
Обеспечение контракта:
1%
срок истек
26.04.2024
06.05.2024
Запрос котировок
#271663556
50 400
Обеспечение контракта:
2%
срок истек
26.04.2024
06.05.2024
Запрос котировок
#271663553
320 245
Обеспечение контракта:
2%
срок истек
26.04.2024
06.05.2024